ОШТО МИЛИЦИЯ КРИМТӨБӨЛ КАДЫРБЕК ДОСОНОВДУ КАРМАП, КАЙРА КОЁ БЕРДИ

№885 17-23-октябрь, 2019-жыл

Ошто 15-октябрда "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов бара жаткан унаа жол эрежесин бузуп, жол кыймылын тескөөчү инспекторлор тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 15-октябрда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери мамлекеттик номуру жок бара жаткан Мерседес унаасын тосушкан. Бирок унаанын айдоочусу токтогон эмес. Артынан кууп барган кызматкерлер унаада Кадырбек Досонов бар экенин көрүшкөн.

“Унааны Р.А. аттуу адам айдап бараткан. Айдоочунун жанында травматикалык тапанча болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми айдоочуда мамлекеттик номурдун жоктугу, жол кыймылынын кызматкерлерине баш ийбегендиги жана курду такпагандыгы үчүн 3 протокол түзүлүп, айып пул салынды. Андан соң алар коё берилди",- деп билдиришти ОИИББинин басма сөз кызматынан.

Бул окуядан бир нече күн мурун Ошто "Женгонун" оң колу делген "Казак" лакап аты менен таанымал Эрнис Казаков кармалган. Ал бирөөнү учтуу буюм менен сайды деп шектелүүдө, кийинчерээк анын үстүнөн 16 жаштагы кызды зордуктаган деп да арыз түшкөн.

Кадырбек Досонов 2015-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталып кармалган. 2017-жылы Жогорку Сот аны толук актаган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо