Партиялар парады
Парламенттик шайлоонун расмий күнү да жарыяланды. Кыргыздын кыялы ошондойбу, айтор, партияга эмес, көбүнчөсү анын башчысына көңүл бурабыз.
Көз жүгүртүңүз, өлкөдөгү ири партиялардын лидерлери назарыңыздарда.
Өмүрбек Текебаев,
“Ата Мекен” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1958-жылы 22-декабрда Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.
-
Кесиби: Физика мугалими жана юрист.
-
Үй-бүлөсү: Ата-энеси колхоздо иштеген. 5 бир тууган. Эжеси, карындашы жана 2 иниси бар. Жубайы – Айгүл, 2 уул жана 2 кыздын атасы (гезитибиздин №404-санында
«3 баласы бар» деп туура эмес берилген маалымат үчүн окурмандардан кечирим сурайбыз).
Алмазбек Атамбаев,
КСДПнын лидери
-
Өмүр баяны: Аламүдүн районунун Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда төрөлгөн.
-
Кесиби: Инженер-экономист.
-
Үй-бүлөсү: 4 бир туугандын эң кичүүсү. Жубайы – врач, бирок учурда үй кожойкеси. 6 балалуу: 3 кыз, 3 эркек. Неберелери бар.
Феликс Кулов,
“Ар-намыс” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1948-жылы 29-октябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
-
Кесиби: Юрист-укук таануучу.
-
Үй-бүлөсү: Атасы аскер кызматкери, апасы актриса болгон. 1 эжеси жана 3 иниси бар. 5 кыздын атасы. Улуусу турмушка чыкса, кенже кыздары мектепке бара элек.
Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1965-жылы 9-мартта Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
-
Кесиби: Тарыхчы жана юрист.
-
Үй-бүлөсү: Атасы мугалим, апасы үй кожойкеси болгон. 8 бир тууган: 5 кыз, 3 уул. Жубайы Агилаш – экономист. 3 уулу бар.
Темир Сариев,
“Ак шумкар” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1963-жылы 17-июнда Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн.
-
Кесиби: Экономист.
-
Үй-бүлөсү: Ата-энеси колхоздо иштешкен. 9 бир тууган: 5 кыз, 4 эркек. Жубайы Айжан англис тилинен мугалим, кызы – студент, уулу – мектеп окуучусу.
Турсунбай Бакир уулу,
“ЭрК” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Кара-Суу шаарында 1958-жылы 17-мартта туулган.
-
Кесиби: Тарыхчы.
-
Үй-бүлөсү: Атасы Бакир колхоз башкармасы, апасы үй кожойкеси болгон. 7 бир тууган: 3 эркек, 4 кыз. Ал эми өзү 3 уул жана 3 кыздын атасы. Улуусу 29га чыкса, кичүүсү 11 жашта.
Өмүрбек Бабанов,
“Республика” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Кара-Буура районунун Чымкент айылында 1970-жылы 20-майда туулган.
-
Кесиби: Айыл чарба академиясын аяктаган.
-
Үй-бүлөсү: Ата-энеси айыл чарба тармагында иштеген. 7 бир тууган: 6 кыз жана 1 эркек. Өзүнүн 3 баласы бар.
Исмаил Исаков,
“Азаттык” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Алай районунун Сопу-Коргон айылында 1950-жылы 10-июнда туулган.
-
Кесиби: Аскер кызматкери.
-
Үй-бүлөсү: Атасы согуштун ардагери, апасы мугалим болгон. 8 бир тууган: 4 кыз, 4 уул. Өзүнүн 1 уул, 1 кызы бар.
Мухтарбек Өмүракунов,
“Замандаш” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Ат-Башы районунда 1965-жылы 19-июлда төрөлгөн.
-
Кесиби: Инженер-технолог.
-
Үй-бүлөсү: Атасы Сүйүнаалы куруучу, апасы Жумабүбү тигүүчү болуп эмгектенген. 5 эркек бир тууган. 6 уулу жана 1 кызы бар.
Өмүрбек Суваналиев,
“Содружество” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1960-жылы 31-июлда Талас шаарында туулган.
-
Кесиби: Юрист-укук таануучу.
-
Үй-бүлөсү: Атасы мамлекеттик кызматтарда иштеген.10 бир тууган. Өзүнүн 1 уул жана 1 кызы бар. Экөө тең мектепке бара элек.
Азимбек Бекназаров,
“БЭК” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Аксы районунун Кара-Суу айылында 1956-жылы 5-ноябрда туулган.
-
Кесиби: Юрист.
-
Үй-бүлөсү: Атасы чабан, апасы саанчы болгон. 7 бир тууган, эки иниси кайтыш болгон. Аялы Гүлүмкан – үй кожойкеси. 3 уулу бар.
Мирослав Ниязов,
“Эл арманы” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1951-жылы 8-сентябрда Москва районунун Ак-Суу айылында төрөлгөн.
-
Кесиби: Инженер-механик.
-
Үй-бүлөсү: Ата-энеси мугалим болушкан. 3 бир тууган. Жубайы – үй кожойкеси, чоң уулу – офицер, кичүү уулу – жеке ишкер, кызы – окуучу.
Аликбек Жекшенкулов,
“Акыйкат” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: Кочкор районунда 1957-жылы 25-майда төрөлгөн.
-
Кесиби: Айыл чарба академиясын аяктаган.
-
Үй-бүлөсү: Атасы мугалим, апасы экономист болгон. 4 бир тууган. Ал эми өзү 2 уул, 2 кыздын атасы.
Эдил Байсалов,
“Айкөл эл” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1977-жылы 6-августта Бишкек шаарында туулган.
-
Кесиби: Саясат таануучу.
-
Үй-бүлөсү: Атасы айдоочу, апасы врач болуп иштеген. 3 бир тууган. Агалары жеке ишкер жана юрист болуп иштешет. Жубайы – экономист, кызы Акылай үч жарым жашта.
Садыр Жапаров,
“Ата Журт” партиясынын лидери
-
Өмүр баяны: 1968-жылы 6-декабрда Түп районунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.
-
Кесиби: Мугалим жана юрист.
-
Үй-бүлөсү: Атасы колхозчу, апасы үй кожойкеси болгон. 11 бир тууган. Өзүнүн 4 баласы бар.
Эльвира Караева
koom@super.kg