«ХАВАНА», МОХОМБИ БАШТАГАН ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЛДЫЗДАР ЫСЫК-КӨЛДҮ ШАҢГА БӨЛӨШӨТ

№872 18-24 июль, 2019-жыл

Жайкы эс алууңузду шаңдуу жана эсте каларлык өткөрүүгө сизге дүйнөлүк жылдыздар жардамга келет. 1-августтан 3-августка чейин сиздин күндөрүңүздү “Хавана” тобу, Сей Мо, Сэм Космо, Меркури Кашалот, Мохомби, DJ Софа, Аско жана башка жылдыздар катышкан концерт кооздойт. Концерт Asia Session-2019 эл аралык музыкалык фестивалынын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында өтөт. Иш-чарадан эмне өзгөчөлүктөрдү көрө аларыбызды уюштуруучулардын бири Даурен Камшибаев айтып берди:

– Биринчиден, мындай жылдыздар биринчи жолу Кыргызстандын аймагында бир аянтта жолугушат. Алар гана эмес, концертте жаш аткаруучуларга өз өнөрлөрүн сахнадан көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Концерттен тышкары, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси орун алат. Өнөрлүүлөр элдин алдында өнөрлөрүн көрсөтүп гана тим болбостон, мастер-класстарды өткөрүшөт. Дагы кызыктуу бөлүк – цирк өнөрпоздорунун шоусу. Негизги максатыбыз – кыргыз маданиятын көтөрүү, Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын туризмин өнүктүрүү. Ошол себептүү иш-чарага көбүнчө Орто Азиядагы ырчыларды чакырып жатабыз. Кийинки жылдардан, буюрса, канатыбызды Кытай, Корея, Япония, Индонезия, Малайзия, Сингапурга чейин жаябыз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо