Талант Кадыров, ырчы: “ИНИМДИН ШОУ-БИЗНЕСТЕН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН, БИРОК ЖАН ДҮЙНӨСҮ ЫРДЫ ЭҢСЕП ТУРАТ”

№878 29-август - 4-сентябрь, 2019-ж

Дуэт катары чыгып, элге жакшы алынган эки ырчы бар. Сөз төркүнү "60'К" тобунун ырчысы Талант Кадыров менен Айя Садырова жөнүндө экенин байкасаңыз керек. Талант мырза өзүнүн жаңылыктары менен кошо талкууга жем таштаган жеке баракчасындагы билдирүү тууралуу айтып берди.

– Талант, кандай жаңылыктар бар? Жашоодо, чыгармачылыкта?

– Жеке жашоодогу жаңылыктардан айтсам, мурунку берген интервьюдан бери кыздуу болдум. Азыр Кудайга шүгүр, акырындан чоңоюшуп жатабыз. Чыгармачылыкты айтсам, буга чейин ырдап жүргөн “Мерез жүрөк” деген ырды кайра башынан жаңылап аранжировкалап чыгардым. Эл аны Айя экөө ырдаса деп күткөн экен. “Эмнеге жалгыз ырдадың? Айя менен эле ырдасаң болмок. Экөөңдүн ырдап чыгышыңарды күтүп жатканбыз” деген пикирлерин көп айтышты. Айя өзүнчө “Тоо булагы” деген ырды жаңылап ырдап чыкты. Бирок ырларыбыз дуэттерибиздей элге шак алынып кеткен жок. Эми кайрадан 1990-жылдарга кайтып, Кудайберген Кутуев агабыздын “Сүйүү балын” ырдап чыгып, клип тарттырдык. Өкүнүчтүүсү, клипке деп атайы Дубайга барып тартып келген кадрларыбыз жарабай калып, кайра Бишкек шаарынан тартууга туура келди.

– 2019-жылы силер дуэттердин “атасы” болдуңар, бирок жалгыздан ырдаган ырларыңардын чын эле кабыл алынбай калып жатканын байкадым. Эмнеден?

– Биз дагы өзүбүзгө ушул суроону берип көрдүк. Мисалы, “Мерез жүрөк” мага аябай жагат. Муну көп жылдан бери бышырып, бир нече жолу аранжировкасын кайра-кайра жаздырып, быйыл ырдап чыктым. Бирок элге алынбады. Оор ыр болуп калдыбы деп ойлосом, “Сен менин түшүмсүң” сыяктуу эле мааниси терең жакшы ыр. Эл жалгыздан кабыл албай жатат окшойт деп күйөрмандарыбыздын өздөрүнүн суранычы менен дуэт жаздырсак, кайра “Айя Таланттын үй-бүлөсүн бузуп койду, экөөнүн ортосунда бир нерсе бар” деген сыяктуу комментарийлерди жазып чыгышат. “Эл айтса айта берсин, мейли” деп кайра бир жаңы ыр жаздырдык. Менин оюмча, Айя экөөбүз дагы көп ырдайт окшойбуз.

– Башка ырчы кыз менен ырдап чыгып талкууларды токтотуп салсаң кандай болот? Ырчы кыздар көп го, үнүң көбү менен эле төп келсе керек, менимче...

– Жок, башка ырчы кыздар менен ырдап чыкканга аракет кылган жокмун. Эл биринчи кезекте эле “Айжамал Кабылова менен ырдап чыкпайсыңбы?” деп айтат. "Самара Каримова менен ырда" дегендер бар. Эч кимге сунуш кылып көргөн эмесмин, бир гана Айпери Кубик кызына айтып бир ырды сунуш кылдым. Бирок ошол учурда үй-бүлөлүк маселеси менен болдубу, көңүл бурган жок. Ошентип кайра эле Айя экөөбүз бириккенге аргасыз болуп жатабыз (күлүп). Тойго ырыбызды суранып чакырып калышат, бирок чанда, биз сунуштаган баага макул болушса гана барабыз. Мен башынан эле той ырчысы болгум келбейт. Чыгармачылыкка кайтып келгенде “тойго көп барбаган, концерт, гастроль менен алек болгон ырчы болом” деп максат коюп бир жыл аракет кылдым. Ошентип жүрүп бир концерттен Айя менен дуэт ырдап калдык. Эл жакшы кабыл алды, кийин “Келчи, гүлүмдү” чыгардык. Аны да жакшы кабыл алышты.

– Чыгармачылык жараткан абалдан экөөң тең өзүңөрдү ыңгайсыз сезгендей сезилип жатат мага? Ушундай абал барбы?

– Бар. Элдин жаман сөз сүйлөгөнүн же бир кызыктай көз карашта карап жатканын сезип, мен көнүп деле калдым. Анткени эркек киши көтөрүмдүү келет. Айя назик аял. Комментарийлерди окуп алып жүрөгү ооруп калат экен. Ошол үчүн эл алдына чанда чыгып калдык, сөзсүз барыш керек болгон жерлерге эле барып, ортобузга чек коюп калдык.

– Жакында Айянын туулган күнүнө карата жазган куттуктооң таң калычтуу болду. “Жүрөгүмдүн терең жериндесиң...” дедиң. Муну менен эмне айткың келди?

– Ачууну ачуу басат дедим окшойт (күлүп). Тамаша, андай деле эмес. Чынын айтыш керек, Айянын кандай адам экенин жакшы билем. Аны мактагандай болбоюн, бирок андай кыз жок го дейм. Ачык сүйлөйт, калп айтканды билбейт. Тааныса да, тааныбаса да 2000-3000 сом муктаж болгондорго берип коёт. Өзүнө жетпей турса да ушинтет. Ушундай сапаттары менен жүрөгүмө кирип кеткен. Сыйлайм, жакшы көрөм, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жүрөбүз. Бирок ортобузда эл ойлогондой эч нерсе жок. Инсан, дос катары жүрөгүмдө деп эле жаздым.

– Аялдык тилектештик катары айтсам, менин күйөөм кесиптешине ошентип жазса, мага оор эле болмок. Жубайыңдын жүрөгүн оорутуп алдым деп ойлобойсуңбу?

“Муну кандай түшүнсө болот?” деп сурады, албетте. Мен дал сизге түшүндүргөндөй түшүндүрдүм. Өнөр адамынын аялы болуш өтө оор. Голливуд актёрлорундай аны менен өбүшө калган жокмун. Болгону кесиптешим, жакшы санаалаш катары туулган күнүн куттуктадым. Чыдаса жашайт, чыдабаса жашабайт. Мен бул жерден жүрөктү оорута турган иш көргөн жокмун.

– Келинчегиң кыйын аял экен...

– Оор басырыктуу, түшүнүктүү. Кимге турмушка чыгып жатканын башынан эле билчү да. Эң негизгиси, мага ишенет. Ишеничин актайм деп ойлойм. Биз катуу сүйүшүп, мен аны Казакстанга чейин кууп барып үйлөнгөм. Мен анын жанындамын, эл эмне десе да, ал менин ким экенимди, кандай күйөө, кандай ата экенимди билет.

– Аял менен эркектин ортосунда кандай достук болушу мүмкүн?

– Сонун эле достук болот.

– Талкууну аягына чыгарып коёлу, көпчүлүк Айя экөөңдү көп жерден бирге көргөндөрүн эле эмес, окшош кийим кийип алганыңарды да талкуулап жатышат.

– Биз атайын окшош кийим тиктирген эмеспиз. Мисалы, бир дүкөн ачылса бизди “жарнамалап берип койгула, биз менен сүрөткө түшүп койгула, сиздерге кийим белек кылабыз” деп чакырып калат. Адатта ал окшош кийим болуп калат. Болгону ошол.

– Ушуну менен бул теманы жаптык, апаң Рая Нургазиева да ырчы эмеспи, экөөң ырдап чыксаң да өзгөчө болмок болуш керек.

– Андай пландар бар. 10 жыл мурун иним үчөөбүз ырдап жүргөн “Эне тилеги” деген ырыбыз бар. Эми апам экөөбүз ырдап чыгалы деп турабыз. Эне-бала тууралуу сонун ыр чыгарып, клип тарттырсамбы деп ойлонуп жатам.

– Иниң тууралуу айтып берсең, анын мүнөзү кандай, сеники кандай, эркек балдар бири-бирине жөлөк болот деп коюшат го. Силердин мисалыңарда канчалык бул туура?

– Биз иним Самат экөөбүз башкачабыз. Кичинемден мен борборго музыкалык мектепке окууга кетип, ал Ошто калды. Кичинесинде менин колумдан таяк жеп эле жүргөн бала да. Бирок чоңойгондо мүнөзү башкача болду. Кээ бир учурларда келише албай калабыз, бирок катуу урушуп кетпейбиз. Жөн эле телефонду өчүрүп коёбуз, эки сааттан кийин чалып кечирим сурайбыз. Менин дүйнөм азыр шоу-бизнес болсо, ал бул чөйрөдөн алыс адам. Анткени аябай көңүлү калган. Бул тармакты ыплас, интригасы көп деп ойлойт. Жан дүйнөсү ырдоону эңсеп жүрсө да, шоу-бизнеске киргенге коркуусу жолтоо кылат. Аябай таланттуу жигит, менден жакшы ырдайт. Диапазону күчтүү, нотаны бийик алат. Ал шоу-бизнести мурункудай элестетип жүрөт, бирок азыр интернет менен эле атын жасаса болот. Мурункудай эч кимге көз каранды эмессиң, эшик бардык жактан ачык.

– Бала бактылуу болушу үчүн ата эмне кылышы керек?

– Балдарыма жатсам-турсам жакшылык тилейм. Мурунку никемден кыздарым бар, аларга каралашып турам. Чоңойгончо бардык милдети моюнумда. Бирок ата катары ишке кармалып, балдарга аз убакыт бөлөм. Мен дагы кичинемде атама (ред.: ырчы Алтымыш Кадыров) көп көңүл бурбайт деп таарынчумун, сагынчумун, үйгө келгенде кадимкидей кубанып, жүрөгүм ыраазы болуп кетчү. Атам ырчы болгон үчүн бизге азыраак көңүл бурчу экенин, ал дагы бир чыгармачылыктын ойку-кайкы жолдорунда болгонун азыр жон терим менен сезип жатам. Ошондо мен аны түшүнчү эмесмин, азыр түшүнөм. Турмуш өзү ушундай экен, чынын айтыш керек, бир жылдан бери мурункудай балдарыма көп убакыт бөлө албай жатам. Аябай жакшы көрөм балдарымды, ошолордун келечеги деп чуркап жүргөнүмдү алар да мендей болгондо түшүнүшөт деп ойлойм.

– Ачык ойлоруң үчүн рахмат, эмки дуэтиң дагы ийгиликтүү болсун!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Талант 60K: “Айя менен жубайым жакшы мамиледе”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(31)
02.09.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
1Журогундун тупкурундо Ая эмес жубайын, балдарын болушу абзел2.чыдаса жашайт чыдабаса жок дегенин адамдык сапаттын томондугу. 3.аялын уйунду туптоп, балдардын туйшугун которуп жаткан учун сен ,,бактылуу ата,, болуп журосун.4. Дуэтинер чынында уккулуктуу дагы да ийгилик бирок интервью берээрде аялынын конулун оорутпа. Экинчи турмушуну да бузуп алба
04.09.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,эн туура айттынар!
06.09.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айяны ал назик аял деп тим эле, Супер кана аялы менен семейный суроту. Ошондой кучтуу аялды королучу. Самат иниси туура эле байкаптыр, шоу-бизнес бул ыплас, интрага толгон, шайтан аралаган чойро, илгертен бекер айткан эмес да "ырчыны аялым (ээрим), шоферду ээрим дебе" деп. Шоу дуйнодо аялы ким, ээри ким териштирилбейт, чогуу эле бир казанда аралашып,эзилип жатып калышат. Кудай сактасын андай чойродон, тем более азыр акча учун ырчы-чоорчулар жанын берууго даяр баары.
02.09.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Койчу начар адам экенсин ...пейилин начар...жакпай калдын сен...акыр аягы бир нерсе болоор бекенсин журогундун тупкурундогу адам менен
elmira. түзөттү 2019-09-02 10:04:20
02.09.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Суротко жап жаккын болуп тошун тийгизип тушушкон го, Талантын аялына сабыр тилейм, баары бир аялдар кызганат да кылтындап экоо чогуу эле ырдап журушсо.
02.09.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Баары эле башында фея болуп корунот.............
02.09.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аялын ошентип мактап койсо асманга учуп кетет го ,байкуш ,конулу которулуп. Эркексин да эркек, аялын журогундо вулкан кайнап атат, сен козго илбей жатасын, убактынчалык кызыкчылыкка жогорудагыдай "Фея" сулуу чымчык болмушка. Лично мен ырынарды да укпайм, дальше не интересует. Аялы зорго жашап журсо керек атаганат дунуйо...
02.09.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Баягы Айбек Карымов да ушинтип жашаса жашайт жашабаса жок деватып Гуландага кетип калдыго.ошондон сон Айбек авторитетин жоготтуго.абайланыз.уйбулоо ыйык нерсе.колдо бар алтындын баркы жок болуп жатканго
02.09.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тимеле кыналышып тушушуптур. Балдарынан уялса болмок жок дегенде. Аялы кетип калса керек менимче. Айя деген ырчыда ХХХХХ. Кой ,минтип тушконубуз уят,сый эле бололу дебейби. Аял башы менен жабышып тушкону кантет??
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-02 17:49:01
SUPER.KG видео
02.09.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыдаса жашайт,чыдабаса жок дегени эмнеси?.. бир гана аялы эле сенден көз каранды болгонсуп. Башында жөн эле кесиптеш деп аттың,эми жүрөгүмдүн түпкүрүндө деп олтуруп...кудай сактасын.Айя м-н эле ишиң жүрүшүп жатса да ,аягы шайтандын азгырыгы м-н бүтпөсүн деп изденип иште, өзүң деле жакшы чыгармаларды алып чыга аласың.Уже атынарды жакшы эле таанытып алдың.болбосо бул мамиле үй-бүлөдөн айрып,элдин назарынан түшүп калуусуна да алып баруусу ыктымал...
Sultanim түзөттү 2019-09-02 12:58:05
02.09.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кооп кетиптир бул ырчы. Акча кобое тушконго. Кыргызда соз барго"копконун ХХХХХ Бир Куну" деген. Абайла
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-02 17:50:16
02.09.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыдаса жашайт чыдабаса жашабайт !!!Эсин барда этегинди жап деген кыргызда жакшы соз бар .
02.09.2019. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аялына сабыр.Чыдабаса жашабайт дегени кандай.Айя жакшы корунуп атат да сага.Аялынан караганда кантип Айяны жакшы билсин.
02.09.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
gulanda92, Ошо да,Аяадай жакшы адамды коро элекмин деп, жаман жагы корунбой козк тумандап, толька жакшы жагы корунуп калган го.
02.09.2019. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыдаса жашайт чыдабаса жашабайт дегенин биринчи окуп алып тушунбой калдым деп кайра окуп чыктым тан калдым тоба озунун сыйын билсе жакшы болмок
02.09.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тооба аябай эле ашыкча суйлоп коюптур эн биринчи уй-було
02.09.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оо мындайлар айалдарын уруп ойнобойта, копкондор, озу айткандай жашасан жаша жашабасан жогол
02.09.2019. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иши кылып "Жанылдым,жаздым"деп ыйлабасан болду. Ии баса кийинки интервьюларда "аялыма медаль тагыш керек,мендей артистке чыдаган"деп ХХХХ да!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-02 17:51:40
02.09.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялын кетип калса коробуз, озун чыдайт бекенсин. Нанды чон тиштесенда, созду чон суйлобо дейтго.
02.09.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыдаса жашайт чыдабаса жашабайт деп аялына интервью аркылуу жолун бош кете бер дегендей кылыптыр го озу эркектин бетинде донуздун тугу бар деп бекеринен айтпайт да
02.09.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыдаса жашайт чыдабаса жашабайт дейт ко.. ?Эркектер кыйынсынарбы и так ысык суугуна ушул убакка чейин чыдап келе жаткандыр.Уже интервюсун окугум келбей калды.Аяаны чын эле жакшы корот экен билинип эле турат маегинен
02.09.2019. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бирөөнүн жашоосу менен ишиңер эмне деймин да! Жашоо сеники өзүң билесиң Талант, ар ким ар нерсе дей берет.
02.09.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
bakyt9,
Туура!

+басайын деп -кетип калды
02.09.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Главный семьян менен бактылуу бол!
Эл ар нерсе дей берет.Максат мн Чолпонду суйлогондой.
03.09.2019. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жигит бир азэле жакшы кором дегени жактырдым дегени. Иним эсин барда акылына келишин керек. ХХХХХ болсон балдарвн озундун бпла кездеги кусалыкта чонойгондой чоноер бекен. Айя болсо конуп калган ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-03 09:38:47
03.09.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне эле кыйын болосун кыйраткансып «чыдаса жашайт чыдабаса кетет», деп. Сен айдын топурагынан келинчегин жердин ылайынан жасалыпбы! Уйбулоо деген ыйык нерсе. Эсин барда этекти жый
SUPER.KG видео
03.09.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман Ибраевтей болуп журбо былыгын чыгып.... анан аялындын кадырын билип суротторун тынбай жуктоп каласын
04.09.2019. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айя экоонордун унунор бири биринерге жарашат.Айперинин уну болбой калат го дейм.
04.09.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы ай эми ушуларды ажыраштырып ийбегиле,коментаторлор
05.09.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аяны мактаганча аялын мактап койбойбу? Тороп берип, уйдо отурса каяктагы бироого калоо тилек жазбай, женил ойлуу киши экен, Айа мн барганча тойлорго кечелерге аялын ээрчитип барсын, лично мен булардын ырын укпаймын дагы
06.09.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурунку нике,азыркы нике, кийинки нике деп..... настоящий
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-09 13:01:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо