№405 6-12-август, 2010-ж.
Апта айымы
"Кайда, махабатым кайда?.." деп махабатын күтүп келген Жаным Айзат шоу дүйнөгө аралашканына аз болсо да, өз ордун таба алды. Бул жолу Айзат жөнүндөгү маалыматтарды ырчынын өз оозунан угалы.
Толук аты-жөнү – Баатырбекова Айзат Маматсабировна
Туулган жылы – 1991-жыл, 2-март
Туулган жери – Бишкек
Бою – 169 см
Салмагы - 49 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 36
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тамшана жеген тамагы – Беш бармак
Фобиясы – Караңгы түн
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Сүйдүм сени”, “Махабат аллеясы”
Жигиттердеги баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк
"ЖАҢЫ ДҮЙНӨГӨ ЖАҢЫ АДАМ"
– 2-март, 1991-жыл. Бул күнү ата-энеме Кудайым мени белек кылган. Мен эртең мененки саат 9:45те Бишкек шаарынын №4-төрөт үйүндө 3 килограмм 500 грамм салмакта жарык дүйнөгө келипмин. Ата-энемдин тун кызы болгондуктан, мага мурунтан эле Айзат деген жакшы ысымды даярдап коюшкан экен. Анан кийнчерээк шоу дүйнөгө аралашканда атыма өзүм Жаным деген сөздү кошуп, Жаным Айзат деп атыгып калдым.
"ИШЕНИМГЕ КИРҮҮ КЫЙЫН"
– Ишенимге кирүү өтө кыйын. Ата-энем келечекте менден көптү үмүттөнүп күтүшкөндүктөн, алардын мага болгон ишеничин жоготуудан корком. Эң жөнөкөй эле досторум менен түнкү клубга барсам, айтылган мөөнөттөн кечикпей келем. Бирок ата-энем мага ишенишет. Өзүм да чоңоюп калбадымбы, ак-караны түшүнүп дегендей...
"ИДИШ ЖУУГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ"
– Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, үй жумушу менин моюнумда. Бардык ишти тажабай жасай берем, бирок идиш-аяк жууганды жаман көрөм. Өзгөчө беш бармактан кийинки идишти жууш мен үчүн оор. Түнкү саат он эки, бирге чейин телевизор көрүп жуубай отура берем, анан атамдын “түнкүгө кир идиш калтырбаш керек, шайтан аралап кетет” деген сөзүн эстеп алып, жууп кирем.
"АЛГАЧКЫ БАЛАЛЫК СЕЗИМ"
– 2-класста окуп жүргөн кезде Роман аттуу немис улутундагы бала аябай жакчу. Сабакта эң көп баа алган да, ошол эле учурда тентектиги үчүн бурчка көп турган да Рома болчу. Менин чачымды тартып же китебимди алып бербей коюп, дайыма тийише берчү. Бирок анын тийишкенине сыртымдан жиним келсе, ичимден жыргаар элем. Шайыр-шамдагай Романы мен гана эмес, классыбыздагы кыздардын баары жакшы көрүшчү. Бир жолу аны талашып, Аня деген кыз менен чачташып урушуп кеттим. Анан Рома мени үйүмө жеткирип барды. Жолдо бара жатканда сагыз сатып берген да, ичиндеги чаптагычын өзү алып калган. Мен болсо дептерлерге Рома+Айзат деп жаза берчүмүн. 3-класска көчкөндө ал ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен.
“СЕСТРУХАЛАРДЫ” ЖАЙГАРГАМ"
– Мен жаңы мектепке которулуп, окуй баштаган кез. Албетте, жаңы классташтар менен тил табышып кетиш кыйын. Бир жолу классташтарым “мектептеги кыйын кыздардын бири Настя менен урушуп жеңсең, биздин топко киресиң, эгер жеңилип калсаң, “сеструхаларга” дайым акча берип турасың” деген шарт коюшкан эле. Мен билекти түрүп, Настя менен мушташып, аны жеңип алгам.
"ЖАШОО ЖӨНҮНДӨ..."
– Жашоого биз бир гана жолу келгендиктен, өзүбүз каалагандай, бирок татыктуу жашай билишибиз керек. Азыр эртеңки күнүң эмес, бүгүнкү күн эмне менен аяктаарын толук билбейсиң. Андыктан алдыга план коюп жашаш керек, ошол эле учурда кырдаалга жараша чечим чыгарганды да билиш зарыл.
"ФУТБОЛДУН КҮЙӨРМАНЫМЫН"
– Негедир көп кыздар футболго кызыга беришпейт. Мен болсо футболду аябай жакшы көрөм. Кичинекейимде көчөгө чыгып, балдар менен тең тайлаша футбол ойночумун. Футболчулардан германиялык Михаэль Баллакты жакшы көрөм. “ЮАР-2010” чемпиондугунда болсо Испанияга жан тарттым.
АЙЗАТ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
БАШТЫГЫНДА ДАЙЫМА...
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Janim Ayzat emi kimbat kiyinse emne, jalgyz kyz bolgondon kiyin kaalashyncha kiyinsin, boensun degendey... Chet jaktan zakaz kylyp aldyrganga ayabay kyzygyp maktanyshat, bizde Kg de dele andan da jakshy kachestvodagy kiyimderdi, firmenniy kosmetikalardy alsa bolot. Bul Amerikadan, tigi Avstraliadan dep aytylgan jakshy ugulsa kerek.
Emnesi bolso da iygilik.