№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл
Футбол боюнча 15 жашка чейинки Кыргыз өлкөсүнөн кыздар курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпиондугунда күмүш байгени жеңип алышты.
Мелдеш Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 13-16-сентябрь күндөрү болду. Ага Кыргыз Республикасынан тышкары Өзбекстан, Иран жана Тажикстандын курама командалары катышты.
Кыргыз курамасы Өзбекстанды 6:2, Тажикстанды 6:1 эсебинде ишенимдүү утуп алышты. Ал эми Иран менен болгон айыгышкан оюн 1:0 эсебинде каршылаштардын пайдасына жыйынтыкталды. Жыйынтыгында Кыргыз курамасы аталган мелдеште 2-орунду багындырып, күмүш байге тагынышты.
Кыргыз курамасынын оюнчусу Аяна Каратаева чемпиондуктун мыкты бомбардири аталды. Ал 3 оюнда 6 гол киргизе алган.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |