№881 19-25-сентябрь, 2019-жыл
16-сентябрь күнү Казакстандын Нур-Султан шаарында “Жайдарман” КВН Лигасында Нур-Султан шаарынын акиминин кубогу өткөрүлдү. Анда Ош шаарынан барган курама команда 3-орунга татыды. Оюндун жүрүшү, жыйынтыгы тууралуу "Ош" курама команданын жетекчиси Кадыр Жарматов мындай дейт.
– “Жайдарман” КВН Лигасына 15 команда катышты. Кубокко “No name”, “Универсал”, “Ошингтон”, “Оригинал” командаларынан балдар чогулуп, "Ош" курама командасын түзүп барганбыз. Биринчиликти багындырабыз деген пландарыбыз ишке ашпай, 3-орунга (байгеси 300 миң теңге) илиндик. Бирок буга капа болбойбуз. Оюн адилеттүү өттү. Эми бизди 18-сентябрда Ташкентте өтө турган КВН күтүп турат. Ал жактан жеңиш менен кайтабыз деген үмүтүбүз чоң.
Белгилей кетсек, Кадыр Жарматов жакында “Көңүлдүү жигиттер"
аттуу күлкү долбоорун негиздеген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |