Айзада Жамгырчиева, телеалпаруучу: "ТЕМИР ТУЛПАРЫМ ЭРКЕКТЕРГЕ КАРАГАНДА ИШЕНИМДҮҮ"

№879 5-11-сентябрь, 2019-ж

Айзада Жамгырчиева – атын өзү жасаган кыз. “Эгер менин демөөрчүлөрүм болсо башкалардай болуп Лексус айдап жүрмөкмүн” деген Айзада темир тулпар адамдарды кандай өзгөртөрүн, мырзаларга караганда унаасы ишенимдүү экендигин жана башка кызыктарды айтып берди.

Үлгүсү – Хонда Аккорд

Жогорку ылдамдыгы – 220 чакырым/саат

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 см3

Түсү – көк

Чыккан жылы – 2003

Баасы – 6000 доллар

– Айзада, салам. Бизге өзүң айтмакчы, "айгырыңды" кенен тааныштырсаң. Эмнеге айгыр деп эркелетесиң?

– Айдоочулардын баары темир тулпарын жорго дешет. Мен элге окшошкум келбейт. Анын үстүнө көк түстү эркектердин түсү деп билем. Унааны алгандан кийин биринчи жолу Таласка ата-энеме сүйүнчүлөгөнү барганда абдан жакшы жеткирди. Ошондо бул мени айгырдай болуп жолго таштабайт экен деген ой келип, айгырым деп атап алгам.

– Азыр темир тулпарың колдоочуң да, коргоочуң да экен. Анда мырзалар менен салыштырып көрсөң. Учурда кайсынысы сага керектүү?

– Мырзалар темир тулпарын кыздарга салыштырып коюшат эмеспи. Мен, тескерисинче, эркектерге окшоштурам. Болгону унаанын артыкчылыктары бар. "Айгырым" мен каякка айдасам ошол жакка кетет. Эркектер андай кылбайт да. Кыргыз жигиттеринде мен эркекмин, менин айтканым мыйзам болуш керек деген түшүнүк бар. Кыз-жигиттик мамиледе таарынышып, тартышып турсаң, унаа менен андай маселе жок. Кээде жигитиң менен таарынышсаң ага чалсаң албай, жолугушууга келбей коюшу мүмкүн. Автоунаа андай кылбайт. Кээ бир эркектер машинанын деңгээлине деле жетпей калат го. Мен унаага ишене алам, ал эми жигиттерге ишенич жок (күлүп). Азырынча автоунаам эркектерге караганда көбүрөөк пайдалуу.

– Өзүңдү кайда болбосун ишенимдүү алып жүрөсүң. Унаа айдаганда деле анча-мынча мырзаларды жолго калтырчудай сезилесиң.

– Ал жагы да бар. Кээде кайда айдаарын билбей жолду ээлеп бараткан айдоочуну аял болуш керек деп карасаң эркек болот. Батыраак айдабайсыңбы деп сигнал берип өтүп кетем. Менимче, айдоочулар эркек, аял деп бөлүнбөсө керек. Жолдо жакшы, анан жаман деген айдоочулар гана бар. Албетте, жаңы үйрөнүп жаткан мырзаларга караганда тажрыйбалуумун, жакшы айдайм.

– Катуу ылдамдыкта, башкалар менен жарышып айдап көрдүң беле?

– Ооба, Хонда Аккорд унааларынын ээлери менен жарышкан учурлар болот. Көбүнчө жарышка эркектер катышат. Алардын көпчүлүгү автоунааларын күчтүү кылып жасатып алышат да. Мен ушул турган унаам менен аларга тең тайлашканга аракет кылам. Ушул кезге чейин биринчи болуп келген эмесмин. Бирок айдагандагы эмоциялар мен үчүн биринчиликтен да артык. Жарышта 200 чакырым ылдамдыкка чыгам. Андай ылдамдыкта унаа учуп калат, бир нерсе болсо, башкарууну жоготуп коёруңду сезесиң. Бирок жолдо атаандаш экөөбүз эле болгондуктан коркпойм.

– Биринчи унааң Хонда Фитти алмаштырганга эмне себеп болду?

– Адамдын пейили тойбойт экен да. Хонда Фитти өзүмдүн эмгегим менен алдым деп аябай кубангам. Кийин Хонда Аккордду көрүп ушундай машинага жетсем деп кыялданып баштадым. Буга жеткенден кийин эми Лексус, Мерседес Бенцтерге кызыгып жатам.

– Унаа аларда түсүнө маани бересиңби?

– Мага унааны техниканы жакшы түшүнгөн агам тандап берет. Акчамды чогултуп, машина алганы жатам десем, ал Таластан келет. Экөөбүз автобазарга барып тандайбыз. Базарда көбүнчө айдалган машиналар болгондуктан агам “түсү маанилүү эмес, кыз кишиге жолдо калтырбай турган унаа керек” деп мени алдап эки унаамды тең алып берген (күлүп). Кудайга шүгүр, эки унаамда тең маселе болгон жок.

– Азыркы жашоодо каражат табуу да, чогултуу да кыйын. Алпаруучулук менен жакшы акча тапса болобу?

– Биз Таласта илгертен бензин сатып иштегенбиз. Ошондуктан 1 сом кайдан келерин жакшы билем. Шарактап күндө кыздар менен эс алып, акчаны оңго, солго чача бербейм. Жанымда акча болсо коротуп салышым мүмкүн. Андыктан аз гана алып жүрөм, калган сумманы банкка салып коём. Унаага акчаны ошентип чогулттум.

Кызыгы, Хонда Фитти айдап жүргөндө эч ким жол бошотчу эмес. Бизде унаага карата мамиле жасашат экен. Кымбат баалуу унааң болсо, демек, бай катары саналып, жол бошотушат экен.

– Сенин хейтерлериң унааңды сындай беришет...

– Ооба, акыл үйрөткөндөр көп. Аккордду жаңы алганда “өз эмгегим менен алдым” деп социалдык баракчама кубанычымды бөлүшүп жазсам, бир мырза Тойота Камрисинин сүрөтүн жөнөтүп, “сен эскирип калган Аккордуңду чыгарбай эле койчу. Азыр мындай унааны такси кызматында айдап жүрүшөт” деп жазды. Менин “аташкаларым” же демөөрчүлөрүм болсо, буга чейин мүмкүн Лексус айдап жүрмөкмүн. Андай мамиленин мага кереги жок. Мен унааларымды маңдай терим менен тапкан акчага алып жатам.

– Биринчи рулга отурган күнүң эсиңдеби?

– Алгачкы жолу 9-классымда отургам. Айылда Москвич үлгүсүндөгү машинабыз бар болчу. Талаага фасоль чапканы барганда апам “кызым кийин шаарга барганда машина айдайт. Үйрөткүлө” деп көп айтчу. Ошентип апамдын сунушу менен агам унаа айдаганды үйрөттү.

Ал эми өзүңдүн менчик унааң деген башкача болот экен. Байкем айдап келип короого токтотуп койду. Ата-энем баары айылга кетишкенде оюмдун баары унааны айдаш керек болду (күлүп). Акырын айдап чыгып жөн эле Бишкекти айланып кыдыра бергем.

– Рулда жүргөн кыздарга мырзалар жолун тосуп же башка ыкма менен көп тийишет эмеспи. Сен да ошондой учурга туш болсоң керек?

– Кызыл Фитти айдап жүргөндө көп тийишчү. Азыр таанып "Айзадасыңбы?" деп калышат же менин эркек мүнөзүмдөн коркуп, “кой, башыма чай кайнатат” дешеби, айтор, азыр тийишкендер жок.

– Кел эми, аягында жеке жашооңо кайрыла кетели. Жакында туулган күнүңдү өткөргөндө айланаңда күйпөлөктөп жүргөн мырзаларга көзүм түштү. Досторуңдун арасынан сени жактырып жүргөндөрдү байкайсыңбы?

– Мен кыздарга караганда мырзалар менен жакшы достошом. Досторумдун дээрлик бардыгы эркектер. Мүмкүн, арасында сиз айткандай жактыргандар бардыр. А бирок алар мени байкап жүрүшсө керек да. Азырынча эч кандай кабар жок (күлүп). Мүмкүн, кийин досторумдун арасынан бирөөсү чыгып, сунуш жасап коёр, ким билет

– Маегиңе рахмат! Тилектериң ишке аша берсин!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айзада Жамгырчиева: “Унаам эркектерге караганда ишенимдүү”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
09.09.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айгырындын торт бутунан шамал отуп Турсун,ак эмгектен тапкан Нан таттуу болот. Азаматсын
09.09.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдызы жок кыз. Ото эле ашыкча маек.
09.09.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Айгырым деп алганы жаккан жок. Кулака орой угулат экен
09.09.2019. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат.Кыйынды кыйын деш керек.Муну менен тең кээ бирлеринин машинанын м сы да жок.Бул да болсо аракет,ак эмгек.
09.09.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен колдойм ушу кызды. Мага жагат да шакылдап турганы. Кут болсун тулпарын!
SUPER.KG видео
09.09.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулар бир интервью бергенде ойлонуп сүйлөсө. Сен ошондо Кыргыздын жигиттер не ишенбей машинене ишенип жатасың да е?Сөз деп эле сүйлөй бербей ойлонуп сүйлөш керек тантык десе. Телефонуна дагы ишен бир жолу. Эртектерге дегенде сенин атаң аган дагы кирет. Машина техника деп койот мээн менен сенин
09.09.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойлонуп суйлосон Айзада...адамдан менен темир тезегинди бийик койбо
12.09.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira., Тамаша чегинде айтып жаткандыр
09.09.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эл алдына чыгып жүргөн кыз киши кантип айгырым деп айтат тообо.Обу жоктуктун да эби чени болот уялсаң кичине .Машинаңын сонуну таркай элек экен да баарынан үстүн коюп алганыңа караганда.
09.09.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айгырын түндөсү төшөгүнү жылытапаса бир тыйын. Эртерээк эрге тий
Tyty1990 түзөттү 2019-09-09 14:07:32
09.09.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иий бетим,уятле айгырым деп
09.09.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тобооо. ХХХХ Значить сенин атандан ага инилеринен темир тулпарын бийик экенда. Менинда ана иним бар кыргыздар сенин темир тулпарынды мен алардын тырмагынын тубундогу кирине да тенебейм. Чын эле фит менен акорд уже таксиде журот айгырым деп мактанбай эл катары бешене тер менен тапкан унам техникалык жактан жакшы десен болмок. Эркек мунозмун антем минтем дей бербей. Менда эркек мунозмун бирок озумдун кыз экенимди асылзат экенимди сезем акылым жаш курагым зезгенге жетти уже.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-09 17:47:27
09.09.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айгырын менен сенин кыз киши назигиреек суйлосо боло.
10.09.2019. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2003 honda accord ushunchalyk suiunobu,gazetaga chygyp interview berip.kyiynsynbaim birok ,erkekterge 20 jyl murunku mashinany salyshtyrbaile koiboptur.Men jakyndarymdy Ferrari,Lamborghini ge da tenebeim
10.09.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ туугандар бул атасын ини агаларын салыштырган жок Машинага. Озунор жигиттер ойлонсонор кичине кыздар бас деген жагына басып тур деген жерине тура бересинерби. Албетте намыстанасынар да. А машина антпейт кете берет деп жатат. Туура тушунуп анан жазсанар озунор соз экен деп эле жаза бербей
10.09.2019. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгыр деп айткандын не уяты бар экен. Айгырын айгыр дейт буканы бука дейт.
12.09.2019. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластык окшойт ээ... Ушунча да мактанабы ботом..
12.09.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен деле мандай терим менен тапкам, бирок сеникинен 2 эсе кымбат. Бир да жолу мактанып интернетке чыгарган эмесмин.
13.09.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгырындыкы автоматпы же механикабы?
13.09.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми өзүңө адам айгырдан алып алышың керек экен бойдок жүрө бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо