КОМУЗЧУЛАР ЭЛАМАН ЖАНА АЙБЕК КАНЫБЕКОВДОР ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА 1-ОРУНДУ АЛЫШТЫ

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

Жаш комузчу бир туугандар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстанда өткөн “Чыгыш кайрыктары-2019” (“Шарк тароналари-2019”) эл аралык фестивалында биринчи орунду багындырышты. Фестиваль тууралуу Эламан Каныбеков буларды билдирди.

– Эл аралык музыкалык фестиваль 29-30-августта Өзбекстанда өттү. Анда дүйнөнүн 80 мамлекетинен келген 300дөн ашык өнөрпоз улуттук аспаптарын даңазалашты. Калыстар тобунун курамын 9 мамлекеттен келген өкүлдөр түздү. Алардын катарында Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да отурду. Кыргызстандын атынан иним Айбек экөөбүз гана катыштык. Биз Карамолдо Орозовдун “Жаш кербезин”, Нурак Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгын”, Атай Огонбаевдин “Ак тамак, көк тамагын” жана Ниязалы Борошовдун “Кара Өзгөйүн” чертип бердик. Эл жакшы кабыл алып, кол чаап сүрөшкөндө бизде бир аз үмүт пайда болду. Ага чейин алдыңкы орундарга илинебиз деп үмүттөнгөн эмеспиз. Анткени сынакка өтө күчтүү музыканттар катышты. Биз 1-орунду багындырдык, кубанычыбызда чек жок. Баш байгени өзбек өнөрпоздору илип кетишти.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
09.09.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматтар,кыргыз желегин которуп журо бергиле,ийгилик.
09.09.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Накта таланттар деп ушуларды айтыш керек. Кынылдап ырдап коюп эле звезда,Мадонна, примадонна болуп алгандарга Караганда он эсе ойдо турат булар. Анткени чыныгы таланттар.
09.09.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жигиттердин апасын тааныйм,апанардын ишеничин актагыла.Апанар сыймыктанат силер менен.
09.09.2019. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сонун.таланттуу инсан деп силерди айтыш керек.комузунар менен тен карыгыла.колунарга береке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо