№873 25-31 июль, 2019-ж
"Салам, Нью-Йорк!" тасмасында башкы каармандын ролун аткарып элге таанылган Бектемир Мамаюсуповду эми актёр гана эмес, продюсер катары да тааныйбыз. Мамаюсупов продюсерлик кылган “Шайлоо” аталышындагы 15 мүнөттүк кыска метраждуу тасма 30-июлдан 1-августка чейин Лас-Вегаста өтчү "The NewsFest" фестивалына катышат. Бул тууралуу продюсер айтып берди. “Бул шайлоо тууралуу тартылган фестивалдык тасма. Анын сценарист-режиссёру Медербек Жалилов. Тасманы Лас-Вегаска жибердик. Аталган фестивалда “Шайлоо” "Эң мыкты эл аралык фильм" номинациясына көрсөтүлүп жатат",- деп билдирет Бектемир Мамаюсупов.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |