КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ КУУДУЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

№874 1-7-август, 2019-жыл

Куудул Борончу Кудайбергенов өлкөбүздө биринчи жолу куудулдардын фестивалын өткөрөт. Ал бир чети туризмди өнүктүрүү үчүн, экинчи чети кыргыз куудулдарын эл аралык деңгээлге алып чыгуу үчүн бул фестивалды уюштуруп жатканын айтат.

“Буюрса, коңшу өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстандан учурдун мыкты куудулдары келишет. Орусиядан Евгений Петросян келмек, бирок бул жолу шартка байланыштуу келе албай калды. Алардын гонорары чоң болуп кетти. Биздин куудулдар, ырчы-бийчи болуп 70ке жакын артист катышат. Фестиваль Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо 10-августта өтөт. Илгеркидей чоң автобус менен Бишкектен артисттер барат, меймандарыбыз да учуп келет. Астана шаарында эки-үч ай мурун “Петросян шоу” аттуу фестиваль өткөн. Ошондо биздин өлкөдө да куудулдардын фестивалын уюштурсам деп ойлогом. Быйыл баштап алсам кийинки жылдары татар, беларусь, казак, тажик, баарынын башын кошкон фестиваль кылам деп ойлоп жатам. Атын “Борончу fest-2019” деп койдум. Негизи алымдын жетишинче көп эле нерселерди баштап берип жүрөм. Бул дагы жакшы саамалык деп ойлойм",- дейт куудул.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
07.08.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Петросяндын келбей калышы шартка эмес чонтоко байланыштуу десен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо