№886 24-30-октябрь, 2019-жыл
Бишкекте 27-28-октябрь күндөрү кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Мелдеште жалпы 7 медалдар топтому ойнотулат. Чемпиондукта 12 өлкөдөн келген балбандар күч сынашат.
Мелдеш Эл аралык кыргыз күрөш федерациясынын эрежеси менен өткөрүлөт. Чемпиондукту өткөрүүгө улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 1 жарым миллион сомго жакын акча бөлүнгөнү маалым болду.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |