Даниель 5 жылдык тыныгуудан кийин сахнага кайтты. «ҮЙЛӨНГӨН ЭМЕСМИН. ҮЙЛӨНСӨМ СЫНАККА КАТЫША АЛБАЙТ ЭЛЕМ» дейт ал

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

Бул ырчыны биз 5 жыл бою сахнадан көрбөдүк. 5 жыл социалдык тармактардан да жок болуп кете тургандай эмне болду? Кайра сахнага кайтуусуна эмне себепкер болду? Окурман, мунун бардыгын Даниелдин маегинен биле аласыз.

– Даниель, кандайсың, деги барсыңбы?
– Рахмат, баары жакшы, бармын.

– Жакында «Дүйнө мырзасы-2019» сынагына катыштың, 5 жылдан кийинки тыныгуудан соң чыгармачылыкка катуу киришейин деп чечтиңби?
– Ооба, сынакка катышуу менен, биринчиден, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Экинчиден, Кыргыз өлкөсүнүн атын чыгаргым келди. Филиппиндин борбору Манила шаарында өткөрүлгөн бул эл аралык сынакка мырзалардын арасынан биринчилерден болуп мен катыштым. Азыр чет өлкөдөмүн. Өзүңөр билгендей, шоу-бизнестен алыстап кеткениме көп убакыт болгондуктан, бул сынак мен үчүн жаңы кадам, жаңы тепкич болду. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн жаңы продюсериме жана биздин командага ыраазычылык билдирем. Дагы көптөгөн эл аралык сынактар алдыда. Сынакка 72 мамлекеттин сымбаттуу жигиттери катышышты. Спорттук мелдештер, улуттук кийим көргөзмөсү, экстремалдык спорт жана дагы бир топ өнөрлөр боюнча таймаштык. Мен «шоу-талант» сынагынан экинчи орунду алдым. Баары ойдогудай өттү.

– Жакшы экен, эми 5 жыл бою эмне себептен сахнадан сени таппай калдык, ошого токтололу.
– Эл алдында жүргөн адам кээде жасап жаткан ишинен алыстагысы келет. Ар бир адамга тыныгуу керек экен. Мен да ушул максатта чыгармачылык тыныгуу алдым. Башка чөйрөдө жүрсөм да, жан дүйнөм сахна деп турду. Жаңы дем, жаңы күч, изденүүлөр менен кайра сахнага кайттым.

– Анткен менен 5 жыл көп эле убакыт да, эмне иш менен алек болдуң?
– Чет мамлекетте жашадым. Бизнес тармагындагы иштер менен алек болдум. Бирок жан дүйнөм сахнаны, ырдоону каалап туруп алды. Ошол себептен сахнага кайтууну чечтим. Албетте, бул чечимди кабыл алуу мага оңой болгон жок. Аябай ойлондум. «5 жыл такыр ырдаган жокмун, күйөрмандарым мени унутуп калбадыбы? Чыгармачылыкты ийгиликтүү улантып кете аламбы?» деген чочулоолор болду. Бирок мени унутпай, сахнага кайтышымды күткөн күйөрмандарым бар экенин көрүп ичим жылыды. Мындан дагы жакшы иштеш үчүн болгон аракетимди жумшайм. Менин чыгармачылыгым эми таптакыр башкача болот деп турам.

– Жок болуп кеткениңде ар түрдүү жоромолдор болду, кээ бирөө оор дартка чалдыгыптыр деп да айтышты?
– Кудай сактасын, мен эч убакта катуу ооруган эмесмин. Эч ким оорубасын, баарыбыз ден соолукта бололу.

– Ишенимдүү булактардан сенин үйлөнүп, кыздуу болгонуңду уктук эле...
– Билесиздерби, мен үйлөнгөн болсом жогоруда айтылган эл аралык сынакка катыша албайт болчумун. Сынактын келишиминде катышуучу бойдок болушу керек деген талап баса көрсөтүлгөн. «Алдап коём» деп катыша турган болсо дагы, алар кылдат текшерип чыгышат. Ошондой эле менин жаңы продюсерим экөөбүздүн ортобузда да келишим бар. Ал үйлөнгөн ырчылар менен иштешпейт. Андыктан бул жөн эле сөз. Маалымат берген адам мени пайдаланып «хайп» жасайм деген окшойт. Мындай ушактардын далайын көрдүм, көнүп да калдым. Мен бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишпейм, меникине да бирөөнүн кийлигишкенин жактырбайм.

– Мейли, жеке жашооң табышмактуу бойдон калсын. Сахнага кайтып келгенде шоу-бизнесте эмне өзгөргөнүн байкадың?
– Чынын айтайын, менин сахналаш досторум капа болбосун, өзгөрүү такыр жок. Той мурункудан да көп болуп кетиптир. Мен шоу-бизнеске кайтып келгеним менен, той форматына басым жасабайм. Башка форматта чыгам, күйөрмандарым башка Даниелди көрөт деп ишендире кетейин. Учурда жаңы ырлардын үстүндө катуу иштеп жатабыз. Азыркы иштешип жаткан продюсерим чет өлкөлүк продюсер, Европа менен Азияда таанымал инсан. Аты-жөнү азырынча сыр болуп турсун. Убагы келгенде сиздерге биринчилерден болуп айтабыз.

– Мурунку продюсериң Канат Култаев менен кандай мамиледесиң?
– Канат байке менен мамилебиз жакшы, мен ал инсанды азыркыга чейин сыйлайм, урматтайм. Ал киши өз убагында атымды чыгарды. Урушуп кетти деген жаман ойдон алыс болуңуздар. Мен өз алдымча кетүүнү чечип, 2014-жылы Канат байке менен иштөөнү токтотконбуз.

– Ар бир инсандын башында оор күндөр болот, сенин деле башыңдан өткөндүр, ошол учурда сага ким жардам берди?
– «Энеден башка эч ким сага күйбөйт» деп айтышат го. Жайчылыкта баары жаныңда болот, башыңа сыноо түшкөндө кимдин ким экенин билет экенсиң. Мени алтын апам, эжем жана туугандарым колдоп турушту. Көп досторум бар деп ойлочумун, арасынан эки эле досум бар экенине күбө болдум. Аз болсо да чыныгы досторум бар экенине ыраазымын. Бирок мен эч убакта чөкпөйм жана тагдырдын сыноосуна сынбайм. Жаңы продюсериме жашоомдун сыноо мезгилинде кезигип калып, чыгармачылыкка алаксып кеттим.

– Эркин микрофон...
– Мен сахнаны, күйөрмандарымды аябай сагындым.
Күйөрмандарым мага жаңы дем-күч берди. Сынакта мага добуш берип, колдоп турушту. Баарына ыраазычылыгымды билдирем, жакшы көрөм, урматтайм!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(20)
09.09.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Баардык жоголуп кеткен ырчылар:"Жан дуйном сахнаны сагынды и т.д" дей беришет го,депутаттар камакка тушкондо"ооруп" калгандай ,шылтоосу бир)
09.09.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Stervamyn,менин оюм айтыпсыз
09.09.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын чыгармачылык ийгилик каалайм
09.09.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шоу бизнесте озгоруу жок дейт ко. Кандай озгортуу киргизет коробуз да эми
09.09.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчы болуш учун жакшы ырдаш керек, жакшы ыр жаратып эл оозуна алыныш керек,озу популярный, бирок кайсыл ырды ырдаарын билбейбиз,ошондой ырчылар коп бизде, хайп,же озун пиар кылып таанылганча жакшы ыр жаратсан же жакшы ырдасан эл озу баалап алат,а Даниэль ырдай албайт пиар менен таанылган
09.09.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Копчулук ырчылар башка ишке кызыгып коруп,иштей албай оной оокат ырчылыкка кайра кайтып келейин деп эле:сахнаны сагындым,куйорманымы сагындым деп шылтоо кылып келе берет экен да
09.09.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dembele84,же куйорман,угармандар сагынсачы буларды деп кой
09.09.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dembele84,туптуура жаздыныз,эн оной оокат
09.09.2019. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы ырды ырдайт такыр билбейт экенмин.Ошентсе да аракетине ийгилик
09.09.2019. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алтынай Нарбаевага катталгам ырчылардан анан Сайкал бар инстаграмда. Той той башка эч нерсе киргизишбейт. Изденуу деген жок. Эски ырларды данкылдатышып тойлоп эле журот. Бизде как личность осуу деген болобу? Конкрус деген нерсени биздин ырчылар унутту. Бир жарытарлуу нерсе жок бир бала тороп алышып совет мамам деп чыга калышат биздин энелер 5баланы кордум дебей без подгузника чонойткон. Кыскасы Даниель айтмакчы бир эле жерде турат шоу бизнес жалтырап кийими озгоргону эле болбосо.
09.09.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ainura220888,совет маманыз жакты.
09.09.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ainura220888,Гулнара Кахаровага катталгаммен дагы, уч ыры бар ошо менен былтыртан бери эле тойдо журот,уялышпайт деле жаныраак ыр жаздырып алалы деп.
10.09.2019. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ainura220888,Айгеримдин баракчасы жалан эле жар жар
13.09.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainura220888,утур точкасына чейин туура айттын менин оюмдагыны жаздын
10.09.2019. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул бала ХХХХ дей берем тооба
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-10 12:44:31
10.09.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4

Осуш керек.
Биздин шоу бизнес
Той менен жар-жардан,ар турдуу фирмалардан косметика ар нерсени бекер алып реклама
Кылыштае башканы билбей калды!
11.09.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Даниель!!! Биз да сени сагындык. Тааныбагандар кийин бойго жеткен секелектер окшойсунар, убагында сонун ырларды ырдаган. Азыр деле угам ырларын.
Убагында суйууго мас болуп жургондо "Арзуулар"- деген ырын кайра, кайра угат элем.
Кайтканын жакшы болду, эми эт журокту балкыта турган чыгармаларды кутобуз.
12.09.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nursiyanur, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
12.09.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзууларды ырдаган Даниелби тооба арыктап кетиптир тааныбай калайын депмин ийгилик сени унутпагандар бар.
14.09.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок мурду мн ырдайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо