Супер-Инфо / Илим жана техника

SAMSUNG КВАДРАТ ФОРМАСЫНДА БҮКТӨЛМӨ СМАРТФОН ЧЫГАРАТ

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

Samsung компаниясы бүктөлмө экрандуу смартфон чыгаруунун алдында турат. Компания мындай идеяны мурда деле ишке ашырып, бирок Galaxy Fold аталышындагы экраны бүктөлмө смартфону техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам сатыкка чыкпай калган. Жакын арада бет ачары боло турган экраны бүктөлмө смартфон ачык турганда квадрат, ал эми бүктөгөндө ичке тик бурчтуу формага келип калат. Мындан улам аны чакан кылып чөнтөккө салса ыңгайлуу болмокчу. Смартфон тууралуу маалыматтарды чет элдик басылмалар компаниядагы инсайдерлер берген маалыматтарга таяп жазууда.

Жаңы смартфондун экранынын диагоналы 6,7 дюйм. Иштеп чыккан команда анын сырткы көрүнүшүнө, сатуучуларды тарта турган кооздугуна көбүрөөк көңүл буруп жатышканы айтылат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


SQLSTATE[08004] [1040] Too many connections Fatal error: Call to a member function prepare() on a non-object in /var/www/super.kg/mobile/module/article/model.article.php on line 341