№884 10-16-октябрь, 2019-ж.
Бир топ жылдардан бери өлкөбүздө тармактык бизнеске тартылгандар көп болуп, андан жабыр тарткандардын да аягы суюлбай келет. "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова тармактык бизнеске алданып, миллион сомдон ашык карыз болуп калганын айтат.
– Гүлмира айым, тармактык бизнеске качан аралаштыңыз эле?
– Мен тармактык бизнеске 2017-жылы кесиптешим, ырчы айымдын чакыруусу менен келгем. Алардын айткандарына ишенип, 21 миң сом төлөп бизнеске киргем, артыма толтура киши жаздырткан. Компаниянын шартына ылайык, ошол акчага товар алып, сатмакпыз. Кийинчерээк банкрот болушту окшойт, командамдагылар акча төлөсө да товарлар берилбей калды. Көрсө, ал товарлар кадимки эле “Жунхай” базарында сатылат экен. Ошентип менин командамдагы товар албай калгандар "акчамды кайтарып бер" деп чыгышты. Алардын акчасын мен эмес, компания алганын түшүнгүлөрү келген жок. Акыры үстүбүздөн арыз жазышты, тергөө бөлүмүнө барып сурак берип да чыктык. Ошондон кийин мындай ишти жыйнаштыргам.
– Бирок бул тармактык бизнестен ишиңиз жүрүшпөй калганына карабай экинчи башка компанияга кирип алыптырсыз го?..
– Ооба, мен аябай ишенчээк адаммын. Мени бирөөлөр башка акчалай пирамидага чакырып, “2000 сом эле бересиң, команда чогултсаң, сага жакшы айлык берилет” дешти. Мурдагы командам жоготкон акчасын кайтарып алса деген ойдо ал жакка кирип алдым. Мага укмуш нерселерди айтышса, астымдагыларды да ишендирип жаздыра бердим. Аягы келип компаниянын иши токтоп калды. Мындан улам артыма жазылган кишилердин акчасын чыгарып берем деп жолдошум Мүзүрдүн унаасын саттырдым. Ага айтпай бир нече адамдан карыз алдым. Ошентип миллиондон ашык сомго карыз болуп калдым.
– Азыр жылдыздардын атын пайдаланып бизнес жасагандар, атактуулугун пайдаланып иштеген жылдыздар да көбөйдү. Сиз алданып калганыңызды айткандан кийин коркуткандар болдубу?
– Коркутуп-үркүткөндөр болуп жатат. Мен бирөөнүн оокатын бузгандай болбоюн деп эч кимдин атын айткан эмесмин. Болгону эл тармактык бизнеске жазылып жатканда курмандык болуп каларын билип алса дейм.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |