Асема, ырчы, актриса: “ЭМГЕГИМДИН КҮЙҮП ЖАТКАНЫН КАРАП ТУРУУ ООР БОЛДУ”

№874 1-7-август, 2019-жыл

Ырчы жана актриса Асема кийинки учурларда ишкерлик менен да алектенип жүрөт. Жакында эле анын Бишкектеги сулуулук салонун өрт жалмап кеткен эле. Асема айым менен жолугуп, жашоосунда жакшы да жаңылыктары бар экенин уктук. Эмесе, төмөнкү маекке көз чаптырыңыз.

– Саламатсызбы, Асема айым? Байкашымча, наристе жытын жыттачу күн алыс эмес окшойт…

– Саламатсыздарбы? Ооба, буюрса, 3-наристебизди күтүп жатабыз. Дагы 4 ай күтөбүз.

– Чыгармачылыгыңызда бир аз тыныгуу болуп калгансыйт.

– Чыгармачылыгымда тыныгуу болгондун себеби, жеке бизнес баштап алгам. Бизнести жөнгө салгыча, анын үстүнө дагы бир жолу эне болуу бактысын сезип, үй-бүлөгө көңүл бурайын деп бир аз тыныгуулар болду.

Мурунку балдарымды төрөгөндө толкундануу сезимдери болгон эмес. Билбей эле чуркап жүрүп, коркуу сезимдерин сезбей эле төрөптүрмүн. Үчүнчүсүндө толкундануу аябай эле сезилип жатат. Өзүмдү карап, көп нерседен баш тартып жүрөм.

– Баш тартканда кандай? Тамактарды мүнөздөп, ылгап жеп жатасызбы?

– Мен боюмда болгондо эч качан диета кармабайм. Менин оюмча, бала деген ден соолугу чың, олбурлуу болушу керек. Ал үчүн энеси кош бойлуу кезинде диета кармабай жакшы тамактарды жеши зарыл. Ошондо бала оорубай, жакшы чоңоёт. Тамакты мүнөздөп жей албайсың. Анткени ар бир бала курсакта ар башка нерсени жакшы көрөт. Мисалы, курсактагы кээ бир бала жер-жемиштерди жакшы көрсө, башкасы жаман көрөт. Мен, мисалы, өмүрүмдө кымызды жакшы иче алчу эмесмин. Бирок ушул үчүнчү баламда кымызды эле каалап, кымыз ичип, эт, май, чучук жеп эле жатып калдым (күлүп).

– Негизи эле канча балалуу болгуңуз келет?

– Азыр эсимде. “Боз салкын” тасмасына тартылган соң “Супер-Инфо” гезитине биринчи жолу маек бергем. Ошондо негедир “10 балалуу болом” дептирмин. Азыр кадимкидей өзүмдү ошол кезим менен салыштырам. Көп нерсени жашоо үйрөтөт. Эми Кудайдын буйругу, канча бала берсе ошончо балалуу болгум келет. Себеби менин төрөтүм өтө оор экен. Кээ бирөөлөргө окшоп оңой-олтоң эле төрөй албайт экенмин. Эң негизгиси, жашооң жакшы болуп, түгөйүң колдоп, туура багытта чогуу өсүү болсо, оюңду да өзгөртөт экен. Азыр мен үчүн биринчи орунда үй-бүлө, анан гана карьера.

– Балдарыңыз канчанчы класска келип калышты? Мүнөздөрү кандай? Апасындай чыгармачылыкка кызыгышабы?

– Уулум 11 жашка, кызым 8 жашка чыкты. Уулумдун мүнөзү меникине окшош, андан өзүмдү көрөм. Бир нерсе болсо тарс эле жарылып кетет, “мынчада кетпедиң беле, мынчада келдиң” деп бизди көзөмөлдөп калат. Атасын кызыбыз тартты. Кызым менен атасы жакын, мүнөздөрү да окшош. Жолдошум аябай түшүнүктүү, интеллекти бийик, ой жүгүртүүсү терең адам.

– Ысыкта көпчүлүк Ысык-Көлгө же жайлоого эс алууга качышууда. Сизчи? Эс алдыңызбы?

– Эс алалы деп эле жатабыз. Чемодандарды чогултуп койсок эле күтүлбөгөн окуялар болуп кетет. Же балам бирөөнүн терезесин жарат, же өрт чыгып кетет, айтор, ушинтип эле эс алууга жөнөй албай келатабыз.

– Жакында эле сулуулук салондоруңуздун бири күйүп кетти. Окуя тууралуу өз оозуңуздан уксак.

– Бул дагы тагдырдын сыноосу экен. Кандай десем?.. Адам баласы бизнеске киришип, даамын татып алган соң улам эле көптү каалап, “дагы-дагы” дей берет экенсиң. Бир чети кардарлардын “батпай жатабыз” деп күүлөнткөнүнө кошулуп Жаш Гвардия бульварында экинчи сулуулук салонун ача койдук. Ал салонубуздун шарты жакшы, баалары кымбат эмес, бардык кардардын чөнтөгүнө ылайык болгондуктан, иш жакшы жүрүп жаткан. Кыздар иштеп, кардарлар ичинде отурган кезде эле үстүңкү кабаттан түтүн каптап кириптир. Кудай сактаптыр, кардарларымдын арасында кош бойлуулар да бар болчу. Мен 1-салондон 2-салонго бараткам, жолдо болчумун. Кыздарга ыраазымын. Качып кетпей, эң биринчи кезекте кардарларды сыртка чыгарышыптыр. Андан соң менин кийимдеримди, эмеректерди сыртка чыгарышыптыр. Алардын жарымы жараса, жарымы жарабай калды. Жеке эле менин салонум, буюмдарым эмес, кээ бир кыздардын документтери, буюмдары да күйүп кетти.

– Жеке пикириңизде, бул кокустукпу же атайын бирөө өрттөгөнбү?

– Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан азыр эч нерсе айта албайм.

– Кош бойлуу кезиңизде ушундай жагымсыз жаңылыктар болгону оор тийген жокпу? Же чыгаша болмоюн киреше болбойт деп өзүңүздү сооротуп жатасызбы?

– Оор тийди. Депрессия болдум дебейм. Болгону ичим ачышты. Күйүп жаткан нерсе бат эле күйүп бүтпөйт экен. Кечке күйдү. Же ичине кире албай, же өчүрө албай ошону карап туруу өтө жаман нерсе экен. Айланабыздагы иштегендердин баары менен жакшы мамиледе болчумун. Өрттүн чыкканына аларды деле күнөөлөгөн жокмун. Кокустук да. Өз көзүм менен көрүп турдум, баары өрттү өчүрүүгө аракет кылып, жардамдашып чуркап жүрүштү. Эртеси гана салонго кирдик. Салондо иштеген кыздарыма да оор болду. Аларды азыр эс алууга чыгардым. Азыр ал кыздардын ата-энелери менен сүйлөшүп жатабыз. Иштеген кыздар бирөө эмес, жети кыз эле. Алардын күйүп кеткен буюмдарын дароо төлөп берүү мага бир аз оор болуп турат. Бөлүп-бөлүп төлөө тууралуу сүйлөшүп жатам. Мен негизи бирөөгө карыз болгон адам эмесмин. Буюрса, баары жакшы болот.

– Иши жакшы жүрүп жаткан адамдарга көз тийет дегенге ишенесизби?

– Жалпысынан мен "көз тиет" дегенге ишенем. Кээ бирөөлөр мени “мүнөзү аябай начар” деп жамандап алышып, кайра өздөрү салонума келип каш-кирпиктерин жасатып кетишет. Ошондой адамдарга таң калам. Кыздарым “жамандап жатасыз, анда эмнеге келдиңиз?” дешсе, “мен анын салону экенин билген жокмун да” дешет экен. Сыртында чоң эле Асема деп турса кантип эле билишпесин? Мага жетип жатат анын баары.

– Чыгармачыл адамдарды ушак көп ээрчийт эмеспи. Акыркы жолу өзүңүз тууралуу кандай ушак угуп нес болдуңуз?

– Ошону айтып бербейинби. Күйүп кеткен салонубузга бир аял келиптир. Ал мен тууралуу абдан көп маалымат билет экен (күлүп). Анын айтымында, мен жолдошум менен ажырашып кетиптирмин. Казан-аяк кагышат эмеспи, ошол сыңары адам баласы деле урушат, жарашат, ал нерселерди жеңип чыгуу керек. Бардык эле адамдын башында бар. Анын эмнеси бар? Чыдаганы жарашат, чыдабаганы кетет. Ортодо сүйүү болсо жакшы экен. Аны сезип жатса, көрүп жатса жинди эле кыз жолдошун чанып кетет болуш керек. Кантип ажырашасың? Ажыраша албайсың.

Анан тиги эженин айтымында, мен ажырашып, ошол мезгилде башка бирөөдөн төрөп алган экенмин. Өзүм жөнүндө кино көргөндөй болуп эле уктум. Кыздар аны видеого тартып алыптыр. Ушул өзүм тууралуу акыркы уккан ушагым.

– Интернет сиз үчүн эмне? Башка ырчылардай ар бир күнү сүрөт жүктөп турасызбы?

– Мен жумушума керек болуп гана колдонбосом, башка учурда колдонбойм. Андан бөлөк жагымдуу түйшүгүм толтура. Баарынын көңүлүн алышым керек, жанында жүрүшүм керек. Убагында ата-энем менен көбүрөөк көңүл ачпаптырмын, көбүрөөк көңүл бурбаптырмын. Азыр аларга көңүл бургум келет. Интернетсиз жашай албайм деп айта албайм. Балдарымсыз жашай албайм. Айтсам дагы жаман көрүнөм. Мен жолдошумсуз жашай албайм. Чын. Менин баскан-турганымды ошол чечет, баарын ошол камсыз кылат. Эмнегедир ушул сөз негативдерди алып келет. “Ой, жашатып коёт керек болсо” дегендер чыгат. Кудай сактасын, ал мааниде айткан жокмун. Мен чындыгында эле жолдошумдан көз карандымын. Мен бактылуумун. Кудайга шүгүр, баары бар.

– Маегиңизге ыраазычылык. Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


Асема Токтобекова: "Эмгегимдин өрттөнүп жатканын карап туруу оор болду"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(26)
05.08.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул эжеби Гулнур Асанованы дагы эле тирүүсүнбү деген
05.08.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эч Ким оной олтон торогон эмес. Баарынын эле тороту оор. Менин эле торотум оор дейсин но.
05.08.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолдошуң өңдү-түстү болсо өлмөк экенсиң. Мүнөзүм оор деп эле өзүңдү "катуу аял" кылып көргөзө бербечи бизге не. Тиги салонуңа барган аялдар сени жамандап салонуңа барса эмнеси жаман? Сага эмес салондогу кызмат көрсөткөн кыздарга барды дп
14.08.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz-jigit.com,адамдык сапат он тусуно карап бааланбайт,жакшы адамдыр да
05.08.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Майда чуйдо ушактарын айтпай эле койсо болмок экен
05.08.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайсы чон атан айтты башкалар оной-олтон торойт деп
05.08.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,нормальный суйлосон чон атасына асылбай. Оной торогондор да бар между Гана прочим торой элек неме окшойсун. Кыйналып эки кундоп толгоо тартып торогондор да бар эгер билсен!!!
05.08.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
_PeriWa_,торогом.олуп тирилгем.мен сага суйлободум.секин озундун оюнду жазабер мен менен иш албай
06.08.2019. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
_PeriWa_,ооба. Төрөттөр ар кандай болот да.Элдин оосунда элек жок.Диванда отуруп алып жаза беришет.
09.08.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sajakat14,оа)
06.08.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AksyKum, айтсам ишенбейсинер менин торотум оной болгон. Толгоомду ич ооругандай эле кабыл алгам))
09.08.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kgul,мен да ошону айтайын дегем мен зорго торогом 2 кун толгоо тартып. Эжем барды тороду)))Ар кимдики ар кыл болот экен.
SUPER.KG видео
05.08.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият адамы болгондон кийин соз байлыгын кобойтуп, мааниси жок создордон арылса болмок!
Бир суйломду кызыктуу кылып улай албай койду.
Эн акырында карындаштар десе болобу
05.08.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негатив жазгандан алыс болгула!
Бактылуу Бол!
05.08.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынча маанисиз создор
05.08.2019. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата энем, ата энем эле дейбересин эмне кайын журтун жокпу, күйөөңдүн эч кимиси жокпу
06.08.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Janna07,анча эмне ага негатив менен асылдың? Абыныңа ушинтип асылып көр биринчи! Ырчы болсо эле эмне сага отчёт берип туруш керекпи? Жашынып алып жаза бересиңда! Асеманын бетине ушинтип айта алмак эмессиң!
06.08.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sajakat14,а сен анча эмне ЖАЛАДЫН
06.08.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой тообоо Асема силерге эмне жамандык кылды эле "диванный комментаторлор"? эмне нанынарды тартып алдыбы же бир нерсенерди уурдап кеттиби? Болгонун болгондой эле айтыптыр. Асема, баары жакшы болот, бул турмуш чон сыноолордон турат, баарын женесин,эн башкысы бала-чакан,булон аман болуп алдыга карай умтула бер. Жамандык менен жакшылык ээрчишип журот делет, жамандыктын артында жакшы кундор коп болот. Аллах баарын озу таразалайт. Сага Аллах куч-кубат берсин.
08.08.2019. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,ооба.Таң калдым. Оюбуз оңолмоюнча элибищ оңолбойт! Кыргыздар бири бирин көрө алышпайт! Өзүбүздү өзүбүз эле кемирип жеп салчуу эл окшойбуз.Кыргыздарга кантип жакшылык келгиси келет? Оосубуздан ак ит, көк ит чыгып бири бирибизди жек көрүп турсак! Ырчы, актрисалар деле биздей эле аламдар! Ушул кымындай жашоону ушак менен өткөрүп салуу адамдар үчүн өтө пастык! Бизге караганда мал өйдө болуп калып жатпайбы! Малдар башкаларды ушактабайт сөөгүнө чейин жеткен сөздөрдү айтып каралабайт.
06.08.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой ушу ырчылар боюнда болгонун мода кылышты го
06.08.2019. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бири бирибизди колдойбу, баарыбыз бир элбизго акыры, буттан тартпай
07.08.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу турушу менен ушакчы экен го башка эле суроолорго ушак жооп берген ээрини мактап опкосун коптуруп коюп билгенин жасайт окшойт тулку
08.08.2019. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз атып кыпчып суйлогондор эч жакпайт, тем более Асемадай актриса кызыбызга такыр жарашпайт, боз салкындан Асеманы Бут кыргыз таанып калган жашы каарысы айылдык шаардан болсун, анан муну сагынып журушсо озун мен мындаймын деп мактап анан озунун кичинекей чойросундо болгон пикир келишпнстиктерин айталбай эле соз атып ушак тешек аралаштырганы болбой калдыго.
09.08.2019. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салонго барып алып эле сени ушактап атканын элестетип атам)),Мени коро алышпайт,мени ушактайт деп эле озун укмуш сезип алган го.
14.08.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эсен тороп алыныз,жолдошу тууралуу жакшы маек бериптир,бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо