«КЫЗЫМ, ЭНЕҢДИ КЕЧИР!»

№884 10-16-октябрь, 2019-ж.

Тирүүлүктүн бир тозогу – өз балаңдын бөлөк үйдө өскөнү. Болгондо да каалоом менен берген эмесмин. Элдикиндей жайнаган балам деле жок. Андан бери 20 жылга чукул убакыт өттү. Ушунча жыл өткөнүнө карабай кызымды алып кеткен күн алигиче көз алдыма тартылат. Кайнагам менен абысыным келип “кызды эмчектен чыгарып берели, сен бир аз тыңып, эс ал” дешти. Ушул бойдон өз кызымды өзүм колго ала албай калам деген ой кайдан болсун? Эмчектен чыгартып алайын деп эле сөзгө муюп калгам. 10 күндөн кийин алганы бардым. Өнөрү чыгып, көзгө урунуп калган бала аларга да кызык болду көрүнөт. “Коё тур, бала жакшы жүрөт, кийинки барганда өзүбүз ала барабыз, жүрө турсун бир аз” деп жолума салышты. Келиндик ыйманбы же өзүмдүн тартынчаактыгымбы, ичимден буркан-шаркан түшүп үйгө келдим. Алардан тартынып кучактап, өөп, эркелете да алган жокмун. Кызымды сагынуу менен бир ай өттү.

Бир күнү кайнагамдар келип калышты. Аларды көргөндө кызым келди деп алгач сүйүнүп кеткем. Бирок кызыбыз жок эле өздөрү келишти. Эмне болуп кетти деп коркуп турдум. Ушунчалык ыйбаа кылганымды айт. Ооз ачып кызымды сурагандан тартынып турдум. Дасторконго отурганда кайнагам жолдошума кайрылып кеп баштады:

– Эми, Кайрат, кыз биздин үйгө, биздин колго көнүп калды. Кызды бизге бергиле, силер али жашсыңар, дагы да балалуу болосуңар. Жеңең экөөбүз кеңешип силерге келдик,- дегенин укканда жаным жанчыла түштү. Буюмду алып жаткансып өздөрү чечип койгонуна жиним келди. Үн ката алган жокмун. Күйөөм жок десе экен деп турдум, бирок ал да унчуга алган жок. Азыркы жаштар болсо атырылып эле чыкпайт беле.

– Өзүбүз эле...- дегенде жеңебиз оозунан сөзүн жулуп:

– Биз эмне бөтөн киши белек? Көзүбүздүн карегиндей карайбыз. Каалаган учуруңарда барып турасыңар. Анын үстүнө жашсыңар, иштеп оокат кылгыла, ушинтип эле үйдө жүрө берет белеңер?!

Көзүмдүн жашын көл кылып кала бердим, көз алдымда өз баламды өз колумдан тартып алышты. Бул абалымды энелер гана түшүнсө керек. Анткен менен абысыным деле эне болчу да. Өздөрүнүн балдары турса биздин жалгыз чүрпөбүзгө көз арткандарына таң калам.

Жолдошум экөөбүздүн ортобузда тынымсыз кер-мур айтышуу башталды. “Баарын сен баштагансың, обу жоктонбой эле эмизип жүрө берсең, өзү чыгат эле да” деп мени күнөөлөп келет. Уруштук-талаштык. Кызды алабыз деп көп жолу бардык. Анысы аз келгенсип ушунча жылдан бери боюмда болбой койду. Врачтарга көрүнүп, канча аракет кылсак да Кудай бизге кайрадан наристе жытын ыраа көрбөдү. Балким, балалуу болсок аны багуу менен алпурушуп калар белек?..

Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди тиктеп отуруп чай ичкен жылдар чубалып өтө берди. Ошентип кызыбыз да чоңойду. Бара-бара кайнагамдар биздин барганыбыз көбөйгөнүн айтып жаман көрө башташты. Кызыбызга бизди жууткулары келбейт. Биз тапкан-ташыганыбызды кимге коротот элек? Кайра эле кызыбызга үйрүлөбүз. Кайсы эле ата-эненин “ата-апа” дегенди уккусу келбесин... “Байке, жеңе” деп кайрылат да бизге, кайдагы ата-апа? Тарбиясы да менин купулума толбойт. Менден бөтөн өссө дагы менин боор этим менен тең эмеспи. Барганда кызыма карата туура эмес мамилени, кайсы иш болбосун тындырбай жумшагандарын көргөндө жүрөгүм тилинип кетет. Өз колумда чоңойсо эркелеп чоңойбойт беле. “Бала чоңойгондо өзү таап алат, кимде болушту өзү тандайт, кимдин баласы экенин баары бир билет” дегенибиз менен, бөтөн өскөндүкү бөтөн эле болот экен. Чоңоюп эне-атасы биз экенин билсе дагы имерилип боор тарткан жок. Мен деле балага мээрим төгүп, камкор эне болгум келет. Эч бир жакындык жок болсо эне-баладай эзилишкен бактылуу учур кайдан болсун?.. Бул боштукту айла жок каалаган нерсесин алып берүү менен толтургум келет. Азыр кызым менен болгон байланышты ушул нерсе кармап турат. Дүкөн, базар кыдырган күнү өзүмдү бүтүн сезе түшөм. Кызымдын көздөрүнөн “эмнеге мени бөтөн колго бергенсиң?” деген таарынычты окуп эле турам. Көзүмдү ала качам. Сени колго алууга күчүм жетпеди. Ыйбаа кылдым дегенимди алсыздыгым катары бааладым. Кызым, энеңди кечир!

Жүрөгүң бүтүн бойдон балаңа байланып, жашоодо эне үчүн баланын орду такыр бөлөк экен. Унутуп сала албайсың, оюңдан түртүп чыгарып коё албайсың. Ата-эне, кандай жагдай болбосун балаңарды бөтөн колдо өстүрбөгүлө. Колуңар жетпей же үнүңөр жетпей мага окшоп далай сыздайсыңар.

Жаңыл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
14.10.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайнагам да аялы торобойт.Балам азыр окуйт,жаны торогондо куйоомо баланды бизгеле берип койбойсунарбы деген имиш.Анан куйоом берип койгудай менин балам улак беле дептир.мен уйго чыгып келгенде айтып жатпайбы.Кайненем да кайнагама кошулуп алган.Мен да бизге ошентип айткыча аялын торотуп алсын да дегем.
15.10.2019. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aiymkunumjyldyzym,Оз балан боор этиндей болсо керек. Бирок сиздин айтканыныз туура эмес. Буйрубаган баланы кантип торотот.
14.10.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сиздин кайнаганыз кызык эле адам экен... Авысында гоо кеп жок,жакшылык деле кутпойбуз... Мейли кичинекейинде алсын, кийин силер балалуу болбой атканда берип койбойбу, оздорунун башка балдары бар экен го мерездер десе...Сиз катуу стресс болгонсуз, ошондон улам боюнузга буткон жок болуш керек...
14.10.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Mintip-menu-suybo,автор ото жоош окшойт ошол маалда.Анан дагы улууларга ойдо карап суйлобош керек деген тарбиянын курмандыгы болуптур.Азыр ошентип кайнага баласын алып койсунчу эмне болоор экен.
14.10.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай тан калдым кантип эле баланарды карматып койдунар, албетте ыймандуу болуш керек сыйлаш керек бирок баланар озунордуку алганга акынар бар болчу. Аябай эле конул кош кылгансынар. Чындап кызынарды жакшы корсонор жанынарда осмок.
14.10.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба илгеркилер жоош момун ыймандуу болушканда, азыр ошентип алып корсунчу,
14.10.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошон үчүн азыркы жаштар деп бизди жаман көрүп атышпайбы? Оюбузду ичибиздегини туура даана так айтып койсок жаман көрүшөт, ар бир адам өз оюн айтууга, ортого салууга акысы бар!!!
14.10.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile,Туура айтасын... Чондор акыл уйрото беришет... 80 жаштагы чон энебиз бар, келиндерге асылганы асылган... Инилеринин балдары , келиндери жаман. А синдилериники ууру, алкаш, митаам , кылмышкер болсо да мактай берет... 60 жаштагы келинден 6 жаштагы иниси ойдо отуруш керек деп тарбиялайт... 18 жаштагы келин эч качан 80 жаштагы кемпирдей боло албайт да... Алар да акылына кирет да бара бара... Оздоруно бир телефонду уйрото албай койдук... А 32жаштагы балдар тытып атат телефонду азыр..
14.10.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
32 эмес 2 жаштагы балдар демекчи элем ... Кечиресиздер.
14.10.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Автор жаш торошо 19жаштадыр эле 20жыл отсо 39 жашта экен улууларга тике карап суйлоодо эмес кеп баланды тартып алып жатса оозун ачып отурганын озундо айып бала учун эмне гана болбойбуз бербесе бер деп талашпайт беле азыркы жаштар деп коет....
19.10.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
momun74,баланын жоопкерчилигин албаган, алсыз, озун озу кордогон бир макулук экен. Баланы ойлобойлу, алып кетсе оозун ачып карап кала бербей. Мал да антпейт
14.10.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен эгиз торогогумдо балдарым ара торолуп эмчек эмбей сут мн бакканбыз анан катуу жудогом тим эле уйку жок тундор чачылган уй озум арыктап ооруканалап балдарды чонойтуп атсак абысыным бирин бер уулубузга шерик кылып багып алалы сен жашсын дагы торойсун деген ошондогу кебетем вулкан болуп кете жаздагам
14.10.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койчу ушундай кантип болсун....Силер ошончо жоош балбыраган,абысынынар ашыкча бышык неме болгон го ошол учун тартып алды да ...
14.10.2019. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ишенбедим кантип эле ушунчалык деңгээлде шөлпүк болсун адам .Жатынын жарып чыккан баласын ала албаса кантип ушунча жашка келдиңиз ботом.Азыркылар деп коет дагы тооба
14.10.2019. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апамдын бир таанышы эгиз тороптур,эгиз торогон эне эле озу бир тууганына бериптир торобойт экен эле.угуп алып озумчо журогум ооруду наристени ойлоп,озунун энесинин жылуу койнунда эместигин элестетип.апама мен эгиз эмес сегиз торосом да бермек эмесмин дедим.автор байкушту элестетип жаман болдум.бардык нерсе озунуздун эле колунузда экен эле бербейм деп туруп алсаныз эле алар талашмак эмесда наристе буюм эместа журогунуздун жарымы эле ошондо наристениз мн кетсе керек эле сабыр сизге.
14.10.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип ушундай болсун ( (Мен кызымды бермек тургайбирөөгө карматкым келбейт.
15.10.2019. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин коншубуз согуштун ардагери болчу. Балалуу болушпаганынан бир тууган иниси бир уул, бир кызын бериптир. Оздорунун андан башка да уул-кыздары бар. Ар бир бала боор этин менен тен болсо керек. Ошол боор этин кесип болгондой ооруга чыдап бир тууганы учун адамгерчиликтуу курмандыка барышыптыр. Бул эми баласыздыктын айынан аргасыз жасалган адамгерчилик. А бул кызын тартып алган абысыны таш боор экен тообо.
15.10.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр да эмне журосун дейм да бул Жака жазганды билет экенсин анан оздоруно кантип айта албайсын?!Барып алып кетем де. Озун куноолуу экенсин тобо кылдым. Окуп отуруп жинин келет.
19.10.2019. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_PeriWa_,айтпаныз, жинди гана келтирет
15.10.2019. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жооштуктун да эби бар тооба кайнага келсе ыссык чайын ичип кетсин башкага кийлигишкенге акысы жок
17.10.2019. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан,эч кимге өзүмдү,жашоомду тепселетип койбойм дейм.Бир нерсе жакпаса сразу айтам.2,3 балам болсо бермекмин балким.Бирөөнү эч качан!
18.10.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр деле кеч эместир
18.10.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоош адамдар болот мисалы Клара Алибекованын баласын убагында куйосу алып койсо унчукпай кала бермек болуш керек, бирок куйосу баласын эмес уйун каалагандай сатып жибергенда балага кызыкпаган. Бул менин жеке ойум мисал кылып жатканымго тан калгандарга ушундай болобу деп. Бул окуяда жашоодон алынса керек.
20.10.2019. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип берди экен. Мейли ыйбаа кылып сыйласын. Бирок, 9ай кыйналып тапкан балан, буюмэмес эмес да...Убагында аракет кылып алалбагандан кийин, эми мин жолу башыны ташка урсан да кызынар "болок" бойдон калат
21.10.2019. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да 45 жыл мурун ушул аялдын кебетесин кийгем.Мен анда 20 гана жашта элем.Ортого алып алып,тун бала турнаныкы.Турса сеники,турбаса жердики бер баланды,Сен жашсын тууп аласын деп оозго алгыс создор менен талашкан.Аркалык учун баланды бербей атасын деп талашкан.Мен баламды кучактап,аларга соз ката албай бербеймден башка соз айта албай ыйлап эле кучактап туруп алгам.Ала турган адамдар карып калган кишилер эле жангыз уулу бар эле.Кайнатамдын бир тууганынын баласы болуп озу да жангыз болгон экен.
21.10.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласы да жангыз болуп,шерик кылып багып алалы дешип, биздин бир туугандарды ортого салышып,чогулуп чечим чыгарып бизди чыкырган экен.Копко мени жаман коруп журушту.Жаман корушсо да балам учун мен ошол азапка чыдагам.Чынында олсом олмокмун бирок бермек эмесмин мен ото баласак энемин.Кетиребиз да дешти,кетсем деле мен баламды алып кетмекмин.Бир кана атабыз мени тымызын колдоп бирок аларга каяша бербеген.Ал учурда заман ошондой болгон эле...
Мен да таятамдын колунда оском байкем авамын колун
21.10.2019. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оскон.Биз бирибизди бирибиз жакшы коруп турсак да бир боор болсок да жакындаша албайт элек.Мына эми карыганда каташып,звандаганда кучугум,Гулум,жытоочум,жангызым десе козумо жаш тегеренет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо