№878 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж
Туристтерге фламинго жумурткалаган аймак катары таанылган Түркиядагы Туз көлүнүн суусу көгүлтүр түстөн күлгүн түскө айланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, көлдүн мындай кубулушу аба ырайынын таасиринен улам болууда. Экологдордун айтымында, бул убактылуу гана кубулуш. "Күн ысыганда суунун ичиндеги балыр сыяктуу өсүмдүктөр өздөрүн коргоо максатында бета-каротин затын бөлүп чыгарышат. Мындан улам суу күлгүн түстө көрүнөт. Күн салкындап, жамгыр сезону башталганда көл кайра өз түсүнө келет",- дешет эксперттер.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |