Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НИГЕРИЯЛЫК МУГАЛИМ БИШКЕКТЕ МУШТУМДАН АЖАЛ ТАПТЫ

№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун аймагында чет элдик жаран сабалган видео тарады. Видеодон муштумдан алган жаракатынан улам жаран жерде сулап жатканын көрүүгө болот. Жабырлануучу ооруканада 3 күн эс-учу жок жатып каза болуп калды. Маркумдун нигериялык экени, ал Кыргызстанда тил үйрөтүү боюнча мектеп ачып 20 жылдан бери биздин өлкөдө жашап келген Али Абубакар аттуу адам экени аныкталды.

Маркум 20 жылдан бери кыргыз жергесинде жашайт. Ал “Cambridge School” тил үйрөтүүчү мектебинин директору болгон. Жогорку окуу жайды да Кыргызстандан аяктаган. Аны курсташы, алып баруучу Назира Айтбекова төмөнкүдөй эскерди.

“БИРӨӨГӨ ЗЫЯНЫ ЖОК АДАМ БОЛЧУ”

– Мен Али менен 2002-жылдан бери таанышмын. Ал экөөбүз азыркы Тунгуч кичи районундагы Эл аралык “Ататүрк-Ала-Тоо” университетинде чогуу окуганбыз. Окууну бүткөндөн кийин “Cambridge School” билим берүү борборуна директор болуп иштей баштады. Ошол учурда окуу жайдын жарнама бөлүмүнө видео-ролик тартууда, жарнама кылууда чогуу иштеп калдык.

Адамдык сапаты тууралуу айтсам, бирөөгө зыяны жок, тынч жүргөн адам болчу. Шектелип жаткан жаран “мени оозго алгыс сөздөр менен сөктү” деп айтып жатыптыр. Мен Алини билем, ал андай жолго барбайт болчу. Алинин үй-бүлөсү бар, эжеси менен апасы таап берген кызга үйлөнүп, аялы экөө балалуу болушкан. Акыркы жолу жолукканда Али үй-бүлөсүн Нигерияга жибергенин айткан.

Нигериялык жаранды сабады деп шектелген жаранды суракка алышканда, ал өз көрсөтмөсүн төмөнкүдөй билдиргенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады:

– Шектүү 2-июль күнү шаардын “Чынар” соода түйүнүнүн жанынан өтүп бара жатып телефону менен интернет аркылуу түз эфирде достору менен сүйлөшүп бара жаткан. Ошол учурда чет өлкөлүк жаран келип видеого тартпоону өтүнгөн. Шектүү аны телефонго тартпай эле имаратты тартып жаткандыгын түшүндүргөн. Кармалган адамдын айтымында, маркум Али Абубакар аны видеого тартпа деп сөккөн. Шектүү ачууланып, аны чаап жиберген. Тийген соккудан улам ал эс-учун жоготуп жерге жыгылган.

Кылмыш жана жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 138 (адамдын ден соолугуна атайылап залал келтирүү) беренесинин негизинде шектелип жаткан 22 жаштагы жаран эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды, тергөө иши уланууда. Ошондой эле шектүү менен түз эфир аркылуу сүйлөшкөн адамдар да суракка алынды, тиешелүү көрсөтмөлөрүн беришти. Алар чет элдик жарандын улутуна же расасына байланыштуу жаман сөз айткан эмес деп көрсөтмө беришти.

Маркум Али Абубакардын Кыргызстандагы досу Саламат Шадыкановду таап байланыштык.

“ДОСУМДУ КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕРГЕ БЕРДИК”

– Али үй-бүлөсүндө төрт эркектин улуусу болчу. Өзүнүн бир кызы бар. Али менен 2003-жылы таанышкам. Ошол кезде ал “Ататүрк-Ала-Тоо” университетинин туризм факультетине тапшырып, окуп калды. Нигериядан келген Ахмед, Саид деген балдар болуп жатаканада чогуу жашап калдык. Алиге Кыргызстан абдан жаккан, менин да ата-энеме жакын болуп калган. Окуу жайды бүткөндөн кийин Нигериядан келген балдар “Кыргызстанда ким калат, ким кетет?” деп жатып, Али биздин өлкөдө калууну чечкен.

Али 2008-жылы тил үйрөтүү курс ачты. Анда да мага келип бир тууганындай кайрылып, акча каражатынан жардам берүүнү өтүнгөн. Биз колдон келген жардамыбызды бергенбиз. Алинин мүнөзү өтө сабырдуу болчу, анын жанында мен көбүрөөк жинденет элем. Ошентип Алинин окуу борбору өнүгүп, популярдуулук топтой баштады. Жумушуна барып калсам ордунан тура калып тосуп алчу. Акыркы жолу май айында сүйлөшкөндө Нигерияда жүргөнүн айткан. Окуя болгондо мен социалдык тармактар аркылуу көрүп Али экенине ишенген эмесмин. Анткени аны май айында Нигерияга кеткен боюнча келе элек деп ойлоп жүргөм. Эртеси таң атпай саат алтыда Нигериядан Алинин инилери чалып окуя тууралуу сурап калышты. Мен алардын суроосуна так жооп табуу үчүн ооруканага бардым. Көрсө, кырсыктаган чын эле менин досум Али экен.

Ооруканада эки күн эсине келеби деп күттүк. Тилекке каршы, аны шум ажал алып кетти. Нес болуп отуруп калдык. Дароо Алинин туугандарына телефон чалып сөөгүн кайда коёрду сүйлөштүк. Алинин туугандары ислам динин бекем кармагандыктан, Кыргызстанга эле коё бергиле деп калышты. Ошентип Алини бул жактан жерге бердик.

Мен шектелип жаткан жаранга жазасын толук бериш керек деп ойлойм. Себеби бул окуя бир сокку менен маселени чечем дегендер үчүн сабак болушу керек.

Али Абубакар Бишкектеги престиждүү тил үйрөтүүчү мектептин негиздөөчүсү катары эсибизде калат. Анын өлүмүнө шектелип кармалган жаранга салыштырмалуу, балким, маркум өлкө үчүн көбүрөөк пайда алып келсе керек. Ал ачкан мектептин артынан казынага канча салык төлөнүп, канчалаган балдар жана жарандар тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону эле мактоого татырлык эмгек.

Мундуз Нурланбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
15.07.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тырышкан чала спортиктер толуп кетти го ёпта
15.07.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Эми ошол негр тирилип кетпейт да , кыргыз камалса эле.кокус эртең согуш башталса ошондой бир муш менен өлтүргөн кыргызга зар болобуз!эми өлтүрбөй жүр деп эскертип камабай эле койсо...
15.07.2019. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Flowhive,негрди олтургону учун койо беришсе эртен кыргызды деле олтурот мындай озун башкара албаган немелер.закон баарына бирдей негр дагы биз дагы кудай алдында бирдей адамбыз.
15.07.2019. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Өз агасын агалай албаган,жат бирөөнү сагалайт болбогула.....
16.07.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмнеге бул жерде баары негрди мактап колдоп жатышат? А эмнеге кыргыз баланын дос тааныштарынан ал бала жонундо сурап характеристика албайсынар?
18.07.2019. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02,Анткени ал киши олтурду. Сенин бир тууганынды бир удар менен олтуруп койгондо ушинтип жазбайт элен.
20.07.2019. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,ал бала озун корсотту, досторунан характеристика кереги жок. Сабыры жок, озун кармай албаган, эч бир баалулуну жок, бул жашоодо озун жоготкон айбан катары озун корсотту. Мени сокту деп актанган келесоо! Б
19.07.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобооо акылынарга береке. Адам олтургонду колдогондор коп экен э?? Тобооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо