Дайыр Исмадияров: «КЫЗДЫ КУТКАРАМ ДЕП ӨЗҮМДҮ МАШИНА УРУП КЕТТИ»

№406 13-19-август, 2010-ж.

Биздин бүгүнкү конок апасынын эрке баласы, кара көздүү кыздардын агасы болгон ырчы Дайыр Исмадияров. Бул жигит бирде “тутанбас сүйүү” деп кайгырса, бирде “студенттик күндөрүн” сагынып ырдап жүрөт. Шайыр мүнөз Дайырдын маегине орун берели.

Толук аты-жөнү – Исмадияров Дайыр Эсенбаевич
Туулган жылы – 1986-жыл, 16-июль
Жылдыз белгиси –
Бөйөн
Бою – 175 см
Салмагы –
69 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 40
Фобиясы – Жылан
Жактырган тамагы – Шишкебек

– Ырчыларды маектешүүгө чакырсак эле, продюсериңер менен жетелешип келип каласыңар. Ар бир сөзүңдү текшереби?
– Жок, мен өзүмдүн оюмду айтам. Канат экөөбүздүн оюбуз бир чыгат.
– Чыгармачылыкта эмне жаңылыктар болууда?
– Буюрса, Питерге чыгармачылык сапар менен аттанганы турам. 14-августта барып, 17-августта келип калам.
– Анда орозо кармабайт турбайсыңбы?
– Түшүмдө орозо кармай албай калат экем деп бушайман болуп жатып, ойгонуп кеттим. Негизи, мен 6-класстан 11-класска чейин апама кошулуп орозо кармачумун. Студент кезде кармабай калдым. Себеби студенттер ансыз деле орозодо жүрүшөт да.
– Жакында туулган күнүң болду. Мү­чөл жашыңды кандай тосуп алдың?
– Чоңойгон сайын ызы-чууну каалабай баратам. Ошон үчүн Көлгө досторум менен кетип калгам. Ал жакта мен, анан бир төө жылдыз болдук. Кыздар бир мени менен сүрөткө түшүп, анан төө менен сүрөткө түшүп... Төөсү бар байке “төө менен сүрөткө түшөсүңөрбү?” десе, кыздар “жок, Дайыр менен сүрөткө тартып коюңуз” дешет. Бир маалда эле шалдырап, башым айланып жаман болдум, көрсө, кирине кирип кетиптир. Ошонун айынан күндүзү сыртка чыкпай, түнкүсүн бассейнге жана көлгө түшүп жаттым.
– Сууда сүзгөндү жакшы билет окшой­суң?
– Ооба, Өзгөндүн Жазы дарыясына чумкуп сүзүп жүрүп эле үйрөнүп алгам. Бош убактым боло калса, бассейнге шашам.
– Ырым-жырымдарга катуу ишенет турбайсыңбы?
– Мага тез-тез көз тиет. Бир эле жолу сахнага чыксам, кирине кирип, көңүлүм жаман болуп кетет. Ошондуктан дайыма тумар тагынып жүрөм. Ырым-жырымдарды кээде колдонуп коюш керек, пайдасы күч. Көз мончок мага түтпөйт, дароо эле үзүп алам. Бир жолу автокырсыкка учурагандан бери машинамды аста айдап калдым. Ошондуктан ырым-жырымдарга көңүл бурам.
– Автокырсыкка учурагам дебедиңби, катуу жаракат алган жок белең?
– Жок, биринчи жолкусунда катуу ылдамдыкта келатып, эки машина менен кагышып кеткем. Кудай жалгап, эч бирибиз жаракат алган жокпуз. Бирок машиналар жарактан чыккан. Экинчиси “Тутанбас сүйүү” ырыма клип тартып жатканда болду. Клипте каарман кызды машина уруп кетип, мен чуркап барышым керек эле. Ошол кызга жолдон чуркап өтүп баратканда мени машина коюп кетпеспи. Бактыма жараша, катуу жаракат алган жокмун. Болгону, колум бир аз ооруксунуп калыптыр. Клипте кызды көтөрүп бараткан жеринде колумдун ооруганынан бети-башымды тырыштырган жери байкалат.
– Ошон үчүн тумарды түшүрбөйт турбайсыңбы. Дайыр, шайлоо жакындап калды. Кайсы партияда ырдайын деп ойлонуп турасың?
– Мен саясатка таптакыр кызыкпайм. Азырынча кайсы партияга ырдаарым чечиле элек. Бирок 2-3 партиядан сунуштар түшүүдө. Алдыңкы эки партиянын ортосунда ойлонуп турам. Бирөөсүнө ырдап берем го.
– Акыркы кездерде кара көздөрдүн карегинен айланып ырдап калдың, күйөрман кыздар көп болсо керек?
– Күйөрмандарыма сүйүнөм. Интернетке кээде кирип калсам, ал жактан таанышкан кыздардан көп каттар келет. Алардын көңүлү калбасын деп жооп жазам. Кээлери мен жооп бергиче “а-а, сен жылдызсың да” деп таарынып баштайт. Чыдамы жок кыздарды жаман көрөм.
Жаш күйөрман кыздар бар деп жүрсөм, улгайган агалар, эжелер да менин күйөрмандарым экен. Көл жээгинде отурсам, улуу эле байке келип, “сен “Кара көзүмдү” ырдаган Дайырсыңбы?” дейт. Телефонунда ырым бар экен, коюп берди. Менин чыгармачылыгымды баалагандарга рахмат.
– Ырчы болгуча кандай иштерде иштедиң жана ырчылыкты өмүр бою алып кетесиңби?
– Студент кезде балдарга тапшырмаларды аткарып берип акча тапчумун. Орусияда эжем иштегендиктен, жайкы-кышкы эс алууда ал жакка барып, базарда иштеп келчүмүн. Азыр соода тармагында чакан бизнесим бар. Кытайга каттайм. Келечекте чоң бизнесмен болуп, ырчылык менен ишкерликти ала жүрөм деген тилектемин.
– Кытайга каттасаң, окуу жайда мугалим да болуп жүрдүң. Баарына кантип жетишесиң?
– Өзүмдүн кесибим психолог. Бир окуу жайда бир жылдай социологиядан сабак бердим. Анын арасында гастролго чыгып жүрүп, иштегендей деле болгон жокмун. Эки жумушту бирдей алып кетүү кыйын экен. Айрыкча мугалимдик кесип ары түйшүктүү, ары ардактуу болорун ошондо билдим. Азыр окутуучу эмесмин.
– Мугалимдериңдин кадырына жетипсиң да анда.
– Окуучулук кезде тентек деле эмес болчумун. Себеби үйдө тарбия катуу. Апам жадакалса эжемдерди кур менен сабачу. Чоңдорду урушуп жатканда эле мен момоюп калчумун. Орусчаны класста мен эле жакшы билет элем. Агай доскага балдарды чыгарып, “оң кулагыңды көрсөт” десе, кээ бир классташтарым сол кулагын көрсөтүшөр эле.
– Апрелде концерт берем деп жүрдүң эле. Концертиң тоскоолдукка учурагандыр?
– Мен чыгармачыл сапар менен ар облусту кыдырып жүргөм. Апрель окуясында Ошто элем. Кайгылуу окуя болуп жатканына карабай концерт койдум. Анча-мынча концерттерге караганда жогорку деңгээлде өттү. Эл келип берди. Көпчүлүк кайгы-кападан жапа чегип турганда, аз да болсо элге жылуу сезим тартууладык деп ойлойм.
– Эл-журт арасында гана эмес, ырчылар арасында да түндүк-түштүк болуп бөлүнөт дешет...
– Негизи, мен ырчылар менен өтө жакшы мамиледе эмесмин. Өзүмдүн чегим бар, андан чыкпайм. Кайсы бир ырчы менен абдан жакын дос болуп кете албайм. Кээ бирлерин тааныбайм дагы. Ар бир адамдын көз карашы ар кандай. Билбейм, бир ай бирөө менен гастролго чыксаң гана жакын дос болуп калышың мүмкүн. Түндүк-түштүк маселеси ырчылар арасында бар. Көп эле жерде байкалат. Бирок мен бөлүнбөйм жана бөлбөйм дагы, баарына тегиз карайм.
– “Рейтингим түшүп калат экен” деп ырчылар сүйгөнүн айтышпайт” деп калышат...
– Андай нерсе менде жок. Акырындык менен баарына жетишем. Мен заматта эле атактуулукка атып чыгам деген ойдо эмесмин. Барган сайын тажрыйба топтоп келатам. Сүйгөн кызым жок. Болгону, бир кыз менен 5 ай сүйлөшкөм.
– Биздин медиа-порталга жүктөлгөн ырларың, клипте­риңе форумчулардан көп сын айтылат. Арасында “Дайырдын таптакыр үнү жок” дегендери да бар. Чычалайсыңбы?
– Мен сынды угуп-биле алам. Анча-мынча сынга өтө берилип кетип, аны оңдогонго аракеттенем. Кээ бирлери көрө албастыктан ошентип айтылгандай сезилет.
– Бир жолу сенден “эмне үчүн Нарынга концерт койдуң?” деп сурашса, сен “анткени апам Нарындын кызы” депсиң, апаңды тааныйм. Роза эже Большевик айылынан эле.
– Ал маалымат таптакыр туура эмес. Мен "шок" болуп калдым. Апам окуп алып, оозу ачылып калыптыр. Менимче, алар мени туура эмес түшүнүп алышкан окшойт. Дагы бир нерсе “Дайыр үйлөнгөндө апасы ыйлаган” деп жазышыптыр. Мен түшүмдү айткан элем. Апам “качан, кайдан үйлөндүң?” деп такалады. Негизи, андайда продюсерим Канат текшерип турчу, ал учурда карабай калыптыр.
– Ата-энең, бир тууган­дарың сени менен сыймыктанышса керек...
– Ата-энем ыйык адамдарым. Апам эрктүү аял. Кээде жаман ойлор келгенде апамды жоготуп алуудан корком. Анын кечке эле тойго бара бергени жакпайт. Атам 74 жашта. Эсенбайдын баласымын десем, баары таанышат. Түпкү тегибиз Кара-Кулжанын Карагуз айылынан. Кийинчерээк ата-энем Өзгөн шаарына келип жашап калышкан экен. 90-жылкы Ош окуясында үйүбүз тонолуп, Мырзакеге көчүп келгенбиз. Төрт бир тууганмын. Менден улуу байкем бар. Эки эжем Бишкекте турушат. Алар менен абдан жакынмын. Экөө апамдын кулагы, көзү деп койсом болот. Себеби менин баскан-турганымды көзөмөлдөп, апама жеткиришет.
– Өзгөндүк эмессиңби, күрүч эккенди билесиңби, палоо баскындычы?
– Палоону жакшы жейм, бирок жасай албайм. Күрүч эккенди билбейм, шалы отогонду, оргонду жакшы билем.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(15)
14.08.2010. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konsertindi iigiliktuu otkorup al saga akjol.talantyn tashkyndai bersin.Azamat!!!
14.08.2010. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!ар дайым кыргызымдын жылдызы болуп,ар дайым ата энендин алтындай балдарынын бири болуп конулун кокко жеткизип журо бер!АЛДЫНА АК ЖОЛ!КЕЛЕЧЕГИНЕ КЕН ПЕЙИЛ!ИШТЕРИНЕ ИЙГИЛИК!
14.08.2010. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sen bashka yrchylardy emes, men seni taanybayt ekem
15.08.2010. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оппоо Дайыр жон эле койбопсун да...
озуну озун эптесенчи сени ким коро албайт экен....?
15.08.2010. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр жакшы эле ырдайт, кээ бир адамдар ойлонбой туруп эле, "УНУ ЖОК ЭКЕН" деп, жаза беришет. Азамат, Дайырдай ырчыларыбыз коп болсун!
16.08.2010. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо Дайырафашка озун чо эле красавчик болуп тушуптурсун го! Алдыдагы концертинди ийигиликтуу откоруп ал коро албастыктар суйлой беришет. Азаматсын. менден баарына Салам деп Салтафашка
16.08.2010. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ata-enesin siylay bilgendigi jakty. iygilik!!!
18.08.2010. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Акырындык менен баарына жетишем."МЫНА УШУЛ ОЮУН ЖАКТЫ!АЗАМАТ!
18.08.2010. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes
18.08.2010. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр, сен озун акылдуу эле баласын, жакшы ырдайсын, коп ырларын мага жагат. Ойлонуп корсон жакшы болмок, болбогон эле бир тумар сени балекеттен сактаса, анда башка атактуу ырчылар 99 тумар тагынмак,кирене кирбесин деп
19.08.2010. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр ырчы катары кандай экенин айта албайм, бирок мактанчак экени интервьюда даана билинген экен. Класста мен эле орус тилин мыкты билчим дейт,омой классташтарын таарынат го, кантип ошондой болсун. Болгон кундо да жашырып эле койсон болмок. Эн жакшы сапаттарын санап калбай баратса дагы.
19.08.2010. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир создон кынтык таппай жон эле окуп койгула оз оюун айтып койду да.
20.08.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр ушунча да мактанасынбы? Аябай жасалма анан опко бала jrijqcey созуно караганда. Эми ал озундун ишин дечи бирок менин айтаарым "Озунду эр ойлосон, бироону шер ойло " дейт. Ушуну унутпа!
20.08.2010. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
опко бала экенсин
28.09.2010. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуп келе жаткан баланы сындай бербегилечи! Деги которгондун ордуна жамандай беребиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо