ГҮЛНУР АСАНОВА МЕНЕН АЙЗАДА ЖАМГЫРЧИЕВАНЫН ОРТОСУН КАРА МЫШЫК АРАЛАДЫБЫ?

№885 17-23-октябрь, 2019-жыл

Жакында Европа өлкөлөрүндө чыгармачылык кечесин өткөрүп келген ырчы Гүлнур Асанова Инстаграм баракчасында алпаруучуларды "салттуу ырларды бузуп ырдап жатышат" деп сындады.

– Мен бүгүн айласыздан айтууну чечтим. Баягы эле бетке айткан жаным, кайра эле жаман көрүнөт экенмин. Бирок мейли. Аттарын айтпай эле коёюн, анча-мынча алпаруучулар, ырдап жатасыздар. Аныңар жакшы, ар тараптуу болгуңуздар келет. Аны колдойм. Бирок ырдаардан мурун обонду туура жаттап, бузбай жакшы ырдасаңыздар. Бир журналисттин ырдаганын көрдүм. Ушуну менен 3-ырды бузуп ырдап жатасыз. Айрыкча салттуу музыкадагы кулакка сиңип калган ырларды ырдаардан мурун бир тарыхына кайрылып коюңуз, сураныч...

Болбосо мен бир мааракеге чыгып, ойду-тоону сүйлөп алып баргандай көрүнүш болуп жатат. Мен азырынча алпаруучулукка аттана элекмин, билем да өзүмдүн деңгээлимди. Ар бир кесиптин майын чыгарып, профессионалдык көз караш менен карасак жакшы болмок. Элдин да кулагын бузбайт элек. Рахмат, туура кабыл аларсыз...

Анын билдирүүсүнүн астына колдонуучулар Нурзат Токтосунова, Назира Кадыева, Айзада Жамгырчиеванын аттарын аташкан. Ошондон кийин эле Айзада Жамгырчиева социалдык баракчасына “Айланайындар, кыйын экенсиңер, бетиме келип айткылачы... Же “раз на раз” чыгалы” деп тамаша-чыны аралаш билдирүү калтырып, талкууга жем таштады.

Гүлнур Асановага билдирүүсү тууралуу кайрылганыбызда, ал:

– Фольклордук ырдын түп нускасы болот эмеспи. Кыргыз улуттук консерваторияда “Фонотека” деген жер бар. Ал жакта илгерки ырлардын түп нускасы сакталган. Сөзсүз түрдө ошол жакка барып ырдын түп нускасын угуп, ошого жеткирип ырдаганда гана элге чыгарам. Бирөөдөн угуп алып ырдай бербейм. Бизге мугалимдер “фольклордук ырларды бузбай, түп нускасындай кылып аткарып кийинки муунга жеткирүү силердин милдетиңер. Өсүп келаткан муун да бузбай кийинки муунга жеткириши шарт. Эгер силер бузсаңар, андан ары ыр бузулат” деп үйрөтүшкөн. Мен окууну бүткөнүмө 7 жыл болсо, ошондон бери бузулган ырларды далай уктум. Ушул нерсеге капа болуп жүргөм. Убагы эми келген экен, оюмду социалдык тармактагы баракчама жаздым. Негизгиси, максатым ишке ашып, сөздөрүм дарегине жетти. Мен бул билдирүү менен бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирейин деген эмесмин. Болгону, кийинкиде эске алса деген ойдо жаздым,- деди.

Ал эми Айзада Жамгырчиева: – Мен билдирүүнү мага комментарий жазгандарга карата жазгам. Баары Гүлнур эжеге тийиштүү деп ойлошуптур. Кайрылуумдун ага тиешеси жок. Мен жаңы ыр жаздыра элекмин,- деген пикирин айтты.

Окуянын эртеси Гүлнур “Түшүнүштүк. Мындан ары туура ырдайт” деп кыска билдирүү калтырса, Айзада комментарий жазгандарга тиешелүү деген билдирүүсүн өчүрүп салды.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
21.10.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ий ушул Гулнур куйгузотда бироолорго асылганды эле жакшы билет
21.10.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнурда озу кыйраткан ыр барбы?
21.10.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Албетте Гулнурдун кыйраткан ыры жок. Бирок ырдоо жагынан таланты бар. Чымчык сойсо да касапчы сойсун дендей ар ким өз кесибин мыкты аткарыш керек. Азыр эски ырларды жанылагандар толуп кетти. Бузуп ырдаганы жеткире ырдаганы дагы бар.
Mamiev түзөттү 2019-10-21 11:04:22
21.10.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Гулнур Асанова кыйраткан ыры жок керек
болсо Эл жакшы тааныбайт Гулнурду.Айзада Жамгырчиевадай болуп алсынчы.
22.10.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
farida.kg.1991,наоборот эмеспи
21.10.2019. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Колунан келишинче ырдай беришсин,Эл озуно жакканын ьандап алат.Кааласа эскисин кааласа жанысын угат
21.10.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гүлнур элдик ырлардын аткаруучусу ал ыр чыгарбайт да достор.Ал эми Жамгырчиева болсо телеалыпбаруучу ,бир ырын уктум эле чындыгында жакшы ырдай албаптыр.
21.10.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Гулнурду баалачу элем, акыркы убактарда чырга жакын болуп бара жаткан жокпу?
21.10.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзада айгырын минип чыга калган го жекме жек деп)).
21.10.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул айзада деген,баягы мащинесин айгырым депалган немеби??
21.10.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чындыкты айтыптыр Гулнур. Ыр жаза албаган адам ыр жазбай койгону менен поезияга чон салым кошот деп айтып кетишкен го. Ошо сынары жакшы ырды озундой ырдай албаса бузбай эле коюшса. Гулнурду ырдай албайт деп жазгандар интернеттен издеп анын аткаруусундагы ырларды угуп туруп анан оюнарды жазсанар ашыкча болмок эмес.
26.10.2019. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmanai,+++++++
22.10.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Гулнур туура айтыптыр. Азыркы ырчылар ыр калбай калгансып башкалардын ырларын ырдап чыгып жатышат бекер тамакка келгенсип. Ошондо да эптеп ырдай албай ырды бузуп конул айнытышат...
22.10.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулнур туура айтат. Нурзат ырдабайт го. Назира жакшы ырдайт, ырдай берсин. Бирок, Айзаданын ырдаганын кордум,алып баруучулукту эле алып барса сонун болчуудай
22.10.2019. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Гулнур талантттуу
24.10.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туурада журналисти деле ырчы, актрисасы деле ырчы болушту,акча деп эле ар Ким Оз орлунда болуш кк!
24.10.2019. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзүнө эле Айтса болмок
25.10.2019. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат Гулнур. Эптеп эле ырдап чыккан "ырчылар" кобойду. Ырдаса мейли бирок чынында ырды бузбай ырдашса жакшы болмок. Азаматсын Гулнур, туура "замечание" берип жатасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо