Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нэна, ырчы: «МЕНИ ДЕПРЕССИЯ КЫЛГАН ДА, АНДАН ЧЫГАРГАН ДА БАЛДАРЫМ»

№877 22-28-август, 2019-ж.

Кыргыз эстрадасынын өкүлү Нэна ырчы гана эмес, Кыргыз улуттук илимдер академиясында аспирант, Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде мугалим, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы ансамблдин солисти. Алпаруучулук кесипти да аркалап келет. Быйыл 4-жогорку билим алуу үчүн окуу жайга тапшырганын айтат.

– Нэна, саламатсызбы? Каткырып, дайым шаңдуу жүргөн адамдардын жини чукул болот дешет. Байкашыбызча, сиздин да жиниңиз оңой эмес экен...
– Ооба, мен тактыкты, тазалыкты, тың, ачык жүргөндү жакшы көрөм. Ал көңүлүмдөгүдөй болбой калса дароо урушуп салам. Бирок заматта ачуулансам, заматта кайра тарап кетет.

– Нэна сиздин каймана атыңыз экенин билебиз. Эмнеге Нэна, кандай мааниси бар?
– Нэна болуп чыкканыма быйыл 14 жыл болду. Атамдын чоң атасы Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» чыгармасын жакшы көрүп, небересин, атамдын атын Тариэль деп койгон экен. Ал эми атам салтты улай байкеме Автандил деген ысым ыйгарды. «Эми кыздуу болсом атын Нестан-Дарежан коём» деген экен. Апам «токтоткулачы грузин аттарын» деп коюптур. Нэна Нестан-Дарежандын кыскартылганы.
Бир окумуштуу «ат - анын тагдыры. Балага ат коёрдо маанисине карап тандагыла» деп айткан экен. Меники эки аралжы болуп, тагдырым да ушундай болуп калды окшойт. Башында өз атым менен чыккам, бирок ийгиликтүү болгон жок. Нэна деп чыгарым менен жакшы чыктым.

– Эки аралжы жолдо болуп калдым деп калдыңыз. Ажырашууга кабылган аялзатынын үй-бүлө күтүүдө кетирген катасы эмне деп ойлойсуз?
– Мен өзүмдүн мисалымда айтайын, менден эмне ката кетти? Көп нерсени билип турсам да күйөөмдү таарынтып албайын деп убагында айтпай жүрө бергем. Балким, убагында айтсам, чоң нерсеге ырбап кетмек эмес. Мен ишенчээк болдум, күйөөмдүн «башым ооруп жатат. Жумуштамын» деген сөздөрүнө ишенип жүрдүм. «Кайда жүрөсүң?» деп издеп, телефонун текшерген жокмун. Ошол да туура эмес экен. «Ишен, бирок текшер» деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Мен өзүмдөн кеткен ушул катачылыктарды айтмакмын. Албетте, ар кимдин өз чындыгы бар. Балким, башка тарап «ой, бул мындай болчу, тигиндей болчу» деп айтышы мүмкүн. Мен колумдан келишинче жакшы жар, жакшы эне болгонго аракет жасадым.
Турмуш куруу оңой, ал эми үй-бүлөнү сактап калуу эки тараптан тең акылдуулукту, ишенимди, колдоону талап кылат. Эгер бир жак эле аракеттенип алдыга тартып турса, адам андан деле тажап кетет.

– Учурда эки уулуңузга эне да, ата да болуп чоңойтуп жатасыз. Балдарды тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуз?
– Мен Советтер Союзунун ыкмасы менен жүрөм. Жакшы иш кылдыбы, мактайм, жаман иш кылса бурчка тургузам. Ата-энем мени ошондой тарбиялаган. Үйдүн эркеси болуп, 10 жашка чейин мага эч ким тийген эмес. 10 жаштан кийин тарбия башталган. Апам бир жолу «кызым, казандын капкагын алып келчи» деди. Мен адашып мискейдин капкагын алып барыптырмын. Кайра "башкасын алып кел" деди. Шашып экинчи капкакты көтөрүп келсем, экөө менен тең чапты. Катуу тийгени казандыкы, акырын тийгени мискейдики окшойт деп ошондо айырмалап калгам (күлүп). Мен деле балдарым чектен чыкканда какыс-кукус кылам. Мени депрессия кылган да, андан чыгарган да балдарым. 

– Мурунку маегиңизде силерди жакшы жаңылык менен кубантам дегенсиз. Бул жеке жашоого байланыштуу жакшы кабар болсо керек эле?..
– Чыгармачыл адам болгондон кийин «көз тиет, сөз тиет» деп ырым-жырымга ишенет экенсиң. Баары өз нугу менен баратат. Буюрса, баары ийгиликтүү аягына чыксын, ошондо «мына биз» деп ачыкка чыгабыз.

– Негизгиси жүрөгүңүздүн ээси бар экен да?
– Жок дебейм (күлүп).

– Учурда жылдыздар социалдык тармактар аркылуу жакшы киреше таап жатышат. Сиз эмне үчүн ал жакта активдүү эмессиз?
– Мен социалдык тармактарга кызыкпайм. Кала берсе жеңил-желпи иштерди интернеттеги баракчама киргизгим келбейт. Канча «лайк» чогултасың, канча катталуучуң бар, мен үчүн көрсөткүч эмес. Азыр элдин агымы башка, миллион катталуучусу болсо абдан популярдуу деп ойлошот. Жөнөкөй нан жапкан киши деле нанды башкача жаап койсо ага кызыгып, «лайк» баскандар, катталгандар көбөйөт.
Көпчүлүк азыр виртуалдык жашоо менен жашап калышты. А бирок алардын чыныгы жашоосу такыр башкача болушу мүмкүн. Ошол эле Инстаграмды ойлонуп чыгарылган «пиар ход» деп түшүнөм. Андагы кооз сүрөттөрдөн кийин элде жылдыздардын жашоосу укмуш деген түшүнүк калат.
Ал эми каражат жаатында мен эч качан акчанын артынан ээрчиген эмесмин. Албетте, жарнама аркылуу акча тапса болот. Бирок ушул кезге чейин менде Инстаграм аркылуу акча табам деген ой болгон эмес. Мен жарнама кылсам деңгээлимди болбогон акчага сатып койгондой боло берем. Жарнама деген чоң жоопкерчилик. Акчага кызыгып, кайсы бир азыктын же косметиканын сапатына карабай жарнамалап, кашыктап чогулткан абийиримди төгүп алгым келбейт.

– Шоу-бизнестеги отуруштардан сизди көп көрбөйбүз...
– Кесиптештерим көп жерге чакырышат. Тилекке каршы, балдарды калтырганга киши жок, бара албай калам. Эл бир чакырат, эки чакырат, бара албасаң кийин чакырбайт да. Ага менин таарынычым жок.
Мен жумуштан кийин үйгө барып балдарымды эркелетип, эс алгым келет. Популярдуулугумду жоготпошум керек деп ар жакка барып жанталашпайм. Чын дилинен жакшылыгына чакыргандарга колдон келишинче барам. Бирок «хайп» болгон той, кечеге пиар үчүн баргым келбейт.

– Маегиңизге рахмат!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Нэна: “Мени депрессия кылган да, андан чыгарган да балдарым”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
26.08.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ачык айрым сонун кыз. Бактылуу бол.
26.08.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бир жолу түз эфирден журналист күйөөңүз жумуштан кеч келгенде сизди урушбайбы десе: "Жок мен аны урушам дегенден кийин эле ажырашты деп угуп калдым. Акылдуу аял эч качан антпейт да эркек слабый болсо да анын абройуна шек келтирбеш керек
26.08.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Соц тармакта отурбаганы, билимди токтотпой алып эмгектенгени жакты. «Нарындан жазган салам кат» деген ырды жогорку денгээлде ырдаган. Ошондой таасирдуу ырларды кобуроок ырдашын каалайм.
26.08.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодцы
26.08.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай сонун эже,,,,жанынан коруп,озунчо эле "праздник"эже экен дегем
26.08.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Катуу тийгени казандыкы,акырын тийгени мискейдики окшойт деп калдым)))))))
27.08.2019. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur777,дегени жакты)))
26.08.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инстаграм тууралуу пикириңди колдойм, аябай жакты, Мадина. Бактылуу бол!
26.08.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уулдарындын урматын кор,бактылуу болуп,омурун узун болсун.Ишине ийгилик!
SUPER.KG видео
26.08.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин жаман болгон кундо да,балдарыныздын атасы..."мой язык,мой враг" деп эле куйоосун жамандап,жер менен жексен кылып элге жарыя кылып кайра жарашып алган Айжамал Кабылованы кордук))андыктан,а так эже озунчоле "праздник"))куйоосун эле жамандаганы болбосо)
26.08.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kgz.girl_kgz,Айжамал жарашкан жок.Кайнежеси интервью берди го «жараштык дегенин окуп алып,тан калдык»-деп.
Ненанын куйоосуно таарынычы бар экен. ХХХХХ го сыягы
Модератор admin_portal түзөттү 2019-08-27 11:14:56
27.08.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777, mela, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган.
27.08.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Инстаграм боюнча оюна кошулам

Элдин козуно эмес ,
Чыныгы жашоодо бактылуу болгула!
29.08.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо чын аты кандай?
01.09.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлогон создору орундуу экен. Ой жугуртуусу да. Асан менен Самарага окшоп акчанын артынан тушуп, популярдуулукту инстаграм ж.б.катталуучулардын саны менен тушунуп, адамдык сапаттан кеткендерден эмес экен...

Самара менен Анжелика пиар учун жашаса, жасалма жашоо ичинде, бул кыз чыныгы жашоодо жашаган акылдуу кыз экен. Балдары Асан менен Самара, Анжеликанын уул-кыздарына салыштырмалуу акылдуу, ыймандуу, намыстуу болуп чыгат буюрса...
02.09.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын баалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо