№872 18-24 июль, 2019-жыл
«Кээде уялчаакмын, кээде менден өткөн тентек адам жок. Бирок көпчүлүк айткандай жоош эмесмин. Кино көргөндү жактырам, Дио экөөбүз ортобузга попкорнду коюп алып кино, футбол көрчүбүз. Эми ал аскерге кетти. Жаракаты жок, аман-эсен кайтып келишин тилейм...» Мындай оюн «ЕХО» тобунун ырчысы, бийчиси Кай айтат. Сахнада так секирип бийлеп, ырдап, жылмаюусу менен кыздардын жүрөгүн «өрттөгөн» Кай тууралуу кызыктарга орун беребиз.
Аты-жөнү – Ким Чонин
Сахнадагы лакап аты – Кай
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Туулган жылы – 1994-жыл, 14-январь
Бою – 182 сантиметр
Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, эки эжеси бар
Жашоодогу урааны – «Мен ийилем, бирок сынбайм...»
Күйөрмандык кылган футбол командасы – «Челси»
Жактырган футболчусу – Фернандо Торрес
«ЕХО» тобунун солисти, рэпер, бийчи, модель, актёр
Лейбл – SM Entertainment
Тартылган дорамалары – «Чуркап бараткан адам», «Менин кошуналарым – «ЕХО», «Шоколад банкы», «Биринчи жолку 7 өбүшүү», «Анданте», «Биз көргөн сыйкыр» жана башка
ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА «ЩЕЛКУНЧИК» АЛЫП КЕЛГЕН
Ким Чонин чоңойгон сайын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу арта берген. Аны бийчиликтен ырчылыкка азгырган «Shinhwa» тобу болгон. Топтун ырларына, бийлерине кызыккан 13 жаштагы өспүрүм SM агенттиги уюштурган сынакка катышып, бийчи катары агенттикке кабыл алынат. Агенттикте тажрыйба топтогон 5 жыл аралыгында ал вокал жагын да жана бийдин поппинг, локинг тармагын да өнүктүргөн.
АКТЁРЛУК ДЕБЮТУН 18 ЖАШЫНДА БАШТАГАН
«ЕХО’ну» ДОНАЛЬД ТРАМП КОНОККО ЧАКЫРДЫТоптун популярдуулугун дагы бир жолу эске салсак, ушул жылдын июнь айынын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореяга болгон иш сапарында «ЕХО» менен жолугушууну суранган. Атайын кечеге «ЕХО» тобунун жигиттери да чакырылып, Дональд Трамп жана анын кызы Иванка Трамп менен жолугушту. Балдары топтун күйөрмандары экенин айткан АКШ президентине жана анын кызына «ЕХО» акыркы альбомун тартуулашты. Трамп топтун мүчөлөрүн АКШга келгенде конокко келишсе, балдары абдан кубанарын айтты. Кимди эле АКШнын президенти конокко чакырып жатыптыр, ээ?
«ЕХО’нун» ЖИГИТТЕРИ КАЙ ЖӨНҮНДӨ...
көркөмдүк келип чыгат. Бийледиң, ырахат алган жоксуңбу? Кайра баарын башынан башта» деген Кайды топтун жигиттери «бийдин падышасы» дешет.
учурларын камерага тартып алышат. Кызыгы, көпчүлүк кадрларда Кайдын үй-бүлө мүчөлөрүнө камкордук кылып жаткан мезгили чыгат. Апасынын колун жылытып, эжелерин колтуктап, кичинекей жээнин көтөрүп эркелетип, тарелкаларга тамак бөлүштүрүп берип жаткан учурлар көп. Мындан улам Кайды боорукер, адамгерчиликтүү деп баалагандар четтен чыгат.Ал эми өзүнө келсек, 2016-2017-жылдары ырчы, актриса Чон Кристал, кийин 2018-жылы «BLACKPINK» тобунун ырчысы Женни менен кыз-жигит мамиледе болгон деген маалыматтар бар.
Асыл Орозбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |