Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Съездбек Искеналиевдин кызы Даткайым: «ПАПАМДЫ “НОЙМАЛЬНЫЙ БОЛЧУ” ДЕП УЙУШАМ”

№407 20-26-август, 2010-ж.

Бала тили бал

Бүгүнкү биздин кичинекей мейман - Съездбек Искеналиевдин кызы Даткайым. Даткайым октябрда үчкө чыгат. "Р" тамгасына тили келбей "й" менен айткан сөздөрүнүн шириндигине күбө болуңуз.

– Атың ким?
– Даткайым, папам-мамам Дату дешет. Анан мен пинцессамын.
– Сен сулуу кыз турбайсыңбы, анда?
– Сулуумун. Бетиме жайа чыкты, мен ыйладым. Дивандан секийип түшүп, оозум канады. (Съездбек машинага түшүп кетсе) Ой, папам мага "намбо" (шоколад) алып келгени кеттиби?
– Ооба да. "Намбону" сага ким көп сатып берет?
– Папам "намбо", мамам көйнөк, чачка таккыч алып келет.
– Сага окшогон кыздар жакшы ырдашат го. Сен ырдаганды билесиңби?
– Мама любит "намбо", папа любит "намбо", Даткайым любит "намбо". Бул ыйды өзүм үйөнгөм. Дагы ыйдайынбы?

Зыяным жок эч кимге,
Тостокой көз бакамын.
Таш ыйгытат тентектей,
Мен ошого капамын.
На-на-на, ква-ква.

– Ой, азамат, жакшы ырдайт экенсиң. Ырчыларды тааныйсыңбы?
– Ильяз Андаштын ыйын жакшы көйөм.
– Кимге окшошсуң?
– Үйдөн жоолук салынам. Мен Неля апама (ырчы) окшошмун.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Вйач (врач) болом. Балдайга ийне саям.
– Мамаңа жардам бересиңби?
– Ооба, гүлдөйгө суу куям, боосок жасайм, төшөк жыйнайм. Мамама кичинекей ляличка алып кел дегем. Ал макул деген. Алып келсе мойеки (колундагы) сок менен "намбону" бейем. Папама жиним келгенде “ноймальный болчу” деп уйушам.
– Жомок билесиңби?
– Эчки балдайына чай, "намбо" алып келем деп кетет да. Мага кызыл мультик жагат. Анда мөө, му-у, кой, чу-чу бай. Алай чуйкашат.
(Ошол учурда атасы келип, сөзгө аралашты)
– Кана, Дату, айтып койчу, чай ичкенден кийин эмне деп бата кыласың?
– Папам, мамам, апам, таенем, таякем, Боку эжем, Сезим баайыбыз аман бололу, оомийин!
– Дату, сен акылдуу кыз турбайсыңбы. Айтып бергендериңди гезитке жазайын, макулбу?
– Макул.

Сүйүн Кулматова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(2)
26.08.2010. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai shirin kyz eken. obup alsan betinen!
20.02.2011. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурун берсин балдарыбыздын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо