Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлмира Шарипова,“Кеңеш” тобу: “ЖАШООБУЗДУН 10 ЖЫЛЫ МЕН ҮЧҮН КЫЗГАНЫЧТА ӨТТҮ”

№873 25-31 июль, 2019-ж

Эгиз козудай ээрчишип, көбүнчө гүлдөр тууралуу обондорду созгон “Кеңеш” тобун сахнадан мурдагыдай көп көрбөй калдыңызбы? Анткени алар хейтерлердин айынан ырчылыкты таштоо тууралуу ойлонушкан экен. "Бирок күйөрмандарыбызды кыя албай, кайрадан жаңы күч менен, жаңылыктарды жаратабыз деп шоу-бизнеске кайттык" дешет. Гезитибиздин бул чыгарылышында жубайлардан куралган топтун жаңылыктарына орун беребиз.

– Кандайсыздар? Сахнада мурдагыдай көп көрүнбөй калдыңыздар...

Гүлмира Шарипова: – Ар ырчынын жана турган убагы болот. Жанган кезде ырчынын досунан душманы көп болот экен. Азыр социалдык тармактар өнүгүп, эл бетибизге эле ушактап калбадыбы. Бизге “Мүзүр өзү оор басырыктуу жакшы эле жигит. Келинчеги ажылдап беттен алат экен” деп жазып калышат. Аларга айтарым, негизи аял киши өзү ажылдакпыз. Минтип жазып жатсаңыз, демек, сиз дагы ажылдаксыз.

Бир күнү Мүзүр мага “Гүлмира, ушактардан чарчадым. Сахнада ырдап адамдарды ушакка түртүп жатабыз. Биз үчүн адамдардын акырети тозок болуп калбасын. Ырды токтотуп коёлу, кандай дейсиң?” деди. Ошол себептүү ырчылыкты токтотууну чечкенбиз. Бирок ырчы ырсыз жашай албайт экен. Өзүбүзгө жетиштүү чакан күйөрмандарыбыз бар. Ошолор үчүн кайра ырдагыбыз келди. Мүзүрдүн үйүлүп ырлары турат. Акырындан элге тартуулайбыз.

– Сахнадан кетебиз дегениңиздерде жашооңуздарда өзгөрүүлөр болдубу?

Г.: – Мурда ар 2-3 күн сайын үйгө келип турган адамдар келбей калышты. Жаман болот экенсиң. Кыйынчылыкта ким дос, ким кас экени билинет экен. Өзгөчө жакын адамыңды жоготкондо. Былтыр апабыз каза болгондо ким келип, ким келбегени байкалды. Шоу-бизнесте Мүзүрдүн жакын досу бар эле. Ошону күттүм негедир. Апам да аны жакшы көрчү. Ал басып келген жок.

Мүзүр Мамбетов:
– Кеп байлык, бийликте эмес. Көзүбүз, мурдубуз, кулагыбыз иштеп турса, бала-чака, жубайың жаныңда турса, ошол бакыт экен.

– Жакын арада кырсыкка учураганыңыздар белгилүү болгон. Ал иш эмне болду?

М.: – Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканбыз. Боом капчыгайына жеткенибизде чоң КамАЗдын дөңгөлөгү жолдун ортосуна түшүп калганын көрдүк. Түн болуп калган эле. Унааны жээкке токтотуп, тиги дөңгөлөктү жылдыралы десек, ал такыр кыймылдабайт. Сол жакты карасак, эл ташыган автобус келатыптыр. Жанымда “Беш тапандагы” Ильяз бар болчу. Автобустун токтобой турганын байкап, Ильязга “Унаага отур. Жакындап калды, сүзөт” деп кыйкырдым. Унаанын ичинде кызым менен Гүлмира уктап жаткан. Автобус келип унаанын артын сүзүп токтогондо эле Ильяз биздин унааны айдап кетти. Унаа ордунда тура бергенде, элестетсеңиздер, эл ташыган чоң автобус жеңил унааны эмне кылмак? Биздин машинанын фарасы сынды, багаж ийилип, жабылбай калды. Алар кайра бизди күнөөлөп, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, сөгүп кетип калышты. Кайра жолго чыксак, алар бизди жолдон тосушту, ойлонушкан окшойт. Мен токтобой кетип калдым. Анткени Гүлмира ооруп бараткан. Шыр эле Кемин РИИБине кайрылып, арыз жаздык. Кийин баягы кыйкырып-өкүрүп кеткендер “сүйлөшсөк болобу?” деп калышыптыр. Биз алардын абалыбызды сурап койбой, сөгүнүп кетип калышкандарына нааразы болдук. Болбосо, арыз жазып чуркаган киши эмесмин. Алар бизге чыгымдарды төлөп беришти. Айдоочу “силерди сүзгөндөн көрө дөңгөлөктү сүзсөм болмок” деп коёт. Ал дөңгөлөк жылмак эмес, автобус аңтарылып калмак.

Г.: – Мен унаада уктап жатып Мүзүрдүн “Айда! Токтобойт. Айда, айда!” деген ачуу кыйкырыгын угуп чочуп ойгондум. Анан унаага Ильяз отуруп, айдады. Болбой эле “карс” деген үн чыгып, Мүзүрдүн үнү чыкпай калды. Мен Мүзүр аркада турса, аны унаага жармаштыра сүздү деп ойлодум. Эшикке чыксам, тиги киши Ильяз менен Мүзүрдү “Жолго токтобой айдап кете берсең болбойбу?” деп жемелеп жатыптыр. Мүзүр жолду тазалап коём дегени үчүн күнөөлүүбү? Аман калганыбызга шүгүр. Баары табылат. Жан, ден соолук табылбайт.

– Кырсыктан сактасын! Кайра шоу чөйрөгө кайталы. Ырчы Амир Аскаров менен кайым айтышыңыздарды көрдүм. Теңелбей койсоңуздар болбойт беле?

М.: – Амир кайсы бир берүүдө журналисттин “Кайсы топ жакпайт?” деген суроосуна “Кеңеш” тобу” деп жооп бериптир. Амирге жакпасам өзүмө келип айтса болмок, публикага айтпай.

Г.: – Видеону карасам, баланын отурушу башкача экен, керсейип. Биз бир акырдан жем жейбиз. Сахнада жүргөндөн кийин бири-бирибизди жамандабашыбыз керек. Акылдуу болсо, “мага жакпаган топ жок, баары жагат” деп жооп берип койбойт беле. Инстаграмда бири-бирибизге жооп берип жатып калдык. Андан “эжеке, берүүнүн форматы ушундай эле. Айтып алдым” деп түшүндүрөт го деп күттүм. Ал "элге айтып жооп бергендин кереги бар беле?" деп жатпайбы. Ал айтса боло береби? Ал биздин бакчага таш ыргытып жатат. Мен ал ташты алып кайра өзүнө ыргытып жатам. Мен ыргытсам жарашпайбы? Амирден биз кичүү болсок экен, унчукпай калып калгандай. Бирок аны менен уруша турган оюбуз жок. Мүзүр ал бала тууралуу угуп жүрүптүр. Менин убактым аз болгондуктан телевизор аз көрөм. Ошондуктан аны тааныбайт экенмин. Инстаграмдан карасам, катталуучусу аз эле бала экен. Ал жакта эң катталуучусу аз биз болсок керек деп ойлогом.

Бир күйөрман “постуңузду алып салыңызчы. Амир популярдуу болуп кетет. Сиздердин 100 катталуучуңуздар ага катталыптыр” деп күйүп алыптыр. “Коё тур, 10 миңге жеткирип көбөйтүп коёлу” десем, көбөйбөй койбодубу. Биздин күйөрмандар ага жазылбай койбодубу (күлүп).

Бизди эл сындап, таразалаганы жетет. Менимче, бул жигит сахнада кыйналып деле ырдаган эмес. 10 жылдан бери ырдайм дейт. Анда эмнеге тааныбайбыз? Ал бизди эле эмес, Дайыр Исмадияровду ырдай албайт деп сындайт экен. Дайырдын деңгээлине жетип алсын. Дайырдын клиптери, өзүн алып жүрүүсү, адамга болгон сый мамилеси, айтор, Дайырды жамандагандан көрө андан үлгү алсын. Биз үй-бүлөбүз менен Дайырды өтө жакшы көрөбүз.

– "Үй-бүлөбүздүн ынтымагын бузгусу келген кыз СМС жазып тынчыбызды алып жатат" деп чыктыңыздар эле. Жазбай калдыбы?

Г.: – Аялзаты өзүмчүл болобуз. Бул меники, меники гана болушу керек дейт экенбиз. Башында, балким, мен түшүнбөстүк кылчумун. Баш кошконубузга 17 жыл болду. Анын 10 жылы мен үчүн кызганычта өттү. 7 жылдан бери Мүзүрдүн кулак-мээси тынч (күлүп).

– Үй-бүлөңүздөрдө ынтымак болсун! Ишиңиздерге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Кеңеш" тобу: "Ушактардан тажаганда ырчылыкты токтотолу дегенбиз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(28)
29.07.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз эки жүздүүлөнбөй, аркамдан сүйлөбөй бетиме келип айтса дейбизда, бетибизге келип айтса чычалайбыз
29.07.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Амир болгону өзүнүн оюн айтыптыр. Ага анча эмне чычалап жатат
29.07.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулмира кара пиярды жакшы корот окшойт,Амирдин Кенеш тобу жакпайт дегенине 3жолу пост жазып,омуру жооп жазбаган куйормандарына жооп жазып ызылдап эле жатып калды.Анан дагы дайыма эле бизди коро алышпайт,бизди ажыраштырган атышат,бизди биролоор олду деп койду деп эле басып журот.
29.07.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
karona12,ажылдак экени корунуп эле турат озу айткандай
29.07.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу экоо качан караба нааразы. Оздору эле укмуш
29.07.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Жакшы ырларды жаратып,жетелешип ырдап журо бергиле.Ден соолукта болуп,уул-кыздын урматын коргуло.
29.07.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Москвада иштеп жургонубуздо 2011-жылы, орус менеджер Сирень гулу деген ырын бизден кочуруп алып ,постаянно укчу,орустарга да жагат экен да деп тан калганбыз
29.07.2019. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч кандай таасири жок ырчылар. Эч ким укпай калганда, унутулуп калбайлы деп, интервью берип чыга келишет...Куру интервью берип, озунорду даназалагандан коро, бир жакшы ырды ырдап, элдин ыраазычылыгын алсанар боло...
29.07.2019. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
sherik,ырлары жакшы эле кее бир таасири жок болсода уккулуктуу ырларында соз жок вот оздорундо проблема мелочтонушуп урушуп кырылышып эле журушотго авторитеттерин кетиришип, жебиреп аялынын оозу тынбайт аял деген кичине попроще болуш керекго темболее эл козундо тастандай бербей, дайырды кошпой эле суйлобойбу как будто кайраштырып аткансыбай акылдуу аял минтип суйлобойт дайырга жетип алсынчы деп тим эле дайырынар ким болуп кетиптир анынар деле озунорго окшогон кара пиарщик голосу жок
29.07.2019. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар кимдин озунун куйормандары бар. Кенеш тобу деле жакшы ырдайт,жакшы ырлары бар
29.07.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эээй зб экенсинерго.Кыргыз болсомда кееде кыргыздарды жаман коруп кетесин.бирин бири чукуваткан ушактап аткан жамандап аткан.ар бир адам озуно жооп бер.башты оорутуп бироого сын тагып емне пайда. Кенешиби амириби мага разница жок.айтарым амир еркектей болсон базардагы катындардай аркимге сын айтпай себеби сен еркексинго.ырсайып клубка келесин гунуго мочону кесип койом иним.еркектей уже.
29.07.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл козуно ээрчишкен эгиз корунушот.Бир учурда мен да Ушулардын угарманы элем.Гульмиранын Оштук милиция менен жургонун бир уй булонун тынчын алганын ото доолу аял экенин угуп конулум калды .
29.07.2019. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу эрден оозунуп суйлогон кыргыз аял затына жарашпайт. Музур жакшы, оор басырыктуу жигит. Тиги аялы ооздуругу жок экен. Чу дегенделе ляляля деп баштаптырго. Эл билген,коргон учун айтатда ажылдак деп
29.07.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да уккан элем . Бир ырчы эле айткан, отто стерва Гулмира, ажылдаак, Музурдун журогунун суусун алып койгон. Бир нерсе жакпай калса колундагысы менен атыпурат деп. Концертте сахнанын артында эле ызы чуу кылып жиберет дешкен
29.07.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кенеш тому эн жакшы топтордун бири!Жалан гана жакшылыктарды каалайбыз!
29.07.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Амир Аскаровду тааныбайт экенмин, чынында, азыр [moderated]га кирип карайынчы ырларын
29.07.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ал интервью берген передачаныэч ким деле көрбөсө керек. Булар пост жазып элге жарыялабаса, эч кандай ызы чуу болбойт эле. "ии бир ырчыга жакпайт экенбиз" майли деп эле койбойбу. Өздөрү ажылдак немелер экен.
29.07.2019. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Амир Аскаров азыркы жаш ырчылардын көп эле ырларынын автору экен. (Данияр, Айдана ж. б. у. с.) ушулардфн урушунан кийин байкап калдым. Клиптерин көргөндө))).
30.07.2019. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Подписчиги деле аз экен дейт го
30.07.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кенеш тобунун ырлары элге синимдуу жакшы .Амир да ар кимди сындабай эле ишин кыла бербейби,ошого жагышы шартпы,андан кучтуу Атабековду эч укпагам Бир ырчыны сындаганын
30.07.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Амир акылын токтото элек бала экени корунуп турат, ага жооп жазып кадырынды кетирбей эле койбопсун. Вообще реакция кылуунун кереги да жок болчу ит уро берет деп койсон эле жакшы болмок эле. Бир акырдан жем жейбиз депсин эмне ырчылар мал беленер антип айткыдай. Чаржайыт жооп берипсин Гулмира, ХХХХХ ойногон балага. Унчукпай койсонор эле болмок, игнорировать этип. Мага топ катары жагасынар, имидж боюнча кобуроок иштегиле
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-30 14:13:24
31.07.2019. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Базарга барып келгендей болдум.
31.07.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да бир таксист байкеден уккам.Ал таксист буларды бир жерге жеткирип барыптыр,баргыча Музурдун мээсин жеп,ажылдады деди эле.Музур байкуш деп
01.08.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер менен депутаттардын шоусу акча журналистерге силерге пайда!
01.08.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлопмун келинчеги оор басырыктуу токтоо адам деп. Корсо андай эмес экен,кенедей бала Амир жана Дайыр жонундогу коз карашы жана ото коп суйлогону далил экен коп нерсеге ..
02.08.2019. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Музур жакшы бала,Гулмирага куйоонду барктап ал,элдин алдында кадырын кетирбе демекмин.Жылдыз оорусуна кабылып калган окшойсун.Музур бар сен элге таанылдын.Дагы жакшы Музур ырчы элеэкен,президент болгондо мамлекетти Гулмира башкармак экен.
03.08.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенеш тобу топтордун алдында турат бирок ит уро берет кербен журо берет деп коюш керек эле мындайда Амир дегенди тааныбайт экем. Ырлары жогору болбосо да жакшы деп айтууга болот.
04.08.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш тобу эн жакшы топтордун бири,а Амир болсо бир неме да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо