Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИРБЕК АТАБЕКОВ ҮЧҮНЧҮ ЖОЛУ АТА БОЛОТ

№877 22-28-август, 2019-ж.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Таиланддын борбору Бангкокто окууда жүрөт. Ал музыка жаатында билим алуу, тажрыйба алмашууга АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен барган.

Эл аралык программанын алкагында уюштурулган окууга бир катар өлкөлөрдүн музыка жаатында эмгектенген инсандары келген. Анда 3 багытта окутуу, тажрыйба алмашуу болуп жатат. Биринчи багыт аспаптар боюнча, экинчиси, ырчы жана композиторлорду окутуу. Ал эми үчүнчү топто ди-джейлер үчүн окутуу жүргүзүлүп жатат. 30га чукул музыка чөйрөсүнүн өкүлдөрү убактылуу студент болуп жатабыз. Чет өлкөдө эс алып жүргөн күндөргө караганда окуган жакты. Менин үнүмдү аябай сонун экен деп мактап жатышат”,- дейт ырчы.

Ошондой эле ырчынын үй-бүлөсүндө толуктоо болору белгилүү болду. Мындай кубанычтуу кабарды Мирбектен сураганыбызда, "биздин үй-бүлөдө мынча балалуу болуш керек деген чектөө жок. Жубайым кош бойлуу экенин мага 3 ай мурда сүйүнчүлөгөн. Аябай кубангам, Кудай канча бала насип этсе баарын кабыл алып, чоңойтобуз",- дейт ырчы. Учурда ырчы жана жубайы бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
26.08.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улгу алчу мырза болду азамат. Уй булоону сактап калуу бул чыныгы эркектик сапат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо