ДЕНЕНИН БИЗ БИЛБЕГЕН СЫРЛАРЫ

№405 6-12-август, 2010-ж.

Бул кеңештерди врачтар жана окумуштуулар сунушташат. Мунун жардамы тиерин же тийбесин сиз өзүңүздөн сынап көрүңүз.

  • Эгер тамак кычышса кулактарыңызды кашып, акырын тырмаңыз. Кулак нервине ушинтип таасир бергенде тамактын булчуңу жыйрылып, кычышууну басат.
  • Жай угулуп жаткан музыканы жакшылап тыңдагыңыз келсе, анда үн чыгып жаткан жакка сол кулагыңызды тосуңуз. Анткени сол кулак музыкалык ыргактарды жакшы ажыратат.
  • Кээде жаныңыздагы адам бат-бат сүйлөп, анын эмне деп жатканын түшүнүү кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Мындай учурда сүйлөшүп жаткан адамга оң кулак менен бурулуу керек. Себеби оң кулак бат-бат сүйлөнгөн сөздөрдү оңой ажыратат.
  • Эгер ийнеден корксоңуз, анда мээрман айым ийне сайып жаткан кезде жөтөлүңүз. Бул көкүрөктүн жана жүлүндүн басымын жогорулатат. Натыйжада оорутуу билинбейт.
  • Чуркагандан кийин оң капталыңыз ооруса... Көпчүлүк адамдар чуркап баратып оң буту жерге тийгенде дем алышат (албетте, аба менен). Бул оң жакта жайгашкан боордун басымын жогорулатат да, чуркаган соң боор тушта оорутуу сезилет. Андыктан чуркап баратып сол бут жерге тийгенде дем алуу керек.
  • Эгер кемеге, моторлуу кайыкка түшкөндө баш айланса, анда алдын ала имбирдин упадай майдасынан жеп алуу зарыл.
  • Эгер колуңузду басып жатып калуудан кол “уктап” калса, анда башыңызды оңго-солго чайкаңыз. Ошондо колдун иштөөсү 1 мүнөттүн ичинде калыпка келе түшөт. Анткени колдун “уктап” калуусу көбүнчө моюндун булчуңдарындагы нервдин кысылып калуусунан болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(4)
08.08.2010. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат!!!
09.08.2010. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy informasia eken. Rahmat Super Info.
18.08.2010. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билип алсам ашыкча эмес
31.08.2010. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jangy nerse koshpoysungarby!!! 2 aydan beri tolkom ech nerse jok... ar kunu kirem saitka. ech kyzyktuu nerse jok. Mayramyngyzdar menen!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо