Мирбек Иманбеков: «АГАМДЫН АРТЫНДА 4 ЖАНА 2 ЖАШТАГЫ КЫЗДАРЫ КАЛДЫ»

№872 18-24 июль, 2019-жыл

Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы сууга чөгүп каза болду. 41 жаштагы Кылычбек Иманбековдун жансыз денеси 10-июль күнү Талас шаарындагы каналдан табылган. Анын денесинде күч колдонуунун белгилери болгон эмес. Маркумдун сөөгү 15-июль күнү жерге берилди. Агасынан айрылып кабыргасы кайышып турган ырчы бир тууганын мындайча эскерет:

– Агам Талас шаарында жашачу. Үйүнөн алыс эмес жердеги каналга сууга түшүптүр. Ал жерге мурда деле түшүп жүрчү дешти. Үстү жабык, түтүккө окшогон узун лоток бар болчу экен. Суу көп болгондуктан агамды ошол лотокко тартып кетиптир. Анын экинчи башынан чыкканга чейин дем жетпей каза болуптур. Кырсык деп жатабыз. Буга чейин да ал жакта кырсыктар катталып турчу деп уктук. Агамдын сууда агып келатканын эки бала көрүп калып, суудан чыгарып карашса, үзүлүп кеткен экен. Ал балдар милицияга кабар берип, агамдын жанында эч кандай документтери жок болгондуктан милиция маркумдун жакындарын издешкен. Алар алгач карындашымды таап чалышкан экен. Биз карындашымдан уктук.

Үй-бүлөбүздө орду толгус жоготуу болду. Азыр баарыбыз кыйналып, жаман абалдабыз. Кылыч агам эң жакшы адамдык сапаттарга ээ, эч кимге катуу сүйлөбөгөн, көңүлүн оорутпаган бир мүнөздүү адам болчу. Ал чыгармачылыкка жакын эле. Мага аккордеон ойногонду үйрөтүп, мени музыка дүйнөсүнө аттанууга шыктандырган ушул агам болгон. Техниканы да, курулуш тармагын да жакшы түшүнчү. Анын колунан баары келчү. Убагында күлүк таптап чаап, байгелерге ээ болгон. Үйгө чогулуп калсак, маанайыбызды көтөрүп тамашаларын айтып куудулданган да Кылыч агам эле. Кырсык экен, айла жок. Агам 41 жашта эле, артында жубайы, 4 жана 2 жаштагы кыздары калды.

Гезиттин жалпы жамааты Мирбек Иманбековго жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
22.07.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун!
24.07.2019. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо