АБЫЛГАЗИЕВДИН СӨЗҮН ТӨГҮНГӨ ЧЫГАРЫП, БИШКЕКТЕ КОРЕЙ ИШКЕРИН САБАП, ТОНОП КЕТИШТИ

№873 25-31 июль, 2019-ж

Бишкекте 21-июль күнү бет капчан адамдар түштүк кореялык ишкерди сабап, тоноп кетишти. Окуя бильярд клубдарынын биринде болгон. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кылмышты 4 адам жасаган. Алар бильярддык клубдун ээсин жана түштүк кореялык жаранды сабап, ишкердин акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.

Учурда бул факт боюна иликтөө жүргүзүлүүдө. Тактала элек маалыматтар боюнча, бул кылмышты аталган ишкерге карызы бар адамдар жасаган.

Эске салсак, өткөн аптада Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапар менен Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён келип кеткен. Иш сапардын алкагында Кыргызстан-Түштүк Корея бизнес форуму өткөн. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев корей инвесторлорун Кыргыз өлкөсүнө инвестиция тартууга чакырып, “мен премьер-министр катары сиздердин инвестицияңыздар үчүн бардык шарттарды түзүп берүү жагын жеке көзөмөлүмө алам”,- деп айткан. Өкмөт башчынын чакырыгынан көп өтпөй жогорудагыдай окуянын орун алышы өлкөдө инвесторлордун коопсуздугу, укугу корголбойт деген коңгуроо болду.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо