№404 30-июль - 5-август, 2010-ж.
– Баткен тарапта жеке концертимди берип жатканда бир эмес, эки жолу чоң “облом” болгом. “Сахнада ушул концерттин күнөөкөрү Сема” деп алпаруучу жарыялап калды. Мен көрүүчүлөрдү дуулдата кол чаптырайын деп “кана, дагы катуураак чабабыз” деп абдан сүрөдүм. Эл дагы дуулдата кол чаап калды. Бир кезде жакшы эле микрофонду колго алып, кыймылдарымды баштайын десем, Сапардын “Коштошуу” деген жай ыры жаңырып калса болобу. Көрүүчүлөр түшүнбөй эле мени тиктеп калышты. Анан ачыгын эле айтып, абалдан чыктым. Ичимден операторлорду сөгүп алдым. Ошол эле гастролумда мен кийинип чечингиче алпаруучу чакырып, музыкам жаңырып калып жатпайбы. Чуркап эле сахнага чыктым. Шымым шыпырыла баштаганда гана курумду унутуп койгонумду эстедим. Ырым шаңдуу болчу же бийлей албайм десең. Ашыкча кыймылдасам эле шымым шыпырылчудай. Ошентип, ырымдын аягына чыкканча шаштым кеткен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |