Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрнис Айдаралиев, модель: “КЫЗСАЙКАЛ ЭКӨӨБҮЗДҮН МАМИЛЕБИЗГЕ МЕН ЧЕКИТ КОЙДУМ”

№872 18-24 июль, 2019-жыл

Өткөн сандарыбызда ырчы Кызсайкал Кабылова маек берип, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн айткан эле. Кыргыздар бирөөнүн жашоосун талкуулаганга келгенде алдыга киши салбайбыз да, түрдүү талкуулар болду. Теманы улай ырчынын мурунку жолдошу Эрнис Айдаралиев менен маектештик. Каарманым модель, актёр, жеке ишкер жана эң негизги статусу ата экенин айтып берди.

– Эрнис, кыргыз коомчулугу жигиттин модель болгонуна жатыркоо менен, кээде шектүү карашат, бул кесипке кантип ээ болуп калдың?

– Башында спорт менен алек болуп жүрдүм. Самбо, грэпплинг менен машыкчумун. Спорт залда машыгып жүргөн учурумда моделдик агенттиктин биринен сунуш түшүп калды, бардым. Мага бул кесипти түшүндүрүп беришти. Ал жылдары модель эле эмес, профессионалдуу сүрөткө түшүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Макул болдум. 9-класста окуган балага, биринчиден, кызык болду, экинчиден, акча төлөп бере турган болушту. Көпкө чейин кесипти жакшы түшүнө албай жүрдүм. Модель десе эле сөзсүз жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүү деп элестетпеш керек. Мисалы, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип түшүрүп элге жайылтса болот. Мен эч качан өбүшүп, кучакташып, жарым жылаңач сүрөткө түшкөн эмесмин, түшпөйм дагы. Эч бир жерде окуган жокмун, бул чөйрөдө деле көпкө иштей элекмин. Мен үчүн моделдик – хобби. Анын аркасынан клиптерге тартылууга сунуштар түшүп калды. Мага көбүнчө актёрдук жагат. Ал эми чыныгы багытым, нан таап жеген кесибим – ишкердик. Моделдик чөйрөдө клиптерге тартылып жүрүп, байкасам, баары эле сапаттуу костюм издешет экен. Идея ошол жактан жаралып, костюм саткан дүкөн ачтым.

– Интернет жашообузду бийлеп алды десек болот, сенин жашооң канчалык социалдык баракчаңа байланган?

– Азыр баракчадагы катталуучулардын санына карата аброй күтүп калган заман. Ошого карап деле мамиле түзүлчү болду. Бир убакта менин Инстаграмдагы баракчамды бузуп кетишкен. Ишенсеңиз, жанымда эле жүргөн адамдар жок болуп кетишти. Анда жаш жигит болчумун, ушунчалык катталуучуларымды көбөйткүм келди, бир күндө 3-4 сүрөт киргизип калдым. Атайы эл көбүрөөк көңүл бура турган сааттарда сүрөт киргизчүмүн. Ошентип топтогом. Азыр бул оору менен оорубайм. Бирок мен деле эл катары көз карандымын.

– Кандай үй-бүлөдө туулуп-өстүң?

– Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Алайдан, апам Өзгөндөн болот. Мен ата-энемдин биринчи уулумун, менден кийин иним жана карындашым бар. Ошол жылдары кыргыздын баары эле чет жакка иштеп кетишпеди беле, апам менен атам мени таенемдин колуна таштап коюп, чет өлкөгө иштеп кетишкен. Балалыгым таенемдин колунда өттү. Кийин келип жеке иш баштап, ата-энем азыр ошол иштери менен алек. 1 жашымдан 8 жашыма чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Бишкекте жашап калды, алардын колуна келдим.

Спорт менен машыгып калганыма Алмаз деген таякем себеп болду. Кичине кезимде эле мага өзү билгендерин үйрөтүп, бир жыл машыктырды. Андан кийин спорт залга алып барды. Такси ал кезде 5 сом эле. Кароол деген айылдан Өзгөн шаарына барып машыгып турдум. Башында грек-рим күрөшү менен машыгып, анан самбого өттүм. Кийин грэпплингден катуу жаракат алып, токтотууга аргасыз болдум. Анын үстүнө үйлөнүп да калдым. Адатта мектептен кийин жогорку билим алуу керек го, мен көп жерлерге барып окуганга аракет кылдым, бирок ал жактан ийгилик жарата албадым. Кесипке ээ болуш керек деп өзүмдү көп эле кыйнадым, бирок болбоду. Көбүрөөк спортко кызыгып туруп алдым.

– Кел, эми Кызсайкал тууралуу сүйлөшөлү...

– Кызсайкал 17 жашында, мен 18 жашымда таанышканбыз. Таанышканда анын ырчы экенин, атасы Кабыл Бөрүбаев, Мажиттин карындашы экенин билген эмесмин. Кийин билдим. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көбү эле мени “жаш үйлөнүп алып, турмушту билбей ажырашып кетти” деп айтып жатат. Бирок мен ал учурда үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр болуп үйлөнгөм. Токтолуп калган, жоопкерчиликти ала турган эле жигит болчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, 1 жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түштүк.

– Акыркы чекитти ким койду?

– Элдешели деп көп аракет кылдым, бирок болгон жок. Өзүңөр күбө болгондой, 600дөй адамды чакырып той да бергенбиз, ажырашып кетем деген ой такыр болгон эмес. Албетте, оор болду. Чынын айтсам, эзилип жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Акыркы чекитти мен койдум. Көбү эле ушул теманы айтып, сайттар, гезиттер “бул тууралуу комментарий бер” деп тажатып салышты. Мен эч бир учурда Сайкалды жамандабайм. Жакшы кыз, бактылуу болуусун каалайм. Башка эч нерсе дегим келбейт.

– Кызыңдын Кызсайкалдын фамилиясына жазылганына кантип макул болдуң?

– Ушул нерсени баса айткым келет. Менин сиздерге интервью берип отурганымдын бир себеби да кызым. Коомчулук мени талкууласын, Кызсайкалды талкууласын, наристеге тийишпесин. Ушул нерсени тема кылып сайттар, телеканалдар чыгарып жатышат. “Кызсайкал кызынын фамилиясын өзүнө жаздырды” деген темалар толуп кетти. Бул фишка кыла турган нерсе эмес, наристенин жашоосу. Кызсайкал көп нерсени өзүнө-өзү кылып алды, мен кантип фамилиямды кызыма бербей коёюн? Ошто иштерим менен алек болуп жүрүп калдым, алар Бишкекте жашап калышты. Жок жерден эле Кабылова кылып жаздырып алды. Ал менин кызым, фамилиясын өзгөртсө да атасы экенимди эч ким өзгөртө албайт. Көрүп жатсаңар керек, кызым менин көчүрмөм. Ортодо түшүнбөстүк, ызы-чуу болуп жатканда кызыма бара албай калып жаттым. Ал Алфия Айдаралиева эле боюнча калат. Өзүмдүн атыма котортуп алам. Азыр иштеп жаткан нерсемдин баарын кызым үчүн кылып жатам деп ойлойм. Мага эң чоң мотивация берген кызым.

– Кызыңды канча убакыттан бери көрө элексиң?

– Эки-үч ай болуп калды.

– Кызсайкал “жолдошум үйдө отурганымды каалайт” деп мурунку интервьюларында айткан экен, аял кишинин иштегени сен үчүн жат көрүнүшпү?

– Менде аял үйдө отурсун деген принцип жок. Апам деле өз учурунда иштеген, азыр деле иштейт. Бирок азыр моюнга алыш керек, жалкоо эркектер көп болуп кетти, ошол үчүн аялдар жапырт иштеп жатышат. Ошол эле учурда балдар каралбай, күйөөлөрүнө көңүл бурулбай калып жатат. Кээде ошол үчүн деле үй-бүлө бузулат. Мен ошол нерсеге каршымын. Күйөөсү иштесин, аялы балдарын карап, тамак-ашын жасап үйдө болсун. Эгерде күйөөсүнүн акчасы такыр жетпей жатса аялы иштесе болот. Бирок биздин маселе бул нерседен чыккан жок деп ойлойм. Биз болгону эки башка адам экенбиз. Убакыттын өтүшү менен түшүндүк. Мындан ары менде да, анда да баары жакшы болушун каалайм.

– Бул турмуштан сен өзүңө эмне сабак алдың?

– Аял менен күйөө ички маселени бөлмөсүнөн сыртка чыгарбашы керек экен. Ал тургай ата-энеге да билдирбей чечиш керек экен. Кызсайкал өзүнөн-өзү чалынып интервьюларды берип жатты. Элдин талкуусунда калдык, мен да мындан ары жеке жашоомду эч качан элдин назарына койбойм деген чечимге келдим.

– Бизге берген интервьюсунда Кызсайкал сен тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди, ошол видеону көргөндө кандай сезим болду?

– Мен көргөн жокмун, ага чейин да анын интервьюларын окучу эмесмин.

– Жашоо бир күнү баарын өз-өз ордуна коёт деп ишенели, ийгилик сага!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -7 
Комментарийлер(57)
22.07.2019. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Эрнис сенда жалган суйлойт экенсин ээ? кантип эле аялын интервью берет сен окубай койосун ичин кызып окусан керек. Кийин бармагынды тиштеп окуносунго. азыр озунду жаш жана келбетуу сезип жаткандырсын. Сага эч ким Кызсайкалдай жубай болуп бере албайт. Эсин барда уй-булонду кайтарып ал.
22.07.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Деги кимдер булар тааныбайт экем?.?.?
roksalana түзөттү 2019-07-22 13:40:54
22.07.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эркек деген эркектей болсо! Бул бала али жаштык кылып жатат. Кийин окунот го бирок ал убакта аялын башка бироо алакканга салып, кызы башканы аталап калат да.
22.07.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Эй акылдуулар биронун турмушуна кызыгып ,сындап эмне табасынар ???силерге булардын уй булоосуно киришкенге Ким уруксат берди ,ажырашуу трагедия эмес!андан кийин да жашоо бар .Эптеп септеп жалгандан койгулатып ал учун ,бул учун ,Эл козуно калптан бактылуу болгонду токтоткула !!!!!баарынарга бактылуу уй булоолук Бакыт каалайм!
22.07.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаш бала экен,уйлонууго 18 жаш эртелик кылат.Кийин экоо тен тушунушот.Мен бул баланы чон эле болсо керек дедим эле.Жаштык кылышыптыр.
22.07.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ии ушу жожо короз куйгузду токтолуп уй було бага алган убакта уйлондум деп тимеле дагы жашоондо коп жолу окуносун Сайкалдан ажыраганына вот увидеш бир кызды азапка салдын бактылуу кылбай ыйлаттын ошобу сенин токтолгонун фуук
22.07.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li, _PeriWa_, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
22.07.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оронуп алып анан тонна косметиканы чаптап алганы "эки жуздуулук" деп ойлоп ушул кызды ушул кылыгы учун жактырбаймын. Динди окуп, Кудай учун жоолук салынган кыз фотомодель балага турмушка чыгуудан алыс болмок.
22.07.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Linkin.,иии сени оло жактырат экен да
23.07.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bobby1995,

Мен ырчы чоорчуларга окшоп интервью бергенимде айтасын жактын жакпадын деп. Бул менин жеке ойум сенин аралашканы укугун жок)
22.07.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Linkin.,бешене тагдыр дейт муну.
23.07.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shahrizaada, бул кызды турмушка чыкканга чейин оронгон деп ойлопмун после свадьбы оронуптур. Бул коп нерсени айта алат деп ойлом.
22.07.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Linkin., Ал турмушка чыккандан кийин оронгон. Күйөөсүн сыйлап инста тияк биякка сүрөттөрүн да аз койчу Сайкалды ошон үчүн көбүрөөк сыйлайм.
Баары бир аял адамга түйшүк көбүрөөк түшөт да.
После родов бир аз колдоп койсо болмок да.
23.07.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aishe, эми тушунуктуу, бул кызды ажырашканынан кийин тааныдым андан мурун тааныбайт элем. Анда кечээ эле оронгон ден, анда го тушунсо болот.
Linkin. түзөттү 2019-07-23 17:23:33
24.07.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Linkin.,Алакачкан
22.07.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бироосун жашоосуна аралашканынарга жазганынарга билип билбей ар нерсени озунорчо жалган жашыкты жазганынарда уяласынарбы?адамдык касиетинер кичине болсо да тыз этеби
22.07.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
daniel87,жашоосуна элди кийлгиштирбесе чыкпасын жа гезит бетине
22.07.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
daniel87, Сага эмне куч келди анчалык эле? озубуз билебиз кантип жазышты. Талкууга калгысы келбесе гезитке интервью бербесин.
22.07.2019. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Унчукбай эле койбопсун
22.07.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Каралашбагандан кийин фамилияна откоруп алганын эмне пайда?
22.07.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сендейлердин айынан канчалаган наристелер тируулой жетим болуп олтурат.Силердин бул шылтоолорунар чырактай кызынарды жетим кылууга себеп боло албайт!Озунордун кызыкчылыгынар учун наристеге жабыр тарткызбагыла.
Jazhoo-soonun түзөттү 2019-07-22 19:04:44
22.07.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоонун ортосунда не болгонун бир эле кудай, анан оздору эле билбесе, эч ким билбейт да,бул жереде бир эле адамдан кетпейт да,2 адамдан тен кетет.
23.07.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Klaridze, Кызсайкалды бир-эки жыл колдоп койсо отуп кетмек. После родов любой келин стресс болот. Бул жерде эки колдон эмес, бир эле колдон келгендей сезилип атат. Тиги баланын кебетесин коргондо эле тунулдум.
Snejana түзөттү 2019-07-23 01:05:08
22.07.2019. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сенин фамилиян ага тамак,кийим,мээрим болуп бербейт.
22.07.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
18 деги бала каяктан эр болмок эле. Просто кызыгып эле уйлонуп алса керек . Анан эрте кызыл бат онот болуп жадаганда качты да.
23.07.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
katerina.li,кечиресиз эрте эмес өтө кызыл болсо керек эле
23.07.2019. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Eki uch ai bolup kaldy deit mumkun 5,6 ai bolushu mumkun kyzyn korbogonu.Ushundai kuioodon kudai saktadyn menin kuioom alys jolgo chyksa baldaryn sagynyp kelgiche shahsat.video zvonok kylyp suiloshot.Bul maktanysh emes.Chynygy erkek balany jetim kaltyrbait.Sen tabasyn biroonu,ayalyn tiet biroogo kyzyna ele kyiyn jashoo.Muncha ajyrashyylar kop bolboso jashoodo.E Allahym echkachan balany ataenesinen ajyratpa.
23.07.2019. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Snejana, daniel87, Avrora2017, MEN95, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
23.07.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бирөөнүн жашоосу бирөөгө караңгы. Ар кимдин өз чындыгы бар. Экөө тең бактылуу болушсун. Баары эле 19 жаштагы жигит эмнени түшүнмөк эле дейт. Бирок мен 16 жаштагы жигиттин үй-бүлө жөнүндөгү пикирин угуп турмуш курганына 30 жыл болгон адамды уккандай эле болгом. Мен өзүм деле жашмын, турмуш кура элекмин бирок үй-бүлө жөнүндө үй-бүлөлүү адамдардан жакшы ойлоном
23.07.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сайкалдын интервьюларвн корбойм окубайм дейт.Анда каяктан билдин байма бай интервью берип жатканын ушул жака интервью бергенин хахах калпле конул бурбаган адам боло бербечи.Сени озу кыз Сайкал тааныты бул жака
26.07.2019. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aseras,Туура айтасын. Кадры чыгып калды
23.07.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Көрөсүң го Кызсайкал бактылуу болот.Ошондой кыздын баркына жетпедин.
23.07.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тагдыр бул экоотен Бактылуу болгула оз тенинерди таап
23.07.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Экөө тең ,теңин табат .Бирок күнөөсүз наристеге эч ким өз атасындай ата болуп бербейт .
24.07.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Эки башка экенбиз"деп шылтоолой беришет экен да.Биз жолдошум экоовуздун коз караш ж.б баары,баарыбыз карама каршы.Бир жакшына эле жашап журовуз.Кээде кулобуз "экообуз эки дуйнобуз ээ?"деп.
25.07.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Angel92,бул Голливудду туураганы да, аларда да окшош эмеспиз деп тугойлорун носкидей эле алмаштыра берген мода эмеспи.
26.07.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Angel92, Ообада, бири бирин тооукташып наоборот жакшы жашайсын
26.07.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызына эле кыйын
26.07.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи туштук тарапка Келин болуш кыйын эле. Менин кайна энем да озгондук шумдук болчу. Акыры ажыраштырып Тынды.
26.07.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаккан жок бу бала. Калп суйлойт экен
26.07.2019. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чырайына чиренбе! Азыр болбосо кийин козунон нур кетип алдан тайыганында , башка аялынан заарлуу соз укканында Бир кездеги таштап кеткен ушул булону сагынасын,окуносун.Бирок анда кеч болот!
27.07.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман комментарий жазбай койсоңор болбойбу?Ооба,жаштык кылып ,кызыгып үйлөнүр алышты.Кыз-жигит болуп жүргөндө башкача,чыныгы турмуш курганда башка жашоо болот.Бири-биринин жашоодогу көз караштары ар кандай болсо,чогуу турмуш куруу кыйын.Экөө тең келечекте бактылуу болушсун!
28.07.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Билип билбей жаза бербегиле!
Кызсайкал оор басырыктуу корунуп койсо эле
03.03.2021. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сакта Эрнестке айтарым куноо эки жактан болот өзүнө өзү кылып алды деп бирөөго оодарып кереги жок......
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо