Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗДАР, ЖАСАЛМА КИРПИК КАЙДАН КЕЛЕРИН БИЛЕСИҢЕРБИ?

№885 17-23-октябрь, 2019-жыл

Илгертен адамдын жүзү дене мүчөдөгү эң сулуу бөлүк деп эсептелинет. Айымдардын жүзүнө өзгөчө кам көрүшөрү, балким, ушундан улам. 60-жылдарда кирпикти боёгон тушь каражаты өзүн сыйлаган ар бир аялзатынын сумкасында болгон. Технология өнүгүп отуруп, учурда айымдар кыялындагыдай каш, кирпикти сулуулук салондорунан 2 саатта жасатып алышчу болду. А бирок айымдар жөнөкөй гана жасалма кирпик үчүн тирүү жандыкты курмандык кылып жатышканын билишер бекен?

Норка – жапайы сүт эмүүчү жаныбар. Европалык норка Эл аралык жаратылышты коргоо уюму тарабынан жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесине киргизилген. Алар Чыгыш Европанын дарыя, өзөндөрүнүн четинде жашайт. Балык, бака, рак менен тамактанат. Эркиндикти сүйүшөт. Тилекке каршы, мода индустриясы өнүккөн сайын норкалардын эркиндиги чектелип, кооз баалуу териси үчүн курмандыкка чалынып, кырылууда.

НОРКА ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ЧЫНДЫК ЖАШЫРЫЛУУДА?

Интернет айдыңына норкадан жасалган кирпик деп суроо салсаңыз, жайнаган кооз кирпиктер чыгат. Алардын кандай жол менен алынарына кызыгып көрдүңүз беле? Келиңиз, коомчулукка ачык айтыла бербеген кыздардын көзүнө көрк кошкон норка кирпиктеринин караңгы жактарын ачып көрөлү.

Жыл сайын мода үчүн миллиондогон жаныбарлар кордолуп, өлтүрүлүүдө. Акыркы кезде норка кирпиктер сулуулук дүйнөсүндө чоң талкуу жаратып келет. Норканын жүнүнөн жасалган кирпиктер ийилчээк, жумшак, жеңил келип, аллергия жаратпагандыктан аларга суроо-талап күч.

Көпчүлүк кирпиктин норка деп аталышын жөн гана маркетинг, кардарды кызыктыруу үчүн ойлоп табылган дешет. Туура, синтетикалык материалдан жасалган жасалма кирпиктер да бар. Бирок кеп азыр кадимки норканын жүнүнөн жасалган кирпиктер тууралуу болмокчу. Австралия жана башка өлкөлөрдө өтө популярдуу болгон норка кирпиктери кадимки норканын жүнүнөн алынат. Кирпик бизнес кылган компаниялар кардарларды качырып албаш үчүн жаныбарлар эч кандай зыян тартышпайт деп ишендирип келишет. Чынында эле ошондойбу?

СУЛУУЛУКТУН КУРМАНДЫКТАРЫ

Эркиндикти сүйгөн норкаларды аң-тери фермасына кармап келип, кичинекей темир капаста кармашат. Албетте, ал жакта эркиндикте жүргөндөй тамактанып, сууда сүзө алышпайт. Табигый кирпик менен бизнес кылган компаниялар норканы сылап жүнүн түшүрүп, кирпик жасалат деп кардарларды ишендирип келишет. Чынында андай эмес. Анткени норка жапайы жаныбар болгондуктан, адамдарга оңою менен баш бербейт. Алардын терисин алуу үчүн токко урунтуп, газ менен уулантып же тирүүлөй моюнун кайрып өлтүрүшөт.

Териден жасалган кандай гана товар же башка нерсе болбосун, ал жаныбарларга аёосуз мамиле жасалганынын белгиси. ПЕТА – жаныбарлардын укугун коргоо уюму берген маалыматка караганда, норка баалуу тери же жумшак жүнү үчүн пайдаланылган жаныбарлардын эң жайылган түрү. Алар «норкаларды кичинекей капаста кармап көбөйтүп, мыкаачылык менен өлтүрүшөт. Андыктан норкадан жасалган кирпиктерди биз колдобойбуз» деп билдиришкен.

Аталган уюм норкалар кыздардын узун кирпиктери үчүн курмандык болуп жатканын жана бул нерсени токтотуу керектигин эскертет. Кирпик үчүн жаныбарларды кыйнабай, анын ордуна синтетикалык материалдан жасалган жасалма кирпикти колдонсо болорун сунушташат.

«НОРКАНЫН ЖҮНДӨРҮН КЫРЫП АЛЫП ӨЛТҮРҮШӨТ»

Зузана Секели аттуу визажист, ишкер бизнесин баштаар алдында бул чөйрөнү аябай кылдаттык менен иликтегенин айтат.

– Мен саткан товарым үчүн жоопкермин, андыктан товар үчүн жаныбарлар кордолбош керек деген позициям бар. Мен саткан кирпиктер ишенимдүү болушу үчүн кирпик жеткирүүчүлөргө конкреттүү суроо менен кайрылдым. «Норкалар эркин жүрүшү үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Жүндөрүн аларды кордобой кантип аласыздар? Бизге фермадан сүрөт, видео жөнөтө аласыздарбы?» деп баарына кайрылдым. Баары бир ооздон «норканы кыйнабай акырын сылап-тарап, анан жүндөрүн алабыз» деп жооп беришти. А бирок далил катары бирөөсү да сүрөт же видеосун жөнөтө алышкан жок,- дейт.

Америкада уюшулган ПЕТА уюмунун активисти Эшли Фруно «аң-тери экспорт кылуу боюнча алдыңкы сапта Кытай турат. Кытайда жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылганы үчүн эч кандай айып пул каралган эмес.

Норка кирпиктерди алуу үчүн жапайы жаныбардын жүнүн кырып алышат да, көбүнесе газ толтурулган камерага киргизип ууландырып өлтүрүшөт. Андыктан норкадан жасалган кирпиктерди сатканды токтоткула» деген.

Ал эми австралиялык Жаныбарларды коргоо коомунун илимий, саясий бөлүмүнүн жетекчиси Бидда Жонс «норка кирпиктерге элден суроо-талап боло берсе, соода жүрө берет. Жаныбарлар кордоло берет» деген.

«Groupon» компаниясы норка кирпиктерине акция жарыялап, байма-бай арзандатуу кылып келет. Мындай арзандатууга жаныбарларды коргоо үчүн күрөшкөн активисттер каршы чыгып, атайын петиция да чогултушкан.

Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
21.10.2019. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Байкуш жаныбардын жүнүнөн кирпик тагынгандан көрө Кудай берген кирпикте жүргөнүм миң мертебе жакшы...
21.10.2019. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарына тиги дуйнодон жооп беребиз да :(
21.10.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул макаланы жазган кыздын козундо жасалма кирпик жокпу деги...
22.10.2019. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Tiken, жок, кыжаалат болбоңуз).
23.10.2019. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжамал Абылкасымова, ;-)
21.10.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Норка шубаларчы,баш кийимдери! Терисин алыш учун онор норканы курбан кылатко кирпикегоо бир эле норкадан онор кирпик чыкса керек
21.10.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактап кирпик такпаган экем)))Болбосо өзүмдү жаман сезмекмин.
Жасалма экени көрүнүп турбайбы ал кирпиктердин.Кызыкчу нерсе эмес бир сөз мн
21.10.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адамдан өткөн мыкаачы жок ((
22.10.2019. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кирпикти улам улай берүү зыян аны жашырып айтышбайт да
22.10.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий озу мыкаачы болуп баратабыз кайтаар дуйно деп койчу эле Алла сактасын эми.
22.10.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Норка шуба деп суусап жетишет мен деги кызыкпадымда
22.10.2019. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай өкүнүчтүү
23.10.2019. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шубасыз, кирпиксиз эле журо берейинчи.....
24.10.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А.Кадырбекова главный болсо керек,норканын жунунон жасалма кирпик тагуу боюнча
24.10.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздеги салондордо норканын жүнү жок болсо керек ,анда назик жылмакай көрүнүш керек эле.Инкубатордой болуп чыгып атышпайбы кирпигин калактай кылып биздин кыздар.
25.10.2019. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,олтурдунузго,
25.10.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообаа, кирпик коюп озун кыйнаганы аз келгенсип кайдан келип жаткан кирпик деп кызыкпаган кыздарыбыз, эээээхххх, акыретте кантебиииз!??
25.10.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кирпиктен сырткары норка шапка,шуба,желеттер бар. Байкуш жаныбарларды жашата койбой ошентип кырып кийим,кирпик жасап олуп баратат адамзаты озу экологоияны,жаратылышты бузуп. Эмне кереги бар норка кирпик жармаштырып, норка,шиншилла,тулку,песец-месец дагы башкалардын терисинен кийим кийип. Жон эле кебезден пальто кийсек тээрибизге жармашып калабы? Адамдын терисинен кийим мода болсо, адамзаты озун -озу кырып жок кылат мындай кетиште.
26.10.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ооба,ал деле туура. Аламдан откон мыкаачы жок негизи. Бирок , это жеп атабыз го унчукпай эле. Байкуш ушул малдар да жашасын деген киши жок. Булар деле ошол норкадай эле жандыктар да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо