"КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ-2019" СЫНАГЫНА БИР БУТУНАН АЖЫРАГАН БИЙКЕЧ КАТЫШАТ

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

Кыргыз өлкөсүндө сулуулар сынагына алгачкы ирет ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бийкеч катышмакчы. 19 жаштагы Ангелина Гаранина "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышып жатканына кубанганын айтат.

– Ангелина, салам. Алгач бутуңа эмне болгонун сурайын...

– 2011-жылы мага остеосаркома диагнозун коюшуп, оң бутумду ампутация кылышкан. Мен үчүн чоң кыйынчылыктар ошондо башталды. Анын баарын үй-бүлөмдүн колдоосу менен жеңдим. Ошондон бери бир бутум протез. Мага азыр да бир жакка баруу кыйынчылык жаратат. Учурда Санкт-Петербург шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде психолог кесибине ээ болуу үчүн сырттан билим алып жатам.

– Азаматсың. Сулуулар сынагына кантип катышып калдың?

– Мени уюштуруучулар өздөрү чакырышты. Бул мен үчүн аябай кубанычтуу жаңылык, сонун мүмкүнчүлүк болду. Буга чейин да социалдык тармактарга сүрөт киргизсем, меникине окшош тагдырга кабылгандар “кантип өзүңдү таштап койбой жашап жатасың?” деп сурашчу. Бул сынакка катышып, ушул адамдарга өзүнө ишенүү керек экенин, жашоону, өзүңдү сүйүп, колуңдагыны баалап жашаш керек экенин көрсөткүм келет. Мен үчүн сынакка катышып жатканымдын өзү жеңиш. Эгер кайсы бир адамга мотивация бере алсам, ошол менин утушум болот.

– Сен үчүн кандай адам сулуу?

– Боорукер, ички дүйнөсү бай, жашоону сүйгөн, бактылуу адамдар сулуу. Аларды көрүп эл да суктанат.

– Эмнени кыялданасың?

– Азыркы протезим эки жылдан кийин жарактан чыгат. Кыялым – ошол убакытка чейин жаңы протез алууга акча топтоо. Жашоону сүйүш үчүн бир нерсе менен алек болушум керек. Ал үчүн өзүм басышым кажет.

– Баары жакшы болот. Сынакта ийгилик коштосун!

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.09.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Удачи! Кучтуу инсан экен.
30.09.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алты саныбызды аман кылып берген Аллага шугур. Эки жылдан кийин протездин убактысы бутот ошого акча керек дегенде журок зырп эттиго. Аллага шугур
30.09.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу кыз экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо