АЗАМАТ БАЙМАТОВ УУЛДУУ БОЛДУ

№880 12-18-сентябрь, 2019-жыл

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча 2009-жылдын “Супер футболчусу” аталган Азамат Байматов 7-сентябрь күнү уулдуу болду. Биринчи жолу ата статусуна ээ болуп кубанып жаткан Азамат мырзаны куттуктап байланышканыбызда, буларды айтып өттү.

– Ооба, уулдуу болдум. Учурда эне-баланын абалы жакшы, төрөтканадан чыгыша элек. Балабызга ысым коё элекпиз, азырынча ат тандап жатабыз. Ата-энебиз, туугандарыбыз менен кеңешип туруп бир ысым тандайбыз. Ата болгонго чейин эркектер көп нерсени түшүнбөй эле жүрөт экенбиз. Чыныгы жашоо эми башталган сыяктуу болуп жатат. Уулумду көрдүм, көбүрөөк апасына окшош экен. Салмагы 4 килограмм 80 грамм, бою 55 сантиметр экен, бул жагы атасын тартыптыр. Буюрса, футболчу болот деп турам.

Футболчу жигит менен жубайын мындай жакшылыгы менен куттуктайбыз. Ымыркайдын бешик боосу бек болсун! Кыргыздын атын чыгарган атага тең уул болсун деп тилейбиз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(2)
16.09.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирда жакбайт ушул Байматов озунчо эле звезда буну шоу дуйного неге жазат спорт жанылыктарына эле кыстарып койбойбу
17.09.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уулу атасына окшоп бир аз болсо да да кыргыздын спортуна,маданиятына салым кошкон,куйумдуу,ыймандуу балдардан болсун,келинчеги экоо бактылуу болушсун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо