Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова, ырчы: «АПАМДЫН ӨЗ НЕБЕРЕСИН ЖЫТТАП, ЭРКЕЛЕТИП ЖАТКАНЫН КӨРГҮМ КЕЛЕТ»

№882 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл

«ЭСТЕЙ ЖҮР» УНУТУЛУП КАЛГАНДА ЖЕРГЕ ТҮШТҮМ

– Балалык кезиме көз чаптырсам, апамдын конок тосуп жатканы эсиме келет. Уйкудан ойгонуп эле үйдө ырчылардын жүргөнүн көрчүмүн. Гастролдоп биздин үйгө конокко келген Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Алина Жетигенова өңдүү ырчылардын помадалары менен боёнуп, алардын кооз кийимдерине суктанчумун. Балалыгым «Кыз-Бурак» менен өттү. Топтогу кыздардын репетиция кылып жатканын көрүп жүрүп ырчылыкка сугарыла бериптирмин. Кичинекей кезимден баштап музыка каныма сиңип өскөнүмө сүйүнөм.

Музыкалык окуу жайда фортепиано бөлүмүнөн сабак алчумун, пианист болчумун. Булардын таасири менен «чоңойгондо мен дагы ырчы болом» деп кыйын боло берчүмүн. Апам болсо «сен банкир болосуң, ырчылыкка киришпейсиң, жакшы оку» деп ырдатпай койгондо стресс болгом.

Бир жолу үйдө «Эстей жүр» деген ырды фортепианого салып ырдап жатсам апам угуп калыптыр. «Эй, кыз, бери келчи, ырдачы» деп калды. Ырдап берсем талантымды байкады окшойт, аны студиядан жаздыртып берди. Ал ыр хит болуп кеткенде өзүмдөн кетип "жылдыз оорусу" менен ооруй баштадым. Баарына кыйын болуп, эч кимди тоготпой, сөздөрүн укпай калдым. 13 жашымда ырым хит болуп, ошол мезгилде эле "жылдыз оорусу" менен ооруп койгонума сүйүнөм. Андан бери ушул күнгө чейин ал илдет менен ооруй элекмин. «Эстей жүр» унутулуп калганда жерге түшпөдүмбү. Анткени бир жолу коомдук унаага түшсөм эч ким тааныбай коюп жатпайбы (күлүп). Мурда элдин баары жылмайып карап «кандайсың, Сайкал? Ырды жакшы ырдаптырсың» деп калышчу. Бул жолу жаман көрүп карап жатышкандай сезилди. Ошондо «мени эч ким тааныбай калган турбайбы. Дагы хит ырларды жаздырышым керек экен» деген ой пайда болгон. Артынан 3-4 ыр жаздырып ырчы болуп кеттим.

ТЫРМАГЫН ЖЕГЕН КЫЗ...

– Үйдө сүрөт салган альбом бар. «Кыз-Бурактын» кыздары менин кичине кездеги сүрөтүмдүн жанына «Сайкал кара тору, арык кыз. Жоош, тырмагын жей берет» деп жазыптыр. Тырмак жеген адатым ошондон бери кала элек. Кыжалат боло баштасам эле тырмагымды тиштегилеп баштайм. Тырмагыма шеллак койдуруп эле жей албай калдым. Бул адатымды калтыруу үчүн кичинекей кезимде манжаларыма самын да сүртүп коюшчу экен.

Шоколад мен үчүн оору десем болот. Аны жемейин тура албайм. Бала чагымда ойгонуп эле «шля бер» деп сурачу экенмин. Азыр апам «сени бекер эркелетиптирмин, шокаладды бекер эле бериптирмин, азыр толук болбойт элең» деп урушуп калат (күлүп).

«ЖАКШЫ СӨЗ АЙТЧЫ МАГА...»

– Кичинекей кезимде сахнага ырдап чыгуу, чачымды жасатып, кооз кийим кийүү кызык болчу. Оозумду боёп алып ырдап жатканымды кыялдана берчүмүн.

Биринчи жолу чоң сахнага Бишкектеги Спорт ордосунда чыккам. Анда кебетем чоң көрүнгөнү менен, 13 жаштагы кичинекей кыз болчумун. Аябай толкунданып, тизелерим калчылдап коркком. Ырдап чыкканымда эл аябай кол чапкан. Ырчылык кесибимде мага элдин кол чабуусу жагат, эргүү берет.

Кайгылуу ырларды жүрөгүм менен жеткире аткарам, андай ырларды жүрөгүм жакшы сезет. Эң башкысы, сүйүүгө кабылган адамдын абалын ырым менен жеткиришим керек. Жаман ыр болбойт. Жаман ырды да жакшы кылуу аткаруучудан көз каранды.

Ырларымдан кемчилик издеп «бул жагын туура эмес ырдап коюптурмун» дей берем. «Менин ырым сонун болду» дей берсе адам өспөйт. Кемчилигин көрүп, анын үстүнөн иштегенде гана өсүү болот. Сахнага чыгып ырдап жатканда элге «бул кайсы ырды ырдап жатат?» деген ой калтыргым келбейт. Ошондуктан ар бир ырымды хитке айлантууга аракет кылам.

Репертуарымдагы азыркы ырларымдан «Жакшы сөз айтчы мага» деген ырым купулума толду. Ошол учурда чындыгында жакшы сөзгө муктаж болуп жүргөм. Анткени турмушумда өйдө-ылдый учур болуп жаткан. Бул ырды апам сунуштады. Башында көңүлдөнбөй жүргөм. Кайра-кайра угуп көрүп жүрөгүмдө эмне болуп жатса ошол сезимди бул ыр менен чыгардым. Ошол ырды ырдап чыккандан кийин жакшы сөздөр айтыла баштаганда апам «мен сага жаман ырды сунуштабайм го» деди.

«АПАМДЫ НЕБЕРЕЛҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛЕТ»

– Тагдырдын эрке кызымын. Бала кезден эч нерсеге муктаж болбой чоңойдум. Ырчы болуп чыгуу үчүн башкалардай кыйналган жокмун. Кудайга шүгүр, апамдын колдоосу менен, талантым менен элге алынып кеттим.

Ишенчээкмин, мунун запкысын көп тарттым. Адамдарга ишенип жүрүп көп сындым. Апам «эч кимге ишенбе, сырыңды айтпа. Бир гана Кудайга, өзүңө ишен. Өзүңө деле ишенбей эле койчу, мага ишен» дейт (күлүп).

Апамдын көңүлүн ооруткандан корком. Аны капа кылып алсам жүрөгүм тилине берет. Дайыма эле ата-энеңдин жетегинде кете бербейсиң да. Айрым учурда өзүңдүн ой жүгүртүүң менен иш кылгың келет. Ошондо «эртең балалуу болгондо кандай болот экен, ал айтканымды кылбай койбойбу?» деп ойлонуп калам. Апам анда «сен мага кандай мамиле кылсаң, сага да балаң ошондой кылат» дейт.

Жашоомдо чоң сыноо болду. Турмушка чыгып, ажырашып кеткениме өкүнөм. Ал адам (ред.: алпаруучу Максат Довранов)менен ажырашып кеткениме эмес, жашоомдо ушундай окуя болгонуна. Анткени мен деле бир адамга турмушка чыгып аны менен очор-бачар болууну каалачумун. Бирок Кудайдын маңдайыма жазганын көрдүм. Ажырашып кеткеним өзүмө гана эмес, апама да чоң сокку болду. Өзүмдүн да, апамдын да көңүлүн оорутуп алдым. 3 айдай депрессияда жүрдүм. Ичимдеги өрттү, санаамды тамак, таттуу жеп басып жаттым. Чындыгында таттуулар ооруп жаткан жан дүйнөмдү аз да болсо дарылап жатты. Аны ченемсиз жеп толуп да кеттим.

«Дагы бир аз чыдап койсом бул күндөр да өтөт. Мага да күн чыгат, жүрөгүңө жакын кабыл албачы» деп өзүмдү-өзүм сооротуп жаттым. Диний китептерди окуп, насаат видеолорду көрүп жан дүйнө оорусунан акырындап чыгып кеттим.

Жакшылыктын баары алдыда. Турмушка чыгып, апамды неберелүү кылууну каалайм. Апамдын өз небересин жыттап, эркелетип жатканын көргүм келет.

«СҮЙГӨНДӨ НАЗИК КЫЗГА АЙЛАНАМ»

– Мени эркек мүнөз деп калышат го, сүйүп калганымда назик кызга айланам. Өзүмдү карап, кичинекей кыздай сезип, маанайым көтөрүлүп, үйдөгүлөргө жакшы сүйлөп калам. Ырларды жаздырып, жакшы клиптерди тартып баштайм. Эргүү келет. Сүйсөм катуу сүйөм. Келечекте үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жубай болом. Карьера мен үчүн биринчи орунда эмес. Азыр иштеп алайын. Балалуу болгондо үйдө отурам. Балдарымды жанымдан чыгарбай алып жүргүм келет. Аларды унаага салып алып ийримдерге ташып жүрүүнү кыялдана берем.

«КЫЗ-БУРАКТЫН» 40 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БОЛОТ»

– Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телевидение жана режиссёрлук факультетинде 4-курста окуп жатам. Убактымдын көбү окууга кетип чыгармачылыгыма аз убакыт бөлүп калдым. Бирок «Ай, кызым», «Сени тандадым» аттуу ырларыма клип тарттырдым. Өзүмдүн чыгармачылыгымды гана өнүктүрбөстөн «Кыз-Бурак» тобунун ырларына 2 клип тарттырууга жетиштим.

Ноябрда «Кыз-Бурак» тобунун 40 жылдык мааракесин белгилөө алдында турабыз. Бул топтун тарыхындагы эң чоң маараке болгондуктан кызуу даярданып жатабыз.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(27)
30.09.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
"Чоочун уй було-чытырман тонкой" денег макал туура айтылган. Эмне болсо да биз билбейбиз чындыкты. Жаш кыздын конулмун оорутуп сындабай эле коелучу. Жон эле бакыт тилеп коелук! Баары жакшы болот Сайкал,Максат. Бул жашоодо Оз тугойлорунорду таап ,бактылуу болгула.
Мага булардын ыраазы кылганы,башкаларчылап бирин-бири шыбаган жок,жаман соз айтып ызылдашкан жок. Ошон учун сыйлап калдым.
30.09.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikidiki,т9 ойноп кетиптир да. Кечирим сурайм.
30.09.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Ай кызым"ырың сонун болуптур мага жакты.Сен да бактылуу бол эртеби кечпи бакытка балкы Сакуля.
30.09.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда сындагандарга айткым келет келме кезек терме тезек.Бироону сыноодон мурда узуун ойлонуш керек.Анткени сендеда бардыр кыз.убагы келгенде коро жатарсын.Бул деген бешенеге жазылган сыноо.Демек бешенеге ушуну жазган экен корбоско Айла жок.Сайкалды сыйлайм жашы менден кичуу болсода сыйлайм аял иретинде.Шайыр жакшы кыз болгону бешенесине жазылган жазмышты тартты.Бирден бир куноо койчу адам ал куйоосу Максатта.Келиндида алпештеп булоо кылып алуу барган жерине карайт.Максат болгону 3 ай гана
30.09.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкал ты молодец!Ырларын ото уккулуктуу.Кандай гана нерселер болбосун,мен сага дайым бакыт тилейм
30.09.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындан аары баары жакшы болсун сенде да,Максатта да.
30.09.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жашады 3ай эн бактылуу кундорду откоруп жаткан убак болуш керек эле.Чынында жаны турмуш кургандардын эн ширин откоргон убактары 1 жыл болчу.Максат Сайкалдын эркелигинда башкасында билип жанада кайыл болуп алган чыдап оз тарбиясына сабырдуулук менен салып алса болмок.Максаттада карындашы эжеси бардыр.Эркеке Караганда аялга канчалык кыйын болгонун тушунушсого эркектер.Барган жерин жаман болсода биринчи эле кыздын башына таш тиет.Кыз мындай болсо керекда тигиндей болсо керекда дер.Сайкалбактылу бол
30.09.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Eli.91,Сайкалдын барган жери ото тарбиялуу жакшы жер болчу.Билип билбей суйлобой эле койгулачы.Кудайга Шугур кылып жашап кеьсе болмок ОЗУ.Эркин жашоого конгон Сайкал
30.09.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ким бактылуу болгусу келбесин, ажырашайын деп эч ким уйлонбойт, бакыт каалайм, баардык тилектерин орундалсын!!!
30.09.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сын такты дешсе гезит бетине чыгышпасын. Ичип жегкнине чейин айтып чыга келишет. Эми ажырвшканын кайта жаныртып соз кылганда эмне,эл мулжугон сооктой кылып тазалап ,жеп соз кылдыго. Кайта эле башынан тушкондун кереги эмне. ?? ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-10-01 10:42:14
30.09.2019. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
katerina.li,точно менин ойум жазыпсын
30.09.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Максат менен жарашып ал дагыда болсо кеч эмес.Кыргыз Эли колдойт деп ойлойм
30.09.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сайкалдын кайын журту эн сонун болчу,кайын энеси да сонун аял.Сайкал аргасыз эле артындагы ушактарды жабыш учун кыска ой мн тийип алды окшойт.Кичине жашап ажырашып кетем, деп ,эрге тийди аты болсо болду деп.
30.09.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Margo82,туура айтылды. Кандай кана ызы чуу болду. Максатка тан бердим,ошол создорго карабай алып алдыго.
30.09.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда тымагымы тиштейм 26чыксамда кутула албай келем
30.09.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман ойлуулар аман эле болгула!!!
30.09.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суперден свадьбасындагы суротун коруп эле ажырашат го деген ой келген.Сайкал бактылуу корунгон эмес.Гулшайыр эже аракет кылды,бирок Сайкалдын суйуусу башкага арналгандай эле.Башканы суйуп,энесинин созун угуп,аракет кылган Сайкалда деле куноо жоктой.Журок башкара алынбас.Билбейм,кимге кандай,бирок Сайкал мага жагат.Башкаларга салыштырмалуу эки жуздуулонбойт.Сайкалдын бактысын кутуп келем.Качан ХХХХ экоо биригет деп
Модератор admin_portal түзөттү 2019-10-01 09:15:57
30.09.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болосун кудаа кааласа.иншааллах
30.09.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ай кызым'ыры аябай сонун чыгыптыр.Обону, сөзү да өзүнө таандык турбайбы.
30.09.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жизнь бумеранг.Гульшайыр Садыбакасова ото «чон»суйлогон аял.Кызбурактын кыздарын канчасынын ХХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-10-01 09:12:36
01.10.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апам небере жытын жыттасын десен чыдап жашаш керек болчу. Ушунча ушак болуп, бети ачылып, элдин баары билип турганда Максат эч нерсеге карабай уйлонду эле. Уй бүлө бир нече айда эле урап калган болбойт. Эрке мүнөз болгон үчүн ажырашып кеткен деп ойлойм. Бир эки жыл чыдаса көнүп, суйбосо да, сыйлашып жашап кетишмекболсо керек. Эл адамы болгондон кийин жеке жашоо дагы үлгү болуш керек. Жок дегенде аракет кылыш керек
01.10.2019. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу ырчылардын дээрлик баары маек берсе "эркек мунозмун" ,анан "ишенчээкмин" деп айтышат
01.10.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li, оа кошулам чын чынына келген анынтескериси болуп чыга келет
01.10.2019. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сенин эмне учун ажырашканынды Эл качан эле таразалап билип бутту
02.10.2019. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоондун уй булоо куруп, алдыда кандай турмуш кутоорунор алдын ала эле белгилуу болчу да экооно.
03.10.2019. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боюнда болуп тороп калганда жашап кетмек беле..кичине чыдап койсо болмок суйуусу балага отуп кетмек
04.10.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максатка жалко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо