Адамдын мүнөзүн анын бутун көбүнчө кандай алып отуруусуна жараша да аныктоого болот. Анда, кымбаттуу окурман, төмөнкүнү окуп, өзүңүздүн мүнөзүңүздү байкап көрүңүз...
- Тизелерди бириктирип, чыканактарды белге тийгизе колдорду сандын үстүнө коюп отуруу – Уяңдык, өзүнө-өзү ишенбегендик, жашоодогу ар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга моюн бере албагандык.
- Кайчылаштырылган буттардын башын ары-бери кыймылдатып ойноктотуу – Көп нерсеге көңүлкоштук менен мамиле кылып, кол шилтеген кайдыгерлик.
- Буттарды бири-биринен алыс коюп, башты артты көздөй чалкалатып отуруу – Өтө кыялкечтик.
- Бут кийимди чечип туруп, бир буттун таманын берки буттун тизесине коюп отуруп алуу – Шамдагайлык, элпектик, спортко жөндөмдүүлүк.
- Жерге отурганда эки бут бирдей сунулуп, баштары бирикпеген абалда болсо. Буга кошумча, адам бир аз артка чалкалап же алдыга эңкейип, колдору менен жерди таянып алса – Бардык нерседеги тактыкты, тартипти сүйүүчүлүк. Таза жана тыкандык.
- Эки тизени бириктирип, буттарды параллелдүү түрдө алып, тамандар катар жайгашкан болсо – Жакшы тарбиялуулук, оор басырыктуулук, токтоо мүнөздүүлүк.
- Буттарды эч качан түз, бирдей алып отура албоо – Мүнөздүн татаалдыгы,туруксуздугу, жеңил-желпилиги.
- Кайчылаштырылган буттарды бир аз артты көздөй коюп отуруу – Өзүн дайыма тең салмакта алып жүрө алуучулук, өзүнө абдан ишенгендик. Аткарган ишинен, сүйүүдөн жана башкалардан да ырахат ала билгендик.
- Колдорду артка алып, денени бир жакка кыйшайтып же бүкчүйтүп, буттарды кайчылаштыруу. Ошону менен катар эле тынч отурбай тынымсыз кыймылда боло берүү – Бул адамдын эч нерседен коркпогон, өзүн турмуштун бардык сыноосунан өтүүгө даяр сезген эрктүүлүгү, турмуштук тажрыйбасынын молдугу.