«ИНИМДИН ЭКИ БӨЙРӨГҮ ТЕҢ ИШТЕБЕЙ ЖАТАТ»

№876 15-21-август, 2019

Дарттын алгачкы белгилери байкалганда эле чара көргөн адамдар аз, көбүнчө каражат тартыштыгы кендирди кесет. Редакциябызга кайрылган Дамира Ысманкулованын иниси да өмүрүнө коркунуч жараткан ооруга чалдыккан. Эртелеп чара көрбөсө, эки бөйрөк тең иштен чыгуу коркунучунда дейт ал.

“ТӨШӨККӨ ЖАТЫП КАЛБАГАН СОҢ ЭЧ КИМ ООРУ ДЕБЕЙТ ЭКЕН”

– Иним Бердалы Ысманкулов 1989-жылы, Чаткал районунда туулган. Он гүлүнүн бири ачыла электе ушинтип бөйрөк ооруга чалдыгып, тезинен операцияга муктаж болуп отурат. Али үй-бүлө куруп, бала жытын жыттай элек. Бир туугандары, жакындары анын келинчек алып, өзүнүн чакан мамлекетин курса деп тилейбиз.

Эки жыл мурун кокусунан кан басымы көтөрүлүп, дүрбөлөңгө түшүп калдык. Анализ тапшырганда дарыгерлер себебин так айта албай коюшту. Иним бир аз толук болгондуктан “ашыкча салмак кан басымга таасир кылып жатат, арыкташың керек” деп эле коюшуптур. Ал ортодо Орусияга кетип, бир жылдай иштеп, кайра келди. Келгенде дагы кан басымы жогорулап, 200дөн көтөрүлүп кетти. Кайра анализ тапшырып, жыйынтыгында бөйрөктө маселе бар экени аныкталды. Кан басымы көтөрүлгөнү менен, бөйрөгү жанды жеп оорутпайт деле экен. Бул оору төшөккө жаткырып койбогону менен, акырындап отуруп өмүрдү соолутат дешти. Эч ким анын оорусун сыртынан сезбейт.

Эки жыл бою билинбей дарыланып жүрүп далай каражат жумшадык. Бирок тилекке каршы, такыр жыйынтык болбой койду. Ооруканадагылар инимдин бөйрөк оорусун толук айыктыра турган адистер Кыргызстанда жок деп айтышты. Дарыгерлердин айтымында, Бердалынын канында креатинин көбөйүп кеткен.

Креатинин – адамдын булчуңдарында иштелип чыгып, канга берилүүчү зат. Креатинин булчуң жана башка ткандардын энергетикалык зат алмашуусуна катышат. Анын ашыкча курамы заара аркылуу сыртка чыгып турат. Эгерде бөйрөк аны иштетип чыгарууну токтотсо, канда креатининдин нормасы жогорулап кетип, организмде маселе жаратат.

“ЭКИ БӨЙРӨГҮ ӨЗ ФУНКЦИЯСЫН АТКАРБАЙ КАЛДЫ”

– Бөйрөктүн креатинин көрсөткүчү жогорулай берсе гемодиализ аппаратына жатып калат деп айтышкан.

Стамбулда апамдын аталаш иниси бар. Ал “Түркияда бөйрөктү жакшы дарылаган борбор бар экен, келип текшерилип көрсүн” деп чакырган. Дароо инимди ал жакка жөнөттүк. Алар тез арада эки бөйрөктү тең алмаштырыш керек деп, өнөкөткө айланган гломерулонефрит диагнозун коюшту. Эки бөйрөгү тең соолуп, функциясын аткарбай калыптыр.

Колдон келишинче операцияны эртелетүү керек дешти. Операция 40 миң долларды талап кылат экен. Мынча каражат табуу биз үчүн оор болууда. Ата-энебиз экөө тең мектепте мугалим болуп иштешет. Алардын 5-6 миң сомдук айлыгы тиричиликтен артпайт. Азыр операцияга каражат жетишпегендиктен эптеп төлөөрбүз деп көздү жумуп, 10 миң доллар насыя алышты. Бир туугандарыбыз колубуздан эмне жардам келсе чогултуп жатабыз. Үмүтүбүз элде гана болуп жатат. Болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонолу деп гезит аркылуу жардам суроого аргасыз болдук. Эч кимдин жакыны оорубасын. Адамды айласыз абалга кептеген ооруну душманга дагы каалабайбыз.

Айпери Хожаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
19.08.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаратканым шыпаасын берсин байланыш тел.жазып койсонуздар...
19.08.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cherik.777, Саламатсызбы? 0772 740 617 эжеси Дамиранын телефон номери.
19.08.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер озунор бул кыздын элком номери барбы жазып койгулачы
20.08.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li, Саламатсызбы? 0772 740 617 эжеси Дамиранын телефон номери. Ушуга байланышсаңыз жардам берүү жолун айтат.
25.08.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх менин да бир тууганым ушул абалда.Гемодиализ менен жашайт.Канча омуру калды белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо