ЧОЛПОН ТАЛИПБЕК КӨЗҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТТЫ

№876 15-21-август, 2019

Ырчы Чолпон Талипбектин көрүүсү начар болгондуктан көп жылдан бери көзүнө линза тагынып жүрчү. Акыркы кезде линзадан көзү кыйналып баштаганда операция жасатууну чечкен.

– Кичине кезимден китепти көп окучумун. Болгондо да жатып алып же караңгыда окуп, көрүүмдү бузуп алгам. Көрүүм -5 көрсөткүчүнө жетип калганда линза тагына баштадым. Акыркы кезде линзадан көзүм кычышып, ыңгайсыздык жаралып баштады. Ошондуктан көрүүнү жакшыртуунун заманбап жолдорун жарым жылдай изилдеп жүрдүм. Акыры дүйнөдө көп колдонулган лазердик түзөөгө токтолдум. Мындай түзөө Кыргыз өлкөсүндө жок болгондуктан, Нур-Султан шаарына барып жасаттым. Бир күндөн кийин адистер текшергенде көрүүм 100 пайызга калыбына келиптир. Азыр бир азга тыныгуу алып, операциядан кийин калыпка келтирүүчү тамчылатма дарыларды колдонуп жатам. Операциядан кийин адамдардын жүзүн, эмоцияларын, алыста турган нерселердин баарын даана көрүп баштадым,- дейт кубанган Чолпон.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(5)
19.08.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салам,Чолпон ден- соолук каалаймын,ооруба,Нур Султан шаарында козго канча суммада операция жасалат экен,телефондорун, маалымат берип койчу сураныч,чыгармачылык ийгилик каалаймын.
19.08.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операциянын эртеси 100% тунук көрөсүң, убакыттын өтүшү менен 70-80% болот.Бул да жакшы көрүнүш.
19.08.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда бар го андай операция жасаган клиникалар
19.08.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер булар инстада деле кунуго мактанат,бирок эч бир сайтка кирбей оз жашоосун уланткандар деле бар,ошолор жонундо окурмандарынарга маалымат жеткиргилечи,кимиси кайсыл жакта?! Аалы Туткучев ,Роза Аманова сыяктуулардан макала чыгарсанар болбойбу?
19.08.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инстага кирбегендер ушул жактан окуйбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо