№875 8-14-август, 2019-жыл
“Walt Disney Pictures” студиясы жакында классикага айланган Крис Коламбустун “Үйдө жалгыз” аттуу тасмасын жаңы версияда тартып чыгарышмакчы. Азырынча көркөм тасма болобу же сериал болобу, белгисиз. Киностудия мындан сырткары “Музейдеги түн”, “Дүңүнөн арзан” жана башка тасмаларды да экрандаштырары маалым болду.
Кошумчалай кетсек, июлда аталган студия “Падыша арстан” мультфильмин тасма кылып тартып, элге тартуулаган. Аз аралыкта тасма миллиард доллардан ашык киреше тапканы маалым. Балким, бул да классикалык кинокомедияларды жаңылап тартууга себеп болуп жаткандыр.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |