17 ЖАШЫНДА 7 БАЛАЛУУ БОЛГОН КЕЛИН

№885 17-23-октябрь, 2019-жыл

Аргентинанын Леоне шаарында Памела Вильярюэль аттуу келин жашайт. Ал 17 гана жашта экенине карабай 7 балалуу болгон. Балдарынын бири эркек, алтоо кыз. Учурда ал балдарын жалгыз өзү чоңойтууда. Алгачкы баласын 14 жашында төрөгөндүгүн чет элдик басылмалар жазат. 14 жашында аны жигити колундагы баласы менен таштап кеткен. Мындан кийин ал башка бирөөгө жолугуп мамиле түзө баштайт. Кийинки кош бойлуулугунда ымыркайлары 3 эм экендиги аныкталган. Үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Памеланы экинчи түгөйү да таштап кете берген. 4 баланы багуу жалгыз бой жаш келин үчүн оорчулукка турган. Ал дагы бир жигит таап, аны менен да мамиле түзүп, натыйжада андан да боюнда болуп калган. Бул жолу да Кудай ага 3 эмди буюрган. Ошентип 3 жолку кош бойлуулуктун жыйынтыгы менен Памела 7 балалуу болгонго жетишкен. Күйөөдөн жолу болбогон жаш энени үчүнчү жигити да таштап кеткен. Бирок мамлекет жалгыз бой көп балалуу энеге жардам иретинде жөлөк пул чектеп берген. Ал азыр өзү жалгыз иштеп балдарын багат. Памеланын апасы врачтарга кайрылып кызынын жатын түтүктөрүн буудуруп салууну суранган. Бирок Аргентинада 21 жаштан өткөн аялдарга гана бул процедураны жасоого уруксат. Ал эми аны таштап кеткен 3 жигит тең жашы жете элек болгондуктан, мыйзамдуу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.

Памеланын тагдыры тууралуу угуп-билгендер ага ар түрдүү жардам көрсөтүп келишет. Коомчулукта аны жаштык менен өз тагдырына шалаакылык мамиле кылып алды деп колдогондор да бар.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
21.10.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шумдугун кур
21.10.2019. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Заман бул болсо, тууп эле атат тууп эле атат деген эле бир куудул
21.10.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Түшүнүп колдогондор да бар экен жакшы...Ишенчээк окшойт да байкуш келин...Тем более перехотный возраст маалы экен...Көзүнө сулуу жигиттер көрүнсө эле алданып кала берет экен,...сабыр берсин,бул да сыноо эне болууга даяр эмес адамга 3 эмден кыздарды бериптир Кудай,демек сыноо бул... 5-10 жыл дуба кылып бала сурагандар жүрүшпөйбү сыноо астында,..
AykaMer түзөттү 2019-10-21 11:21:14
21.10.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошондо 11 жашында эрге тийген окшойта ар жыл бирден торосо 7 жылда
21.10.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
farida.kg.1991,тушунуп окусан
21.10.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
farida.kg.1991,Жакшылап окуусан 14жашында тийиптир, анын экоо уч эмден экен 3 жылда эле 7 балалуу болуптур
21.10.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эсен чоңойтуп алса эртең эле теңдеш болуп калат балдары менен
22.10.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шириндер кичинекей балдардын баары ширин болот омурун берип эсен аман чонойтуп алсын
22.10.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш экенине карабай жакшы багыптыр .Апасы жатын тутугун буудурам дегенине караганда кыйналганго байкуш .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо