Айнура Асанова, Гүлнур Асанованын эжеси: «ГҮЛНУР ТУУГАН-УРУКТУН БАСЫМЫ АЛДЫНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН»

№877 22-28-август, 2019-ж.

«Жаш өткөн сайын бир туугандардын баркын жакшы түшүнө баштайт экенбиз» дейт ырчы, актриса Гүлнур Асанованын бир тууган эжеси Айнура Асанова. Үй-бүлөдө эже-сиңдилердин мамилеси өзгөчө кызыктуу окуялар менен коштолот эмеспи. Эл көзүндөгү бир тууганы тууралуу Айнура айым айтып берет.

БИР ТУУГАН АСАНОВДОР:

Айнура Асанова - 36 жашта, коомдук ишмер, бир уулдун энеси

Алмаз Асанов - 33 жашта, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

Гүлнур Асанова - 31 жашта, ырчы, бойдок

«ГҮЛНУРДУ ТЕЛЕФОНУМА ТЫТЫЙ ДЕП САКТАП АЛГАМ»

- Биздин балалыгыбыз Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен жана Таш-Көмүр шаарларында өттү. Кичинекей кезибизде Кербен шаарында жашасак, кийин Таш-Көмүргө көчүп кеткенбиз. Элдин балдарындай болуп эле ылай, топуракта чогуу ойноп, ит, мышык менен аралашып чоңойдук. Гүлнур кичинекейинен ыр, бийге жакын болду. Үйдө баарыбызды отургузуп алып, кооз кийинип таракты, кашыкты микрофон кылып «отургула, кол чапкыла» деп ырдай берчү. Гүлнурдун дагы бир кылыгы эсиме түштү. Таш-Көмүрдө жапыз тоолордо мисте өсөт. Июль, август айларында каптарды көтөрүп алып кошуна балдар-кыздар менен мисте тергенге чыкчубуз. Ошондо Гүлнур «мен деген Гүлнур Асановамын, мен ырчымын да. Мисте тербейм. Ырдап берип эле чогултуп алам» деп кошуна балдар терип келген мистелерден алып, «мен тердим» деп үйгө алып барган. Ошондо аябай күлгөнбүз.

Анан да бири-бирибизге ар кандай ат коюп алчубуз. Гүлнур тили жакшы чыга элек кезинде куңк-куңк деп бир нерселерди сүйлөй берсе, таякем «бул Гүлнур эмей эле, Куңку» деп койгон экен. Ошондон кийин сиңдимди Куңку деп жүрдүк. Тили чыкканда тыпылдаган тың кыз болгону үчүн Тытый деп койдук. Мен аны азыр да Тытый дейм. Телефонума да ошентип сактап алгам. Мындан тышкары, Капкарашкина, Капкара деп эркелетебиз. Мени болсо, Айнуш, Айка, Узун дешет. Кичинемде одеялону айта албай адөл дегеним үчүн Адөл деп да атап калышкан.

Биз бири-бирибизге атаандаш болгон жокпуз. Мен да маданият жаатында эмгектенсем, балким, атаандашмакпыз.

«ҮЙДӨ БАРДЫК ЖАКШЫ НЕРСЕ ГҮЛНУРДУКУ БОЛЧУ»

– Гүлнур айтканынан кайтпаган, сөзүнө турган, тыкан, сырга бекем, бултуңдаган-тултуңдаган кыз болчу. Бир ирет апам жумушка кеткенде иним, Гүлнур үчөөбүз кошуна балдар менен жаңы курулуп жаткан имараттын экинчи кабатына чыгып, бетондорго отуруп алып жомок, анекдот айтышып ойнодук. Полдун ортосу тешик болгондуктан Гүлнур турам деп жатып тешиктен биринчи кабатка кулап кетти. Апам бизди урушат деп коркуп Гүлнурдан «апамдарга айтпа» деп сурандык. Бети шишип кеткендиктен апам ооруканага алып барса, мээси чайкалып, акыреги сынган экен, ооруканага жатып калды. Ошонун баарына чыдап, бирок апама эч нерсе айткан эмес. Анда Гүлнур 3-4 гана жашта болчу. Айтайын дегеним, ошондо эле сиңдим сөзүнө турчу.

Менден «сен эмнеге ырдап, бийлебейсиң?» деп сурап калышат. Апам мени деле ыр-бий ийримдерине алып барган экен. Бирок менин кызыгуум да, жөндөмүм да жок болуптур. Ал эми сиңдимде талант бар болгондуктан апам болгон аракетин, күчүн, көзүнүн майын ага жумшады. Гүлнурдун сахнага кийип чыккан костюм, тебетейлерин өзү тигип берчү. Апамдын максаттары да сиңдиме байланыштуу болду. Ошондуктан апамдын Гүлнурда акысы көп болуш керек деп ойлойм. Биздин үйдө бардык жакшы нерсе Гүлнурдуку болчу.

Ошол учурда Гүлнурду ээрчитип гастролдорго кетип калса, балким, апамды кызганган болушум керек. Бирок такыр атаандашчу эмесмин. Анткени апам баарыбызга бирдей мээримин төктү. Азыр апамды жакшы карап, айтканын аткарганга аракет кылабыз. Жакында 60 жашка чыгат, унаа айдагысы келип жатыптыр. Буюрса, ал кыялын да орундатабыз. Апам «үчөөңөргө эне болуп калганыма Кудайга миң мертебе ыраазымын» деп айтат. Атам тууралуу бир эле сөз айтам, биологиялык атабыз бар. Жарыкка алып келгени үчүн ага чоң рахмат. Бирок азыр катташпайбыз.

«АРАБЫЗДАН АКЧАНЫ ГҮЛНУР КӨП ТАБАТ»

- Гүлнур студент болгондо менин колума келди. 2005-жылдар болчу. Троллейбуска 3 сом, маршруттук таксиге 5 сом жол кире төлөчүбүз. Сиңдим «ошондо сенден жол кире сураш кыйын болчу» деп азыр да айтып калат. Мен троллейбус менен барып келесиң деп күнүнө 3 сомдон 6 сом берип койчумун. Байкушум комузун асынып алып, үйдөн троллейбус токтогон жакка чейин 2 чакырымдай басып барып келчү.

Эстесем, «алма быш, оозума түш» деген жашоо бизде болбоптур. Эл көргөн кыйынчылыктарды көрдүк. Ачка, ток калган учурларыбыз болгон. Азыр минтип сиңдим элге таанылып, көп мамлекеттерди кыдырып жүрөт. Ушундай сиңдим бар экенине сыймыктанам. Бир туугандын баркы жаш өткөн сайын жакшы билинет экен. Бир туугандарым аман болушсун. Сөздүн ачыгы - акчаны көп тапкан Гүлнур. Ошондуктан ал бизге көбүрөөк жардам берет.

«МЕНИ ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУНАН ТӨРӨП АЛДЫ ДЕГЕН УШАК ЧЫККАН»

– Жашоодо ар кандай учур болот экен. Гүлнурдун жашоосунда дагы өйдө-ылдый болду. Турмушка чыкты, ажырашты. Ал тагдырдын сыноосу. Гүлнур биздин, тууган-уруктун басымынын алдында турмушка чыкты. Баары эле 25 жаштан ашкан кызды «турмушка чык, үй-бүлө кур, балалуу бол» дейт да. Шаштырып жатып биз эле кылып койдукпу деп ойлоп кетем. Төрөп, бала бакытын сезсин, үй-бүлө күтсүн дедик. Ата-эне, урук-тууган тарабынан ошондой сөздөр көп болду. Гүлнур алардын сөзүн угуп турмушка чыкты. Адашты, биз да адашыптырбыз. Ажырашкандан кийин ал тема биз үчүн жабык.

Эл арасында Гүлнур тууралуу, жадакалса мен тууралуу деле көп ушактар чыгат. Башында маани берип, ыйлап, ызаланчубуз. Азыр өзүбүз тууралуу ушак уксак, күлө турган болуп калдык. Мен депутаттар менен көп иштешкендиктен аларга жармаштыра беришет. Бир жолу «Турсунбай Бакир уулунан төрөп алган, уулу ошол кишинин баласы» деп жазып чыгышкан. Ал адам менин өкүл атам. Азыркы убакка чейин катташабыз. Балким, катташып жүргөнүбүздөн улам жөө жомоктор чыккандыр. Мен мурда турмуш куруп, бир балалуу болуп, ажырашкам.

Гүлнурга азыр жеке турмуш тууралуу кеңеш бере албайм. Ар бир аялзаты жеке турмушун өзү чечиши керек экен.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Гүлнур Асанованын эжеси Айнура: "Сиңдим тууган-урукту угуп, турмушка чыккан"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
26.08.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Агып бараткан суу тетири кантип агып кетет экен. Шумдук суйлогон го.
26.08.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Инстада жаргон аялбы?
26.08.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
vikidiki,ошол....озун пиарлаганды укмуш суйот.
26.08.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Журналистти суроо бердирбей суйлоп коюптурго.
26.08.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супсак интервью болуптур.
26.08.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озу жонундо интервью бергендей го
26.08.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаманбы жакшыбы ата деген ата, катташпаганы жаман....
26.08.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
jemile,ар кандай ата бар мен атамдан нараазымын ал дагы рахматын айтыптыр ар бир уй булонун сырын билбей туруп сындоого болбойт
26.08.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile, балким атасы озу балдарынан баш тартып койгондур.
27.08.2019. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
jemile, атанын катташпаганы жаман баланын эмес. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-08-27 11:14:19
26.08.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турмушун эле айта берет,кайра-кайра жаңыртып.
SUPER.KG видео
26.08.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сулуу, жылдыздуу айым экен...
27.08.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура ишине ийгилик!Алтын кызсын
27.08.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжеси да сулуу экен
27.08.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озу Гулнур кайсы уккулуктту ыры учун ырчы? Тойлордогу айтып жургон жар жарды айтпаганда..
27.08.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин жигитиме 1куну подписка кылып,суротторуно лайк басып чыгыптыр.Боюу узун,жакшынакай жигит.Жигитим гос.жумушта иштейт «1жолу конференциядан коргом »-дейт.Анан изилдеп чыктым Айнураны.Шумдук эле кыз Экен.Оозум Ошту карап калды.Жигитимдин аккаунтун удалить этип аран кутулдук го...суйлошкон кызым бар десе , «девушка не стена»-деп жармашкан.
mela түзөттү 2019-08-27 16:40:36
27.08.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула.
27.08.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнурдун ХХХХХ ушу балага чык десе эле чыга береби
Модератор admin_portal түзөттү 2019-08-28 11:12:17
SUPER.KG видео
28.08.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуунун ... кургабайт
28.08.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото эле майдаланып кетиптир. Гулнурду тытый дейби же мытый дейби кимге кызык бул жерде?? Ушу Бир туугандардан интервьюлары копчулук учурда супсак,ни о чем болуп калат
28.08.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулнур озун чыгарган адамды унутуп кеттиго темирбек беле кинолого тартып жургон ошонун айтканы бар эле жылдыз кылып койсом тааныбайм кетти деп
01.09.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур айым башында тунгуюк.кузгу жалбырактар аттуу киного тартылып таанылган.элдик ыр фольклор чыгармаларды катыра ырдайт да.биз негизи талантын баалайлы.сындайлы.ийгилик каалайлы.а жеке тагдыр ар бирибизде эле бирден минус барда.ар бир уйдо бирден таз бала дегендей.ото эле бышыксына бербегиле туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо