Бактияр Токторов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МЕН КӨЧӨДӨГҮ ЭЛЕ ЫРЧЫМЫН ДА. НААМ ҮЧҮН ӨЗҮМ УЯЛЫП ЖҮРӨМ»

№876 15-21-август, 2019

Концертте, тойдо, кандай иш-чара болбосун берилип ырдап, өзүнүн “фирменный” бийи менен элдин маанайын көтөргөн Бактияр Токторов бул жолу гезитибиздин апта каарманы. Фотосессия, маек учурунда каарманымдын жөнөкөйлүгү, чыгармачылыгына абдан сый мамиле жасагандыгы көңүлүмдү бурду.

– Кандайсыз, Бактияр байке? Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Жакшымын, буюрса. 20 жылдан бери чыгара албай жүргөн “Дос-душман” деген ырыма клип тартып, монтаждап жатабыз. Жакында болгон окуялардан кийин эл бул ырды жакшы түшүнсө керек. Мен дос башка, душман башка адам деп ойлоп жүрчүмүн. Көрсө, бир эле киши дос да, душман да боло алат экен. Сени тааныбаган киши душманың боло албайт. Кудай сактасын, эң жакын деген сүйгөн жарың, балдарыңдын апасы менен ажырашып кетсең, ал деле душманың болуп калышы мүмкүн.

– Сиздин жашооңузда дагы дос-душмандар барбы?

– Толтура. Канча досум бар эле... Алыкул Осмонов деле “турмушта канча жолдош күтсөм дагы, бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун” деп Ысык-Көл тууралуу жазып жатпайбы. Ал деле ооруганда жалгыз калган да. Ошондуктан Кудай баарыбызга ден соолук берсин. Эч кимге, жубайыбызга, бала-чакабызга деле көз каранды кылбасын. Чуркап, күлүп жүрүп эле кетип калалы. Менде азыр сырды эч кимге айтпаш керек экен деген принцип пайда болгон.

– Катуу күйгөнсүз го...

– Мен эле эмес, башкалар деле күйүп жатпайбы. Мындай нерсе баарынын жашоосунда бар.

– “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырыңыз элге аябай жакшы сиңди. Дагы ошондой модадан калбай турган ыр жаратыш үчүн эмне кылышыңыз керек?

– Ал ырды башында 5-6 жыл эч ким уккан эмес. “Жакшы эле ырларың бар. Муну эмне кыласың?” дешчү. Азыр минтип жакшы тарап кетпедиби. Элге кайсы ыр кандай алынарын билбейт экенсиң. Биз бардык темада ыр жазып бүттүк. Болгон, боло турган, болуп жаткан сүйүүлөр, жаш балдар, ата, апа, Кыргызстан, саясат жана башка тууралуу ырдадык. Азыр, чындыгында, кандай ыр чыгарыш керек экенин билбей жатам.

– Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жаш юбилейине ырдоо үчүн чакыруу алып, бирок баш тартканыңызды угуп калдык.

– Жок, мени чакырган жок. Чакырса бармакмын да. Бакиев президент болуп турган кезде деле ал кишинин эч бир иш-чарасына катышкан эмесмин.

– Тойлордо эң арзан жана эң кымбат канчага ырдайсыз? Соодалашасызбы?

– Биз Советтер союзунун кишилерибиз да. Мурда тыйын сурай албай, баштыкты уялып араң алчубуз. Азыр ар бирибиз өз эмгегибизди баалаганды үйрөндүк. Соодалашам. Кээде 3 ырды 2-3 миң сомго ырдасам, кээде 2-3 миң долларга ырдайм.

– Шайлоолордо үгүт кампанияларында 10 миң долларга ырдайт экенсиздер, ээ?

– Ооба. Андай бербесе, чыкпайбыз. Бир ай самсаалап ошол жерде жүрөбүз да. Ал сумма да аз болот.

– Андайда саясий көз караштардын дал келүүсүнө маани бересиздерби?

– Депутат, президент болом дегендердин ниети жакшы. Ниети жакшы болбосо да, сүйлөгөн сөзү жакшы, “эл үчүн кызмат кылам” дешет. Анан биз “сенин сөзүң анча окшошпой жатат” дебейбиз да. Бизге тыйын-тыпыр берсе эле болду, ырдай беребиз. Көп артисттер алынбай да калат. “Мени да айтып койчу, кошулуп ырдай калайын. Мынча берсе деле боло берет” дешет. Алар чакырбаса деле оокатыбыз өтөт. Бирок чакырса бара беребиз.

– Сынды кандай кабыл аласыз?

– Ар кандай кабыл алам. Айрым учурда чыдабай “ишиң болбосун” деп айткым келет. Айта албайм да. “Туура, сеники туура” деп коём.

– Кечээ эле чыгып, Эмгек сиңирген артист наамын алышып, даражасы сиз менен тең болуп калган ырчылар бар. Капа эмессизби?

– Наамды маданият тармагында өмүрүн өткөрүп, айлыкка иштегендерге берсе туура болмок деп ойлойм. Мен көчөдөгү эле ырчымын да. Эмгек сиңирген артист наамы үчүн өзүм уялып жүрөм. Мага эмнеге бул наамды берип коюшканын деле билбейм. Же КСДП саясий партиясынын үгүт иштеринде ырдады деп берип салыштыбы (күлүп). Бирок чын эле наам алып, өскүң келсе, өкмөттүн жанында жүрүш керек экен. Оппозицияда жүрсөң, койдун коргоолу да жок жүрө бересиң.

Кээде мен деле элге кызмат кылдым да, туура эле беришти го деп ойлоп коём. Наам биз өтүп кеткенде небере-чөбөрөң “менин чоң атам Эмгек сиңирген артист болгон” деп айтып жүргөнүнө жакшы.

– Жеке жашооңузга келсек. Уулдуу болгондо аябай сүйүндүңүз эле. Чоңоюп калдыбы?

– Уулум мага окшош. Ырдап калат, “слуху” бар. Бир ирет Юрий Шатунов “И снова седая ночь. И только ей доверяю я” деп ырдап жатса, мага “ата, сенин “Буй-буйуңа” окшош экен" деп коёт. Апасы экөөбүз таң калдык. Аны көптөр байкабайт. Бирок “Седая ночь” деген ырдын кайырмасы “Буй-буйдун” өзүндөй.

– Балдарды жакшы көрөрүңүз байкалат. Биринчи никеңиздеги кызыңыз менен катташпаганыңызга жүрөгүңүз ооруйбу?

– Убакыт улгайтар кылымды,

Бой жетип, чоңоюп өсөрсүң.

Ошондо чырмалган чындыкты,

Сен өзүң чечмелеп көрөрсүң.

Жыл өтүп баратат санааны,

Жытына зар болуп баланын.

Эх, жаштык, мастык курагым...

Ушундай ыр жазгам. Чакырбаган жерге сүрүлүп кирип барган туура эмес. Бирок көп баргам. Киргизбей коюшкан. Бул тагдыр. Күнөө тигиден, менден же дагы башка бирөөдөн кетти деп айтуу да туура эмес. Колдон келсе, баарын сактап калса болот. Бирок биз сактап кала албадык. Кызым чоңоюп, турмушка чыга турган болуп калды. Эки адам көрүшөт. Баары бир бир күнү жолугабыз. Жүрөгүм өйүйт, бассам-турсам оюмда дей берген да болбойт. Кээде унутуп деле калам. Ал деле унутуп калса керек. Катышабыз, буюрса. Сааты чыкпай жатса керек.

– Бактылуулук сиз үчүн эмне?

– Ал жүрөктөгү тынчтык. Ал тынчтык болбосо, акчаң көп болсо да, мультимиллионер болсоң да бактылуу боло албайсың. Ар бир көз ирмемге бактылуу болуп жашаш керек. Достор менен отуруп бир күлүп коюунун өзү деле бакыт. Анан биз бактылуу болот элек деп аны башка жактардан издеп жүрө беребиз. Бакытты сезе алсаң оорубайсың дагы.

– Сокулуктан көчүп кетиптирсиз...

– Ооба, Бишкекке көчүп келдик. Айылдагы үйдү, малды карай алган жокмун. Уялып эле качып келдим. Койлорумду чупакабра, андан артканын өзүбүз жедик. Азыр үйүбүздө хомяк (ред.: эгинге, данга зыян келтирүүчү чычкандын бир түрү) бар. Ошону карап жүрөбүз.

– Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Бактияр Токторов: “Биринчи никемдеги кызым менен катташпаганыма жүрөгүм өйүйт”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(24)
19.08.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Икрамжан Илмиянов алып берген наам болсо,уяласын да)))
24.08.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KaGaH,кичине ойлонуп суйлочу Икрам мектепте бычок чегип жургон Биз тобу биз болуп дунгуроп турган
19.08.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Татыктуу элесиз,сиздин элесинизге арзыбагандар деле алып мактанып жүрбөйбү
19.08.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
аааа ииии аябай ачык ачык суйлоптурго
19.08.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бакыт бул журоктогу тынчтык. Эн туура!
Буй-буй деген ыры чыкканда кайра-кайра угуп ыйлагам))
19.08.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эмгеги эл ичине 15 жыл мурун эле сиңип кеткен...
19.08.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азаматсыз чыныгы талант сыйлыкка татыктуу
19.08.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Болгонун болгондой,жашоонун чын тарабын айтып отуптур. Калп эле "Ло укмуш ,баары жакшы,АК конулмун, периштемин"дей бербетир кээ Бир адамдардай болуп.Азаматсыз! Ийгилик сизге!
19.08.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Токторов мен учун ЛЕГЕНДА боюнча калат
19.08.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тарыхта кала турган ырчы, азаматсыз ! Андай наамдын онун берсе аз сизге! Кызыныз акылы толук кирип ак караны ажыраткан убакытта тушунуп алат бактылуу болсун эн негизгиси. Супер эми ырчы дегендерден интервью алыпсынар , чача пача дегендерден тажап окубай деле койгон болчум.
19.08.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир эзилип кулуп алдым соонун маек болуптур купулума толду. Журоктон чыккан соз журоко жетет деп ушуну айтса керек ийгилик мынданда жакшы чыгармаларды кутобуз
19.08.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кээ бир ля-ля-мя-ля деп эле наам алгандарга караганда татыктуу деп ойлойм,фонограмма сы жок деле уялбай ырдай алат.Ырлары да маанилуу.Эн сонун жонокой маек болуптур,айрыкча "койдун коргоолу"
19.08.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сыйга татыксуусуз,эч уялбай башты бийик которуп журунуз
19.08.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Койлорумду чупакабра андан артканын озубуз жедик ....оой ичиим оой ичиим ....мина соонун маек болуптур.. рахмат супер
19.08.2019. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сопсонун эле ырчысыз буй буйду орустар угуп сизди тең жарымы сүйүп калды го.Ырларыңыз жагат бийлериңиз андан да өтөт.
SUPER.KG видео
19.08.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактияр мырза Гулнур Сатылгановадан эмнеси кем?буга эмгек синирген артист аздык кылат,эл артист наамын бериш керек.
19.08.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң сонун маек болуптур.
Бактылуулук деген эмне? - деген суроого,
Жүрөктүн тынчтыгы, эң туура.
Ийгилик!
19.08.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай жакшы кором. Буюрса той кылсам чакырам. Наамга эн татыктуу, мындан кийинкилер деле алып жатпайбы бир эки ыр мн.
SUPER.KG видео
20.08.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасалмалмасы жок жакшы маек болуптур.
21.08.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан да Жогорку наамдарга татыктуу!
21.08.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлугу менен айрымаланат. Тируу легенда.
22.08.2019. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы эски ырчылардан аз эле калды,алардын бири Бактияр Токторов.Биз кичине кезибизде тойго келген Биз тобу болуп,ал кезде фонограмма жок жандуу ун менен 2 саат ушунчалык соонун ырдашкан.Ошол маалда укмуш популярдуу эле,элдер канча укса да тажабай корушчу. Бул наамга татыктуусуз!!!
22.08.2019. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер-инфо кайталанма ырчыларды чыгара бербей,ушундай таза ырчы адамдардан интервью алгылачы!!!
23.08.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо