Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“ДАНИЯР, КҮНДӨ СИЗ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАР МЕНЕН ТАҢ АТЫРАМ”

№875 8-14-август, 2019-жыл

Редакциябызга кумирлерине кат жазып жөнөткөндөр арбын. Бул ирет ырчы Данияр Эрматовдун күйөрманынын каты көңүлүбүздү бурду.

– Данияр, сизди аябай жакшы көрөм. Мага эч бир жаман сапаты жок сонун адамдай сезилесиз. Күн сайын сиз тууралуу кыялдар менен таң атырам.

Бир күнү Ошко концертке келериңизди угуп калдым. Мындай мүмкүнчүлүктү коё бермек белем? Билет алып коюп, ал күндү аябай күттүм. Сизди көрөрүмдү эстесем, жүрөгүм дүкүлдөп кетет. Ал күн келип, концерт башталды. Алдыңкы орундукка отуруп алгам. Сиз сахнага чыгып ырдаган сайын телефонума видеого, сүрөткө тартып бактылуумун. Бирок бул мага жетишсиз болду. Сүйлөшкүм келди. Сахнанын артына өтүп барайын деп канча жулунсам да, күзөтчү киргизбей койду. Маанайым түшүп калды. Эми качан сиз катышкан концертке келеримди ким билсин? Эшикке чыгып кетип баратып, артымдан сиздин үнүңүздү угуп калдым. Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров байкелер менен чогуу каткырып күлүп эшикке чыгып келе жатыптырсыз. Эңсегеним жерден табылганына таң калып, саамга катып туруп калыптырмын. Өзүмө келгенде чуркап бардым да, мени менен сүрөткө түшүп коюуңузду сурандым. Шыр эле макул болуп, мени кучактап сүрөткө түштүңүз. Бир-эки суроо берсем, тамаша аралаш жооп бердиңиз. Ооба, мен ойлогондой эле сонун жигит экенсиз, жөнөкөй, шайыр. Ошондо сиз берген энергия менен көпкө чейин көтөрүңкү маанайда жүргөм. Кайрадан сизди жакындан көрчү күндү күтүп жүрөм. Ошко дагы качан келесиз?

Сизди күтүп жүргөн Алия

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
12.08.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
омиииий дажеби)))))))
12.08.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кумирге кат жазгандарды окусам эле күлкүм келе берет ((((((Эмнеге экенин билбейм.
12.08.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаш кезимде мен да ар кайсы ырчыны суйуп кыялдана берчу элем азыр эстесем кулкум келет андай сезимдер жок
12.08.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Gul_gulum, мен дагы өзүмчө эле кумир тутуп акчага жазып койсом бирге иштеген байке окуп алган, ии бетиим... Бул кыз дагы кийин эстеп алып күлкүсү келээр, Даныярдын жубайы эле болуп калбаса!
12.08.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа уйлонушкондо оздорунон биринчи аялдарын карайбызго.бизге окшош эле козунун устундо кашы бар.плюсу кара тору кыргыз кызы.минусу кыргызча ыпым билбеген келинчектээр.типа гора болуп
16.08.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобаа ))
16.08.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр озу жаздыбы ?
17.08.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгерии илгерии деп баштабапсынар да))) супер инфо бир укмуш калксынар да тообо))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо