САЙДАГЫ ТАШТАРГА ЖАН КИРГИЗГЕН ЧЕБЕР

№875 8-14-август, 2019-жыл

Эл арасында баарыбыз күндө көрүп жүргөн, бирок элес албаган заттардан өзгөчө буюм жасагандар бар. Мисалы, биздин бүгүнкү каарман кадимки сайдын ташынан раковина, самын койгуч, суюк самын куйгучтарды жасап жаңылык киргизүүдө. Таш менен сырдашкан Нурлан Аламанов Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну. 33 жашта, кесиби боюнча агроном.

– Бала кезимден устачылыкка кызыгам. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле жыгачтан кашыктарды, ар түрдүү кичине сувенирлерди жасачумун. Бир ирет өрүктөн комуз да чаап көргөм, бирок тажрыйбам жок болгондуктан жакшы жасалбай калган. Ошентсе да черткенде үнү жакшы чыкчу. Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырып, агроном болуп чыктым. Иштеп жүргөндө устачылыкты хобби кылып жүрдүм. 5 жыл өз кесибим боюнча, анан түрдүү кызматтарда иштеп, акыркы 2 жылда устачылыкка ооп кеттим. Жыгачтан тышкары сөөктөн сувенирлерди жасап жүрүп, мындан 1 жыл мурун Кыргызстандын рыногунда жок буюм жасоону чечип, таштан буюм жасоого токтолдум. Мындай идея өзүм үчүн жаңылык болгону менен, дүйнөгө жаңылык эмес эле. Анткени байыркы доордон бери адамдар таштан буюм жасап келишкени белгилүү.

Алгач эмнени жасасам деп ойлонуп, раковина жасап көрмөк болдум. Ошентип сайдан таштарды тандап жүрүп бирин алып келдим. Раковина жасап, сүрөтүн интернетке киргизип койсом колдонуучулар жакшы пикирлерин айтып, баасынан бери сурашты. Алардын жазгандары, туугандардын мактоосу мага дем берип, таштан буюм жасоого баш-отум менен киришип кеттим. Бүгүнкү күнгө чейин баш-аягы 50дөн ашык раковина жасадым. Суу өткөрбөөчү катуу, көрүнүшү көркөм сайдагы суу түбүндөгү таштарды алып келип жасайм. Сайдан ташты алып чыгуу үчүн бир нече баланы же досторду ээрчитип барам.

Ташты иштетүүдө кадимки болгарка, дрель аспаптарын колдоном жана коопсуздук эрежелерин так сактайм. Болбосо катуу жаракат алып калуу турган кеп. Иштетүүдө учкан таш чаңы, майда бөлүкчөлөрү ооз, мурунга кирбеши үчүн маска тагынам, көз айнек кием. Таш раковиналардын 2 кемчилиги бар: биринчиси – оордугу, экинчиси – баасынын кымбаттыгы. Бирок өзгөчөлүктү, экологиялык таза буюмдарды жактыргандар ага карабай ала беришет. Бир раковинаны жасоого 2-3 күн убакыт кетет. Катуу ташты жылмалап, тийиштүү формага алып келүү үчүн көп күч керектелет.

Таштардын иштетиле электеги салмактары 50-70 килограммга чейин болот. Узундугу 80 сантиметрге, туурасы 55-80 сантиметрге чейин жетет. Ичин оюп жасаган соң салмагы 15-35 килограммдын тегерегинде болуп калат. Акыркы учурларда раковинанын өзүн гана жасабай, атайын топтом болсун деп самын койгучу, суюк самын куюучу жана тиш щётка салгыч идишин кошо жасап жатам.

Буюмдарымды интернеттен көрүп, телефон чалып сурап, сатып алып кетишет. Ар адамдын табити ар кандай, бири кара таштан, башкасы кызыл таштан жасалганын сатып алат. Жасагандарымдын көбүн этночайхана, конок үйлөр оригиналдуулугу үчүн сатып алышууда. Баалары таштын породасына, көркөмдүгүнө, көлөмүнө жараша бааланат. Раковиналар 6000 сомдон 17000 сомго, ал эми самын салгыч, суюк самын куйгуч, тиш щётка салгыч топтом 4 миң сомдон жогору.

Таш раковиналарды чакан фонтандарды жасоодо да колдонуп жатышат. Өткөндө таштан шахмат жасадым. Көргөндөр абдан баалап жатышат. Эми эмгектеримди чет жакка сата баштасам деген тилегим бар. “Кыргызстанда жасалган” деп чет өлкөлүктөр сатып алып урунса мага сыймык, өлкөбүздүн болсо аты чыгат, таанылат. Азырынча аймактагы таштарды эле колдонуп келсем, эми буюрса, башка аймактарды да кыдырып, өзгөчө таштарды таап, алып келе баштамакчымын.

Менин жасаган буюмдарымды казакстандыктар да сатып алган. Алар менен байланышсам өздөрү жактан бир жигит мени туурап таштан буюм жасап жатканын айтышты. Өлкөбүздө, анын ичинде өзүбүздүн аймакта мени ээрчип жасап жаткандар бар.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(6)
12.08.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмоттон куткондо пайда жок экенин билиптирсин да. Азаматсын! Онорун оркундой берсин!
12.08.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото КЫМБАТ окшойт 2 3 кундо жасап бутсон 17 мин потолок го бир кундук жумуш 1000 2000 минге чейин
16.08.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tuki110592,Ошончо ташты сайдан көтөрүп келип,колдо жасап,канчалаган мээнет кетип жатат.Колдо жасалган буюмдар негизи эле кымбат трат.
12.08.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул тууралу кечээ кошунаман уксам бугун интернет айтып жатат.кимиси 4G
13.08.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Isikkolumkeremet,кошунаныз жума куну эле супер инфону алып окуп койсо керек))))
14.08.2019. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isikkolumkeremet, бул интернетке чыкканына көп болду. Супер эми чыгарып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо