ГҮЛЖИГИТ КЫЗДУУ, МИНУР ЖАНА АРМАН УУЛДУУ БОЛУШТУ

№873 25-31 июль, 2019-ж

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков экинчи ирет ата болду. Кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшүп, ырчы буларды айтып берди: “22-июль күнү саат 11:45те кызым салмагы 3 килограмм 700 грамм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Эне-баланын ден соолугу жакшы. Кызыма Даткайым деген ысым ыйгардык. Уулдуу болгондо кандай сезимдерге кабылсам, азыр да ошол сезимдерди кайра жашап жатам. Дагы бир ирет ата болгонума ымыркайды колума алганда гана ишендим. Көптөгөн каалоо-тилектер айтылып, куттуктоолор жаап жатат. Баарыңыздарга ыраазычылык. Саналуу күндөрдө кызым менен апасын үйгө чыгарып кетем”.

“Жебе” тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков болсо алгачкы ирет балалуу болуп, кубанычын жашыра албай турган чагы. Өзү да төрөткө катышкан ырчы айымдарга болгон мамилесинин өзгөргөнүн айтат. “Балалуу болгондо сөз менен жеткире албай турган сонун сезимдерге кабылдым. Төрөткө өзүм да катыштым. Аябай тынчсызданат экенсиң. Төрөттүн канчалык оор экенин көргөндөн кийин аялдарды аяп, сыйлап калат экенсиң. Толгоо учурунда келинчегим бир топ эле кыйналды. Ошондо апам эсиме келди. Апам да бизди ушинтип кыйналып төрөгөн турбайбы деп ойлонуп калдым. “Балам, балалуу болгондо билесиң” деп бекеринен айтылбаптыр. Бул сөздү башынан өткөндөр түшүнөт экен. Баламдын атын Алихан деп койдук. Уулум 21-июль күнү салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү”.

Коомчулукка бир кездерде “Sexy, sexy” деген аталыштагы ыры менен таанылып, анан сахнадан алыстап кеткен ырчы Арман Эсенгожоев да бул жумада бала жытын искеп, бактылуу. Аталык сезимдери ойгонгон Арман баласын өзү кошо багышууга даярданып жатат.

“22-июль күнү балалуу болдум. Уулумдун салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 54 сантиметр. Атын Ирхан деп койдук. Менде дароо эле аталык сезим пайда болду. Ал сезим сөз менен айтылбайт окшойт. Баламды көрүп сүйүндүм. Өзүм кичинекей балдарды, аларды караганды аябай жакшы көрөм. Баламды эми өзүм эле багам го”,- дейт ырчы.


star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
29.07.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бешик бооңуздар бек болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо