Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ильяз Абдыразаков: «КЫЗДАРДЫН КАТТАРЫНАН ЭРГҮҮ АЛАМ»

№405 6-12-август, 2010-ж.

Фанклуб

Ырчынын популярдуу болууга эки канаты бар. Бир канаты жараткан обондору болсо, экинчи канаты – күйөрмандары. Күйөрман демекчи, бул жагынан Ильяз Абдыразаковдун концертине барып калсаңыз, сахнага чыгып Ильяздын колун кармаганга зар күйөрмандарды байкай аласыз. Ильяз тууралуу маалымат сизди кызыктырабы, анда кеттик.

Албетте күйөрмандары жөнүндө Идьяздын өзүнөн сурабай коё албадык. Ал бул боюнча  төмөнкүчө ой бөлүштү.

– Ильяз, күйөрман деген сен үчүн...
– Ырчыны күйөрмансыз элестетүү кыйын. Алар менин жашоомдун негизги бөлүгү десем болот.
– Келинчек алгандан кийин күйөрмандарга болгон мамилең өзгөрбөйбү?
– Азырынча үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин. Аялзаты, негизинен, кызганчаак келет эмеспи. Бирок мен болочок жубайымдын көңүлүн оорутпай, бардыгын түшүндүрүүгө аракет кылам. Балким, күйөрман кыздар үй-бүлө күткөн соң деле бара-бара мамилесин өзгөртүп калышар.
– Мамиле демекчи, күйөрмандарын азайтып алуудан коркуп, айрымдардын үй-бүлөсүн жашырган учурлары болууда. Сен мындай кадамга барат белең?
– Нике кыйылып, бата алган үй-бүлөнү жашыруу – туура эмес нерсе. Мен үйлөнсөм, жашырбай эле ошол күнү жар салам.
– Өтө эле тажатып жиберген күйөрмандарыңа кандай мамиле кыласың?
– Тажаткан күйөрмандар болбой койбойт. Айрымдары үйдү билип алышып, номеримди алуу үчүн апамдар менен да таанышканга жетишишиптир. Кээде бошобой жатканда улам-улам чалып эрмектей беришет. Ошондуктан номеримди бат-баттан алмаштырам. Ушул жылы эле телефон номеримди 3 жолу өзгөрттүм. Кээ бир кыздар номеримди сатып алышат экен. Бир кыз 1000 сомго номеримди сатып алса, үч күндөн кийин мен номеримди алмаштырып калып жатпаймынбы. Кээ бирөөлөр уялбай эле ушундай “бизнес” кылышат экен.
– Чектен чыккан күйөрмандарыңа эмне дээр элең?
– Алайлык бир күйөрманымды үйүндөгүлөр концертке жибербей койсо, арданып муунуп алыптыр деп уктум. Ошондон улам айтар элем, ар бир нерсенин чеги болот. Чектен чыгып кетип, андан зыян таап калуудан сак болушса.
– Эсиңде калган белек...
– Баарын эстей албасам да, чоң белек берген күйөрмандарымды эстеп калам. Кыздар көбүнчө жумшак оюнчуктарды жана сүйүү каттарын беришет. Концерт бүтөрү менен каттарды окумай адатым бар. Айрым кыздар ушундай куюлушкан ырларды жазышат. Мындай каттарды окуп алып кадимкидей эргүү аласың.


Аймаанай:
«ИЛЬЯЗ ДЕП ЖАШАП КЕЛЕМ»

Ильяз Абдыразаков “Арманым” деп ырдаганда өзүн эле эмес, башка кыздарды да арман көлүнө салганын билбесе керек.
Бакытбек кызы Аймаанай Ильяздын дал ушул ырынан кийин “ырчы жигит менен ооруп”, түнү уйкусунан, күнү күлкүсүнөн айрылыптыр. Ага сүйүүсүн арноодон тажабаган бул бийкеч дагы деле Ильяз деп жашап келерин айтат. Анын бул сүйүүсүн үй-бүлөсү да билет. Азыр Москвада жүргөн Аймаанай Ильяз ал жакка концерт коюп барса, бирин да калтырбай барып жүргөндүгүн белгилейт. Аймашканын тунук сүйүүсү төмөнкү ыр саптарында камтылган:

Жан тынбай, карек ыйлайт күнү-түнү,
Ушунча убак үзө албадым үмүтүмдү.
А сенчи? Сүйө албаган жан экенсиң,
Жашап келем өчүрө албай үмүтүмдү.

Чын жүрөктөн чыккан мындай сүйүү саптарынын канчасы Ильязга арналды да, канчасы Аймаанайдын жүрөгүндө сакталды?..


Күмүшай:
«КОЛУМА ИЛЬЯЗДЫН АТЫН МӨӨР КЫЛЫП ЧЕККЕМ»

“Салам, Ильяз, мен сени эч кимге бербейм. Сени чексиз сүйөм жана сен деп азап тартып жүрөм. Колумда Ильяз деген жазуу бар. Канчалык ооруса да чыдап, колума сенин атыңды мөөр кылып чегип жаздым.
СМС-почтага бул билдирүүнү жөнөткөн Ильяздын күйөрманы менен байланыштык. Ал Хайдаркен шаарчасынын 16 жаштагы тургуну Айтали кызы Күмүшай экен. Жогорку СМСте жазылгандай, чын эле Ильяздын ысымын ийне менен бир күн кечке колуна чегип жазыптыр. “Ильяз үчүн баарына чыдайм”,- дейт ашынган күйөрманы. Гезитке Ильяз тууралуу бир сүйлөм жазылса да, кесип алып, атайын жасалган альбомуна чаптап турат. 3 метрлик сүйүү катын жазып, Ильяздын Хайдаркенге койгон концерттеринин биринде иниси Ниязга берген.
Баарынан кызыгы, жакында эле бейтааныш эже чалып, «Ильяздын апасымын» деп Күмүшай тууралуу толук маалымат алыптыр. Ким билет, балким, ал кара көз жигиттин апасы эмес, жөн эле күйөрманыдыр...


Гүлбана:
«ИЛЬЯЗДЫ МАГА ҮЙЛӨНӨТ ДЕШИП...»

Ильяздын арманы ким экенин билбейбиз го, бирок Гүлбананын арманы биздин бүгүнкү каарманыбыз экени шексиз. Бул бийкеч да Ильяз жаңы чыккандан баштап таанып, күйөрманы болуп келет. Ырчы кайсы гезитке чыкпасын, сүрөттөрүн кесип алып, бөлмөсүн кооздосо, ырлары менен ойгонуп, ырлары менен уктайт.
“Мурун Ильяз менен телефон аркылуу байланышып турчумун. Ар бир сүйлөшкөнүмдө толкунданып, кубанычым коюнума батпай сүйүнчүмүн. Бир күнү түшүмө кириптир. Түшүмдө жакын курбума үйлөнүп жаткан экен. Туруп алып өңүмдө болгонсуп, кадимкидей жаман болдум. “Түш жоруу” деген китепти карасам, “кабатырланбаңыз, ал баары бир сизге үйлөнөт” деп жазылыптыр. Ушундан кийин жүрөгүм тынчый түшпөдүбү. Ильяз менен түшкөн сүрөтүмдү көргөндөр “ий, көздөрүңөр окшош го...” деп көп айтышат. Аны угуп кудуңдап сүйүнүп калам. Азыр 1-курстун студентимин, чоңоюп, көп нерсени түшүнүп калдым. Бирок Ильязга болгон сүйүүм эч качан өзгөрбөй туруктуу бойдон калат”,- деп баяндап берди ырчы жигиттин ысык-көлдүк күйөрманы Гүлбана.


Жылдыз, Назгүл:
«ИЛЬЯЗДЫ БИРИ-БИРИБИЗДЕН КЫЗГАНАБЫЗ»

Көп жылдан бери курбу болуп жүрүшкөн Назгүл менен Жылдыз: “Ильяз сахнага чыга баштагандан бери фанатына айландык. Кээде бири-бирибизден кызганып да кетебиз”,- дешет.
Назгүл Ильязды дүйнө жылдызы катары көргүсү келет. Ыр жандуу Назгүл идиш-аяк жууп же тамак жасап жатканда сөзсүз Ильяздын музыкасын коюп алып кыңылдап ырдап кирет. Бир жолу өтө берилип кеткенби, айтор, кыялында Ильяз экөө сахнада ырдап жаткандай сезип, чөмүчтү микрофон кылып ырдап жатып башка көздөрдүн карап турганын да байкабай калганын айтып бир күлүп алды. Ошондой эле Назгүл келечекте Ильяз менен дуэт ырдайм деген ниетте ыр чыгарып жатыптыр. Бирок өзүнүн боюнун Ильяздан узун болуп калганынан тартынат экен.
Ал эми Жылдыз Ильяздын ырлары бар дисктерин көрүп калса, кыя өтпөй сатып алат. Келечекте Ильяздын дисктерин чыгарууга демөөрчү болом дейт.

Бахияна Сатылганова, Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(19)
06.08.2010. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай кыздар эмне кыласынар убакытты кетирип силерде тааныбаган адамга .
06.08.2010. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura tuura , birok mendagy KUNDUZdu SYYp kalyp jurgom 3 jyl murun ! fanaty che podelaesh !
06.08.2010. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toobo
07.08.2010. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арманынарды тен болушо турган байкуш кыздар экенсинер. ал силерди бучкагына да тенебесе керек.
негизи анын жакшы ырлары бар укканга татыйт
07.08.2010. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sheff кыжалат болбо керек болсо сага уйротот суйлогонду
07.08.2010. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз молодец братишка,ырларын сонун,коро албагандар айта беришет.Кыргызстанда эн популярдуу жана ырларынын сапаты боюнча биринчи орунда турат.Менимче ырлары эч кимдикине окшобойт,озгочо.
07.08.2010. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрө албагандардын, ниети жамандардын сөздөрүнө сынбайсың, атургай терикпейсиң деп ишенем. Акылы жок бала белең, ээ :) Сенин обондоруңду аябай жакшы көрөм, дагы да сонун ырларды күтөм.
07.08.2010. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол аша чаап салдын окшойт!!!Ар бир ырчынын оз оорду оз сыйы менен куйормандары аларды угуп келишет!!!Кыздарга айтаарым убакыт отуп баратат...Кара далы болуп калып журбогуло...Ильяздын да суйлошкон кызы барда ....
Ал жонундо эч бир ырчы айтпайт...Рейтинги томондоп кетет...Аны баарыбыз эн сонун билебиз...Айтаарым сынга чыдаган ырчы накта ырчы болушу мумкун...
07.08.2010. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Улуу кыргыздын кыздарынын (баары эмес) суйуусу ушунчалык арзан болуп калганбы? Ырчыны ырчы катары таанып барктасанар болмок, ушунчалык суйуп калсанар да, бир аз уялсанар! Эртен башка жигитти кантип суйуп жашайсынар, себеби, баары бир Ильязга жетпейсинер да! Силердин бул корунушунор фанаттыка жатпайт, бекер эле озунорду жарыя кыла бербегиле, бул жапайылык корунуш! Эч ким албай коет! Иий, бетим, уят эле! Мультиктеги каарман болуп жатканынарды билбей жатасынар!
07.08.2010. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары эч качан баланын артынан чуркабаган
07.08.2010. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз пешенесине жазылган кызды алат,Силердин да суйуунор очот,турмушка чыгасынар ошондо окунуп калбагыла акылдуу кыздар
07.08.2010. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кызмын Ильязды жакшы кором ырчы катары талантын баалайм бирок жанагы кыздардай суйбойм,керек болсо озу чуркасын Ильяз ким кыздарга чуркабагыдай болгону ырчы))
07.08.2010. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушерге кирип Ильяз окуйт бекен эми ушул немеңерди???????????
09.08.2010. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilyaz,azamat! Jawy,karysy karabay uguwat. Ilyaz,alga!uwunundan jazba
09.08.2010. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу sheff сизге эскертүү! Бул жерге макала боюнча гана оюңузду калтырыңыз. Адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга болбойт!
09.08.2010. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolo beret myndai da! ar kim ozu bilet , tolukukukttary bar! Birok myncha kyinalyshpai ele koiu6sa bolmok!
09.08.2010. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН фанаттарга коз карашым туз. Мен деле КВНди (орустардыкын) кайталап коро берем. Эч тажабайм.
09.08.2010. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh, mynday belgiluu adamdardy suyuu kyiyn go dep oylop jurso. Kyzdar, Ilias bir kunu bir gana kizga uylonot, a kalganynar emne kylasynar? irlaryn ugup, konsertine baryp, telefon menen suyloshup ele suyup kalganynar jakshy eken.
Kumushay azyr jashsyn, ubaktyn kelgende sen taptakyr bashka bala menen kol karmashyp kalsan, kolundagy Iliasdyn atyn emne kylasyn?
12.08.2010. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Ильязды сыйлайм,таланттуу бала,Ильяздын ырларын коп угам чычын айтканда,кынкылдап эле ырдап журо берем ырларын,хехехе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо