№872 18-24 июль, 2019-жыл

ШАБДАЛЫ МААНАЙДЫ КӨТӨРӨТ

  1. ШАБДАЛЫНЫН ПАЙДАСЫ

    • Шабдалы кант, темир, кальций, натрий, фтор, фосфор, селен, магнийге жана С, В, К, РР, Е витаминдерине бай. Андыктан ал көп ооруларга даба.
    • Бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык.
    • Жүрөк-кан тамырларын чыңдайт.
    • Тамак сиңирүү системинин иштешин жакшыртат.
    • Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, акырындап бөйрөктөгү майда таштардан арылтат, денедеги ашыкча сууларды айдап чыгат.
    • Сөөктү, тишти, тырмакты, чачты бекемдейт.
    • Маанайды көтөрөт.
    • Шабдалынын мөмөсү гана эмес, данеги да баалуу. Данегинин 50 пайызы майдан, 25 пайызы белоктон турат. Данектери шарап, спирт ичимдиктерин жасоодо колдонулат. Мындан сырткары косметологияда кеңири пайдаланылган май алынат.

    ЭСКЕРТҮҮ!

    Шабдалынын сыртындагы түгү айрым адамдарга аллергия жаратышы мүмкүн. Курамында канттын өлчөмү көп болгондуктан, кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң.

  2. ШИРЕЛҮҮ ШАБДАЛЫ

    Керектелүүчү азыктар:

    (3 литрлик банка үчүн)

    Шабдалы – 2 килограмм

    Кумшекер – 400 грамм

    Лимон кычкылы – 2 чай кашык

    Суу – 1 литр

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Шабдалыны жууп, тең ортосунан жарып, данегин алып таштайбыз.

    2. Алдын ала бууланган банкага шабдалынын кесимдерин иреттеп толтуруп тизебиз.

    3. Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, оозун капкак менен жаап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз.

    4. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатып, сироп даярдайбыз.

    5. Сиропту ысык боюнча банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Ширелүү шабдалы даяр! Кышкысын аны торт, пирог сыяктуу десерттерди жасоодо пайдаланууга болот.

  3. “СЕБЕТ” ДЕСЕРТИ

    Керектелүүчү азыктар:

    Токоч (печенье)– 100 грамм

    Каймак май – 30 грамм

    Шоколад – 40 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Кумшекер – 50 грамм

    Сүт – 200 миллилитр

    Крахмал – 15 грамм

    Шабдалы – 1 даана

    Киви – 1 даана

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Токочту блендерге салып майдалап алабыз да, ага эритилген шоколад менен каймак майды кошуп аралаштырабыз.

    2. Кекс бышыруучу калыптарга бул аралашмадан салып, ортосун оюп, чөйчөк формасына келтиребиз да, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз.

    3. Крем даярдайбыз. Ал үчүн кесеге жумуртканы чагып, ага кумшекер менен крахмалды кошуп жакшылап аралаштырабыз. Эми мунун үстүнө ысык сүттү куябыз. Аралашманы мискейге куюп, жай отко коюуланганча кайнатабыз. Кремди оттон чыгарып, муздаганча коё турабыз.

    4. Шабдалы менен кивини жууп, кабыгын аарчып, ичке кесимдерге бөлөбүз.

    5. Муздаткычтан чөйчөктөрдү алып чыгып, ичине кремден салып, үстүн шабдалынын жана кивинин кесимдери менен кооздойбуз. Десерт даяр!

  4. ШАБДАЛЫ ШИРЕСИ

    Керектелүүчү азыктар:

    Шабдалы – 4 килограмм

    Суу – 1 литр

    Кумшекер – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Шабдалыны жууп, тазалап алабыз. Андан соң мөмөлөрдү кайнап жаткан сууга 1-2 мүнөткө салып, дароо муздак сууга салабыз. Бул ыкма кабыгын оңой сыйрып салууга жардам берет.

    2. Кабыгын сыйрыган соң данегинен ажыратабыз.

    3. Мөмөлөрдү блендердин же болбосо шире сыккычтын жардамы менен эзип алабыз.

    4. Ширени мискейге куюп, татымына жараша кумшекер кошобуз. Эгер шире өтө коюу болсо бир аз суу кошууга болот. Ширени 8-10 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.
     

    Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
23.07.2019. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз жака келсенер маанайды 5 минутда которуп берем)))
25.07.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Blueaffair,не шабдолу коппу
25.07.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм , менин жакшы коргон момомгоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо