№883 3-9-октябрь, 2019-ж.
АКШнын Миннесота штатындагы Жогорку көлүнөн 1901-жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Hudson кемеси табылды. Кеме 1888-жылы куралган болсо да, корпусу чирибей жакшы сакталган боюнча табылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, аталган кеме буудай жана зыгыр жүктөп 1901-жылы 15-сентябрда Дулут портунан чыккан. Анын катуу шамалдан улам чөгүп кеткенин бир гана адам көргөн. Бирок издөө учурунда айрым экипаж мүчөлөрүнүн жансыз денелери жана кеменин анча-мынча сыныктары гана табылган. Аталган кеменин көл үстүндө калкып турган элеси көптөргө көрүнө бергендиктен жергиликтүү калк аны “көрүмчү-кеме” деп атап алышканы айтылат маалыматтарда.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |