Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Манас Алыкулов, шоумен: «АТАМДЫ КҮН САЙЫН ЭСТЕЙМ»

№874 1-7-август, 2019-жыл

Айтылуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, учурда шоумен катары таанылып калган Манас Алыкулов бул сандын каарманы болду. Жең түрө ырчылыкка киришип жаткан каарманым акыркы жаңылыктары, жеке жашоосу, эстрада ырчысы гана эмес, классикалык жанрдагы ырларды ырдоого да бел байлап жатканын айтып берди.

– Салам, Манас! Иштериң кандай?

– Салам. Иштер жакшы. Жакшылыктарда кызмат кылып жүрөбүз. Той көп болсо, биздин ишибиз да жакшы жүрүшөт. Азыр баамдап эсептегениме караганда, 1 күндө Бишкекте 100дөй той өтөт. Бул элдин жашоо деңгээлинин жакшырганынан кабар берет.

– Ырчы болом деп калыптырсың. Эмнеден улам мындай каалооң ойгонду?

– Ырчы болуу кичинемден бери келаткан кыялым. Бир кезде Мураталы
Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып өтпөй калгам. Кийин кафе-ресторандарда ырдап жүрдүм. Кийинчерээк Улуттук консерваториянын эстрада бөлүмүндө окуп, бирок бүтүрө албай калгам. Азыр чоң сахнага чыгууга аракет кылып жатам. Алтынай Нарбаева эже менен дуэт жаздырдык. Гүлнур Сатылганова эжеге да дуэт ырдоо сунушун киргизсем макул болду. Буюрса, күзүндө эже менен ырдаган жаңы ырыбыз чыгат. Муну менен чектелбейм. Профессионалдуу деңгээлде болбосо да классикалык ырларды ырдайм. Андыктан келечекте менден классикалык жанрдагы ырларды да угуп каласыздар.

Дагы бир жаңылык, күзүндө чыгармачылык кечемди бергим келип жатат. Бул идеяны канча жылдан бери бышырып жүрөм. Кече 3 бөлүктө, 3 форматта өтөт. Болуп көрбөгөндөй өзгөчө кече болот деп айта алам.

– Тилегиңе жет! Сен ырларын жактырып угуп жүргөн ырчылар кимдер?

– Кичинемден Гүлнур Сатылганова эженин ырларын угуп чоңойдум. Анын аткаруу чеберчилиги, өзүн алып жүрүүсү жагат. Мындан тышкары Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаковду кумир тутуп жүрчүмүн. Азыр алар мени кумир тутуп жүрүшөт, тамаша!

– Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн хайп жаратып, атын чыгарууга ашыккандарын көрүп жүрөбүз. Сен да хайптын артынан кууйсуңбу?

– Хайпты көбүнчө Амир Аскаров жаратат да. Мисалы, мен деле азыр мага Амир Аскаров жакпайт десем хайп болуп кетет да.

– Жагабы Амир Аскаров?

– Жакпайт.

– Жеке жашооңо келсек, үйлөнгөндөн кийин жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?

– Үйлөнгөндө күйөрмандарым жоголуп кетет деп 35 жашка чыкканга чейин үйлөнбөй жүргөн чыгармачыл адамдарды көрүп жүрөбүз. Мен үчүн үйлөнгөнүм жакшы болду. Кудай ырыскысын берет экен. Турмуш кургандан кийин күйөрмандарым, Инстаграм баракчама жазылгандар, той, иш-чараларга буюртмалар көбөйдү. Ошондуктан күйөрмандарды жоготуп алам деп чочулагандарды түшүнбөйм.

– Артисттин аялы болуш кыйын деп айтып калышат. Жубайың экөөңдүн ортоңордо кесибиңден улам маселелер жаралбайбы?

– Кудайга шүгүр, жубайым менин ишимди түшүнөт, колдоп турат. Мен үйгө түндө келип, түшкө чейин уктайм. Келинчегим ал режимге деле көнүп калды. Кудай сактасын, азыр андай маселелер жарала элек. Тфү-тфү, көз тийбесин. Мактабай эле коёюн, бирок "кайда жүрөсүң, эмне кылып жүрөсүң?" деп чала бербейт. Каякта жүргөнүмдү Инстаграмдан эле көрүп алса керек да.

– Балаң тууралуу сүйлөшөлүчү. Балалуу болгон кандай экен?

– Балалуу болгон керемет экен. Бала өзүнчө ырахат, чарчаганда эс алдыруучу экен. 1 жарым жашка чыкты. Азыр мени ээрчип калды. Бир жакка жөнөсөм, ыйлап артымдан ээрчийт. Боорум ооруп артка кайтып, сооротуп коюп кетем.

– Баланы кандай тарбиялаш керек деген ойдосуң? Эркин коюш керекпи же чектеген туурабы?

– Балам азыр кичинекей. Ал тууралуу ойлонуу, менимче, эрте. Баламды чоң апасы, бир тууган агам болуп чогуу тарбиялайбыз. Эстесем, атам сүрдүү болчу. Бир көз карашы менен эле бизге айта турганын билдирип койчу. Биз да анын айтканын эки кылчу эмеспиз. Мен да атамдай болуп, балам аша чаап баратса, көз карашым менен токтотуп койгум келет. Балам чоңоё берсин. Кандай болсо да аны кыргыздын эр-азамат жигити кылып чоңойтконго аракет кылабыз.

– Менин түшүнгөнүмчө, балаңды коркутуп тарбиялайт экенсиң да.

– Бала үйдө бир адамдан сүрдөп турушу керек деп ойлойм.

– Кыргызда уулдарды атадан кем, атага тең жана атадан артык уул деп баалашат. Сен кандай уул боло алдым деп ойлойсуң?

– Атама тең уул болуш үчүн атамдай билим алыш керек, аскерге барып келиш керек, деги койчу, ал багындырган ийгиликтерге жетиш керек. Атам ар тараптуу адам болчу. Атама жетиш кыйын. Тең болгонго аракет кылам. Бирок бир аз кемирээкмин.

– Атаңды эстегенде кайсы образы көз алдыңа тартылат?

– Дайыма атамдын жанында жүрчүмүн. Азыр кайда барсам да атамды эстейм. Күндө мени көрүп, мени менен учурашкан адамдардын көбү атамдын кесиптештери, күйөрмандары. Жакында эле апам, бир туугандарым менен Ысык-Көлгө барып эс алып келдик. Ал жактан да жолдун жээгинде атам концерт койгон жайларды көрүп, эстедим. Апамдарга ал иш-чараларда болгон окуяларды айтып берип келдим. Мен айрым учурда
аппаратуранын кайсы бир тетигин унутуп калып, атамдан уруш угуп калчумун. Ошол кездерди эстедим. Атамды күн сайын эстейм, күн сайын куран окуп турам. Менде азыр жашоомдо баары жакшы. Бир гана атамдын эрте кеткени өкүндүрөт.

Азыр концерт, тойлордон атамдын ырларын ырдап, ал жараткан сатираларын аткарып калсам, “Жаныбек өлбөптүр” деп кыйкыргандар бар. Ушул толкундантчу учур, мындай учурда жашагың келет.

– Биз билбеген кандай өнөрлөрүң бар?

– Массажды жакшы жасайм. Атам менин укалаганымды жактырчу. Мындан тышкары тамак жасагандан ырахат алам. Өзүмдүн фантазиям менен ар кандай тамактарды жасайм. Мен жасаган тамактарды тамшанып, даамдуу экен деп жешет.

– Жакшы. Жашооңдо эң чоң кубаныч тартуулаган кайсы учур?

– Азыркы учурда кубанып турам. Анткени кичине кезимде “Супер-Инфону” калтырбай окучумун. Бүгүн башкы бетке чыгып жатканым мен үчүн эң кубанычтуу, бактылуу учурлардын бири.

– Бактылуу күндөрүң көп болсун! Ишиңе ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Манас Алыкулов, шоумен: "Аялым кайдасың деп чала бербейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
05.08.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ачык айрым жигит экен.Ийгилик!
05.08.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец,чыгармачылык ийгилик.Ии баса Амир Аскаров магада жакпайт
05.08.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми Амир Аскаровдун жооп жазганын королучу.Жооп бергенге дарманы да келбесе керек.
SUPER.KG видео
05.08.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну куюп койгондой атасынын унуно окшош экен
05.08.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын
SUPER.KG видео
05.08.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 же 4 классымда, бир кызды жакшы корот элем. 2011 болуш керек,парламенттик шайлоо алдында,угутоо концерттери болуп жаткан. Акыркы сабактан бошотуп, концертке баргыла деди....... Ары жагын жазсам ангеме болуп кетет. Шорпону качан берет, качан ичебиз деп аягына чейин турганбыз))))
06.08.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамададан аз акча таап аткан го анан ырчылык бизнеске отойун десе к.к.
07.08.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шорпо,шорпо,шорпо,шорпо ичкиле!Аттин,Жаныбек Алыкулов кандай кыйын киши эле.Жаткан жери жайлуу болсун!Манаска кен келечек!
07.08.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ашыкча жасалмалык жок,ачык айрым маек болуптур.Эмнегедир акыркы убакта дежурлардан тажап жаттым эле



Супер,эмнеге Аалы Туткучев,Роза Аманова, дегендерден коп ЖЫлдардан бери интервью жок болуп кетти ... Анжелика ,Самаранын кечинде кантип жаткандарын деле коро берип 36 болуп кеттиго.Сонку кабарга го кунуго чыгарасынар
08.08.2019. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Орунсуз суйлогон олдоксон жигит.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо