№884 10-16-октябрь, 2019-ж.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жаран кыйноого алынганын айтып апасы Жыпаркүл Иманкалиева президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасап, интернет желесине таратты.
– Менин баламды 29-августта Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу кармап, 5-майда Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө уурулукка кирген деп жасабаган кылмышты моюнуна илип жатышат. Уулумду жактоочусу келгенге чейин бир күн сабап, противогаз кийгизип, "кылмышты кааласаң да, каалабасаң да моюнуңа аласың" деп кыйнашыптыр.
Ал күнү балам Ысык-Көлдүн Бостери айылында достору менен тойдо отурганы, ошол күнү орозонун биринчи күнү болуп, кызым экөө ооз бекиткенинин далилдери бар. Бардык күбө, видео далилдер болсо да менин баламды ушул күнгө чейин
СИЗОдо камап турушат. "Мына чыгарабыз, ана чыгарабыз" деп коюшат, жыйынтык жок.
Алар уулумдун машинасына алтынды салып туруп, далил деп кармап жатышат. Милиция кызматкерлери ууруну эчак табышкан. Ишти жабыш үчүн менин жалгыз уулумду кармап жатышат.
Ал унаа менен мен жайында мөмө-жемиш ташып сатып жүрдүм. Эгер уурдалган алтын бар болсо, 4 ай унаама салып жүрмөк белем? Бейкүнөө баламды сабап, ден соолугуна зыян келтиришкени аз келгенсип, бир жарым айдан бери абакта кармап жатышат. Уулумдун эч күнөөсү жок, бардык далилдер бар.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, менин сыздаган үнүмдү угуп жардам беришиңизди суранам!- дейт арыздануучу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Милициялар таап акча алып же
ошончо таба албагандарына.оздоруну акташка подстава кылышы да мумкун